Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Нарында нааразылык митинги


Нарын шаарында болгон нааразылык митингисине бүгүн үч жарым миңдей адам чогулду. ИИМ чогулган элдин саны миңдин айланасында болду деп маалымат таратты. Митингдин катышуучулары экономикалык талаптарга кошуп, президент менен премьер-министр кызматтан кетсин деген саясий талаптарды да көтөрүштү.

17-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтына саат он жарымда эл чогула баштады. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мында келгендерге митинг өткөрүүгө мыйзамдуу уруксат жок экенин эскертип киришти. Ал аңгыча шаардын мэри Алмаз Кулматов келип, борбордук аянтта унаа жүрүүгө тоскоолдук чыкканын, митинг мыйзамсыз болуп жатканын билдирип, чогулгандарды тарап кетүүгө үндөдү.

Бирок эл тарабай, айрым байкоочулардын баамында, саат он бирге карата жыйналган адам саны бир миңден ашып, борбордук аянттын жолу жабылып калды. Ушул маалда губернатор Алмазбек Акматалиев келип, жыйынды облустук театрга өткөрүү сунушун айтып, өзү театр тарапка жол баштады. Бирок чогулгандар губернатордун артынан ээрчиген жок.

Байкоочулар 20 мүнөт аралыгында чогулган элдин саны эки миңге жакындагандыгын белгилешти. Ушул учурда олбурлуу адам менен ардагер апанын ортосунда кайым айтышуу келип чыгып, эл толкуну пайда болуп басылды.

Көп өтпөй элдин толкуну чыгыш тарапка удургуп, милициялар айылдардан келгендерди киргизпей жатат дешип дүрбөп кыйкырып жөнөштү. Ал тарапта милициянын атайын даярдыктагы отряды тизилип турган экен. Толкуган элдин бөлүгү кайрадан аянтка топтолушуп, электр наркын арзандатуу жөнүндө талаптарын айта башташты.

Саат 11:40 чамасында аянтка үн күчөтүүчү шаймандар орнотулуп, митинг башталды. Губернатор Алмазбек Акматалиев эл алдына чыгып, өкмөт башчысы менен болгон жолугушуунун жыйынтыктарын билдирип, бүгүнкү митинг мыйзамсыздыгын, аны сот аныктагандыгын айтты.

Бирок чогулгандар ызы-чуу түшүп губернатордун сүйлөгөндүгүнө тоскоолдук жаратты. Андан соң эл арасынан каалоочу адамдар чыгып сүйлөй башташты. Чыгып сүйлөгөндөр электр баасын мурдагы калыбына келтирилсин, Жетим тоосун кытайлыктарга сатылбасын, Ак-Сай, Арпа ижарага берилбесин ж.б. талаптарды коюшуп, булар аткарылмайынча каршылык акциялары токтобой тургандыгын билдиришти.

Кеп арасында саясый да талаптар айтылып, президентке да, премьерге да ишенич жок калгандыктан, алар кызматынан кетсин деген үндөр жаңырды.

Саат 12:30 га карата, бир катар серепчилердин баамында, аянтта чогулган эл үч жарым миңдин айланасында болду. Митингге байкоо салып турган милиция кызматкеринин талдоосунда эки саат аралыгында келип-кеткендерди кошкондо жыйналган адамдын саны алты миңге жакындады. Ошол эле учурда бир катар бийлик адамдары жыйналган эл бир жарым миң киши болду деп маалымат беришти.





Нарында нааразылык митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

XS
SM
MD
LG