Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Таиландда демонстрацияга чыккандар премьер- министрдин үйүнө кан чачып жиберишти


Демонстранттар өзүлөрүнөн алынган адам канын премьер- министрдин үйүнүн сыртына нааразылыктын символу катары бүгүн чачышты. Башкаала Бангкокто төрт күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткандар негизинен мурдагы премьер- министр, 2006-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу бийликтен кулатылган Таксин Чинаватранын жактоочулары. Алар премьер- министр Абхисит Ветчачива баштаган азыркы өкмөт бийликте мыйзамсыз олтурат деп эсептешет. Өлкөдө жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылган демонстранттар кан чачуу акциясын апта башында премьер- мининстрдин жана ал лидерлик кылган Демократиялык партиянын кеңселеринин сыртында да өткөрүшкөн. Бүгүн алар премьер- министрдин үйүнө барышканда полиция жолду тороду, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин демонстранттардын бир нече өкүлүнө акциясын өткөрүүгө уруксат берди. Таиланд премьер- министри демонстранциялар башталгандан бери аскерий базага көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG