Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Чили: Зилзала курмандыктарынын саны 70тен ашты


Чили: Телесур ТВсы өлкө президенти Мишел Бачле журналисттерге зилзала кесепеттери тууралуу сүйлөп жатканын көрсөтүүдө. 27-февраль, 2010-жыл.
Чили: Телесур ТВсы өлкө президенти Мишел Бачле журналисттерге зилзала кесепеттери тууралуу сүйлөп жатканын көрсөтүүдө. 27-февраль, 2010-жыл.

Чилиде катуу жер титирөө болуп, азырынча 70тен ашуун кишинин каза тапканы маалымдалууда. Күчү 8,8 баллга жеткен силкинүүнүн очогу өлкөнүн экинчи ири шаары Консепсьондон 100 чакырым алыстыкта орун алган.

Эң алгачкы маалыматтарга ылайык, зилзаладан имараттар курап, телефон байланышы үзүлүп калды. Курман болгондордун санын аныктоо азырынча кыйын болууда. Чилинин президенти Мишел Бачле элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды.

Жер титирөө эртең менен эрте болду. Силкинүүдөн үйлөр кыйрап, үрөйү учкан адамдар көчөлөргө кача башташты. Өкмөт азырынча 80ге жакын кишинин өлгөнүн маалымдады. Бирок курмандыктардын саны өсүшү күтүлүүдө.

Президент Мишел Бачле өлкөдө чукул абал жарыялады:

- Жолдордун, бейтапканалардын, инфраструктуранын, турак жайлардын абалы, зилзала келтирген зыян тууралуу маалымат чогултуп жатабыз. Албетте, каза тапкандар жана жарадар болгондор тууралуу кабар алууга аракеттенүүдөбүз.

Чилинин мамлекеттик сыналгысы кулаган имараттарды, жаңы эле ойгонуп, эч нерсе түшүнбөгөн адамдардын урандылар арасында чуркап жүрүшкөнүн көргөздү.

Темуко шаарындагы ооруканалардын бирин эвакуациялоого туура келди:

- Темуконун облустук ооруканасы жайгашкан имарат олуттуу жабыркады. Бейтаптар көчүрүлүп жатат, алардын көбү оор абалда. Ансыз да ооруп жаткан элдердин үстүнө айнек, шыйпырдын сыныктары, медициналык жабдыктар түшүп жатты, - деп кабарлады жергиликтүү журналист.

Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Консепсьон шаарынын калкынын саны 670 миң кишиден ашат.
Зилзала бир катар шаарларда, анын ичинде баш калаа Сантьягодо да сезилди. Ал жерде кан жолдогу көпүрө кулап, эларалык аэропорт жабыркады.

Тынч океанындагы цунами борбору Чилиден башка аймактагы бир катар өлкөлөрдү цунами коркунучу жөнүндө эскертти.

Чилиде жер титирөөлөр көп болот. 1960-жылы күчү 9 жарым баллга жеткен зилзаладан Валдивия шаары кыйрап, 1 миң 655 кишинин өмүрү кыйылган. Анда да силкинүү цунамиге алып келген.

XS
SM
MD
LG