Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Аксылык жабырлануучулар күдөр үзө элек


Аксы курмандыктарына коюлган эстелик, Аксы району.
Аксы курмандыктарына коюлган эстелик, Аксы району.

Аксы окуясына 17-мартта сегиз жыл болду. Анда окко учкандарды бүгүн Бишкекте Элдик курултай эскерди. Аксы окуясына байланышкан кылмыш иштерине чекитти Жогорку Сот 2007-жылы койгон. Жабырлануучулар жана алардын тарапкерлери болсо ушу күнгө чейин кандуу окуяга укуктук да, саясий да баа бербей келатат деп бийликке нааразы.

Элдик курултайдын катышуучулары бул күнү Аксы окуясын Бишкекте жөө жүрүш аркылуу эскеришмек. Уюштуруу комитетинин мындай демилгеси жергиликтүү бийликтин макул эместигинен улам ишке ашпай калды. Анткен менен Медиа-форумда кечээ өткөн Элдик курултай ишин дал ушул Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү менен баштады, кошок кошулуп, куран окулду, асманга кара түстөгү шарлар учурулду.


2002-жылы мартта Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынын депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразылык билдирип, жөө жүрүшкө чыккан аксылыктарга Боспиектин жанында тартип коргоо кызматкерлери ок аткан. Милициянын огунан 17-мартта Бопиекте Тагаев Советбек, Сапаралиев Кадыркул, Үркүнбаев Сатымбай, Четинбаев Эркинаалы, ал эми 18-мартта Кербенде атылган октон Элдияр Үмөталиев мерт болушкан. Аксы окуясынын алтынчы курмандыгы Бекмуратов Медетбек деп айтылып келатат. Элдик курултайдагы эскерүү маалында уюштуруу комитетинин төрага орун басары Эмил Каптагаев да муну белгилеп өттү:

- 2002-жылдын 18-мартынан 19 мартына караган түн. Аксы райондук милициясынын имаратына 38 адамды камап, аларды жылаңач кылып чечинтип, таң аткыча желим союл, автоматтын кундагы менен сабашты. Муздак цемент полго жаткырып, үстүлөрүнө маал-маалы менен муздак суу куюп турушту. Тепкинин уусунан 51 жаштагы Бекмуратов Медетбек каза болду. Отуздан ашык адам алган жаракаттан майып болуп калышты.

Өз элине каршы ок атты деп бийликти жаман атты кылган бул окуя боюнча акыркы бүтүмдү Жогорку Сот үч жыл мурда чыгарган. Натыйжада райондук жана облустук деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу, прокуратура менен тартип коргоо кызматтарынын тиешелүү жетекчилери жоопко тартылышты, бир тобу акталды. Иш жүзүндө дүйнө коомчулугунун назарына түшкөн Аксы окуясы боюнча март ыңкылабына чейинки жана андан кийинки сот чечимдери бири-биринен өзгөчө айырмаланбай, беш жыл бою аксылыктар койгон талаптар аткарылбай калды. Буга нааразы болгон аксылык жабырлануучулардын укуктарын коргогон коомчулук оппозиция менен бирге элдик сот өткөрүү чечимине келишкен. 2007-жылдын 17-мартында Аксы районунун Каражыгач айылында өткөн элдик сот чыгарган чечимдин айрым бөлүктөрүн Элдик курултайдын катышуучуларына өткөн уюштуруу комитетинин төрага орун басары Эмил Каптагаев.окуп берди:

- Аксы окуясы Кыргызстандын ошол кездеги жогорку бийлиги тарабынан жасалган адамзатына, адам укуктары менен эркиндиктерине каршы жасалган оор кылмыш деп табылсын. Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Акаевдин, ошол кездеги премьер-министр Бакиев мамлекеттин жана өкмөттүн башчылары катары куралсыз элди атууга, тынч жаткан элге каршы зомбулукту уюштурууда жана ишке ашырууда башкы жана түздөн-түз күнөөлүүлөр деп табылсын...

Аксылык жабырлануучулар жана алардын тарапкерлери Аксыда нааразы элди тынчытуу үчүн ишке киргизилген “Тайфун” жана “Буран” атайын операцияларынын артында ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиев турганына бекем ишенишет. Сот адилет болсо аны далилдөө кыйынчылык жаратпайт, март ыңкылабынан кийин Азимбек Бекназаров баш прокурор кезде кайра козголгон кылмыш иши боюнча Бакиевдин тергөөгө катышпай коюшу да, андан кийинки баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин президентти калкалашы да ушунун чындыгын далилдеп турат дешет.

Президент Курманбек Бакиев болсо өзүн аксылыктардын алдында абийирим таза деп, муну Аксы окуясынан кийин дароо премьер-министрлик кызматынан баш тарткандыгы менен негиздеп келатат. Тескерисинче баш прокурор кезинде Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин аягына чыгарбай койду деп Азимбек Бекназаровго да кине койгон жайы бар:

- Баш прокурор болуп эң биринчи барганда айткам, Азимбек Анаркулович сиздин эң биринчи милдетиңиз ушу болсун, Аксы окуясынын аягына чыгыңыз эми. Сиз башкы прокурор, мен премьер-министр, президенттин милдетин аткарып атам деп. Алты ай иштеди, аягына чыккан жок.

Анткен менен кийинки баш прокурор деле аксылыктардын жана аларды коргоочулардын окту ким атты, ким буйрук берди деген суроолоруна жооп таап бере алган жок. Суроолорду жандырууга ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Николай Танаевдин мамлекеттик комиссиянын да, Дооронбек Садырбаевдин парламенттик комиссиянын да, Топчубек Тургуналиевдин көз карандысыз комиссиянын да иликтөөлөрү таасир этпеди. Аксы окуясы боюнча кылмыш иши Кылмыш Кодексинин митинг, пикеттерге тоскоолдук кылды, кызматынан кыянат пайдаланды деген жоболорунун негизинде гана териштирилип, тыянакталды.

Ошентсе да аксылыктар Аксы окуясына укуктук баа берчү учур келеринен күдөр үзүшкөн жери жок. Жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчибековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда:

- Жогорку Соттун чечими, айыптуу саналгандарды актаган же кылмышы жок деп кыскарткан токтомдордун бардыгы эртеби-кечпи кайра каралат.

Былтыр БУУнун адам укуктары боюнча комитети маркум Элдияр Үмөталиевдин өлүмү боюнча арызды карап, буга бийлик күнөөлүү деген чечим чыгарган. Буга шерденген аксылык жабырлануучулар бул комитетке дагы 16 кат даярдап жиберишкен. Бирок БУУнун тиешелүү комитети аларга жооп кайтарбай создуктурууда. Мунун жайын укук коргоочулар каттарга байланыштуу комитеттин суроолоруна тиешелүү расмий тараптар жооп бербей жатат деп чечмелешүүдө.


Ал эми оппозициядагы саясатчылар Аксы окуясына Кыргызстандын өзүндө, калыс бийлик орногондо гана баа берилет деп эсептешет. Мындай көз караш 17-марттагы Элдик курултайда Аксы окуясын эскерүү учурунда айтылды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG