Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Таиландда жаңы шайлоону талап кылышууда


"Кызыл көйнөкчөндөр" армиянын премьер-министр кирип алган базасын көздөй мотоцикл менен барышты.
"Кызыл көйнөкчөндөр" армиянын премьер-министр кирип алган базасын көздөй мотоцикл менен барышты.

Таиландда үч күндөн бери он миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өтүп жатат. Алар өкмөт парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялашын талап кылышууда. Бирок Таиланддын премьер-министри кечээ бул талапты аткаруудан баш тартты.

Башкаала Бангкокто 100 миңдей адам жыйналган демонстрацияны "Демократия үчүн жана диктатурага каршы бириккен фронт" деп аталган кыймыл уюштууда. Эл арасында “кызыл көйнөкчөндөр” деп аталып калган бул кыймыл мурдагы премьер-министр Таксин Чинаватраны жактайт. Ал бийликтен 2006-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу кулатылган. Кийинчерээк кызматынан кыянат пайдаланган деген жүйөө менен эки жылга сырттан соттолгон. Учурда өз эрки менен сүргүндө Бириккен Араб Эмираттарында жашайт.

Соңку күндөрү Бангкокто чогулган демонстранттардын лидерлери Абхисит Ветчачива баштаган азыркы өкмөт бийликке мыйзамсыз келген деп эсептешет. Анткени Таксин Чинаватра бийликтен кулатылгандан кийин куралган эки өкмөт сот чечими таратылган болчу. Таксин Чинаватранын өзү 14-мартта жактоочуларына көргөзүлгөн видеокайрылуусунда алардын аракети Таиландга демократия алып келип жатканын белгилеген.

Бангкоктон түшкөн кабарларга караганда, демонстранттардын көбү башкалаага унаанын ар кайсы түрү, анын ичинде кайыктар менен да айыл жерлеринен келишти. Алардын жоон тобу кечээ премьер-министр Абхисит Ветчачива соңку күндөрү кирип алган, армиянын жакшы кайтарылган кеңсесине чейин жүрүш жасап барышты. Демонстранттар парламент 15-март түшкө чейин таратылсын деген ультиматум коюшкан эле. Бирок өкмөт башчы улуттук теледен сүйлөгөн сөзүндө бул талапты аткарыша албай турганын белгиледи:

- Демонстранттар парламент түшкө чейин таратылса, нааразылык акциясы токтотуларын айтып жатышат. Муну биз жасай албайбыз. Коалициядагылардын баары ушундай турумда.

Таиланд мыйзамдары боюнча парламент таратылса, өкмөт кошо кызматтан кетет.

Ал эми демонстрацияны уюштурган "Демократия үчүн жана диктатурга каршы бириккен фронттун" лидерлеринин бири Арисман Понгруангронгдун айтымында, эгер жаңы шайлоо өткөрүлгөн шартта азыркы премьер-министр жеңсе, алар буга каршы эмес:

- Мен Абхиситке "элге карачы" деп кайрылар элем. Эл сенин премьер-министр болушуңду каалаган жок. Бийликти элге кайтарып берип, парламентти тарат, жаңы шайлоо жарыяла! Эл аралык эрежелерди сактасаң дурус болмок. Эгер шайлоодо жеңсең, биз сенин премьер-министр болушуңду колдойбуз.

Ассошейтед пресс, Рейтер өңдүү эл аралык маалымат агенттиктеринин Бангкоктогу кабарчыларынын 15-март кечинде билдиришкенине караганда, демонстранттар талабынын аткарылышы үчүн жаңы мөөнөт белгилешти. Эгер талабы 16-мартта, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 18:00гө чейин аткарылбаса, көлөмү 1000 литр келген канды өкмөт үйүнө алып барып чачарын эскертишүүдө. Кан демонстранттардын ар биринен кичинеден алынып, чогултулмакчы.

Байкоочулардын баамында, Бангкоктогу азыркы демонстрацияны Таиландда акыркы беш жылга жакын убакыттан бери утур-утур кайталанып жаткан нааразылык акцияларынын эң ириси катары кароого болот.

Өлкө саясий олку-солкулуктардан 2006-жылдан бери арыла албай келүүдө. Анда ошол кездеги премьер-министр Таксин Чинаватраны коррупцияланышканы үчүн айыптагандар көчөгө чыгып, бирок акырында ал бийликтен аскерий төңкөрүш аркылуу четтетилген.

2008-жылы Чинаватранын жактоочулары бийликке кайтып келген, бирок каршы күчтөр премьер-министрдин кеңсесин үч ай бою басып, ошондой эле башкааланын эки аэропортуна кирип алышкан. Учурда Бангкокто кайрадан чогулган “кызыл көйнөкчөндөрдүн” акыркы нааразылык акциясы былтыр апрелде болгон. Арты тополоңго айланганда эки адам өлүп, 120дан ашуун киши жаракат алган, автобусттар өрттөлгөн. Азыр Бангкокто коопсуздукту 50 миңдей полицей менен аскер көзөмөлдөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG