Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Мураталы-ажы Жуманов уурдалганын өзү айтты


Мурдагы муфтий Мураталы-ажы Жумановду үйүнөн белгисиз бирөөлөр алып кетип, чоң суммада акча талап кылганы угармандарыбызга белгилүү. Бул нерселерди эми анын өзүнөн сурадык.

“Азаттык”: Урматтуу Мураталы-ажы, “Азаттык” үналгысынын маек куралы деген сунушуна, телефон менен болсо дагы, макул болгондугуңуз үчүн чоң рахмат. Деги ден-соолугуңуз жакшыбы, жалпы Кыргызстанда көптөгөн мусулмандар сиздин саламаттыгыңыз үчүн кабатырланып атат.

Мураталы-ажы Жуманов: Бисмиллахир-рахманир-рахим, ден-соолугум, кубайга шүгүр, эң жакшы. Алхамдулилла.

“Азаттык”: Сизди белгисиз бирөөлөр уурдап кетти, андан кийин акча талап кылды деген маалыматтар биздин “Азаттык” үналгысынан да айтылды. Ушул окуяга кененирээк токтолуп өтсөңүз?

Мураталы-ажы Жуманов: Адамдын башына түшкөн жакшы да, жаман да иш – кудайдан болот. Мага дагы кудайдын сыноолору болду окшойт, белгисиз адамдар 21-апрелге караган түнү үйгө келип, мени алып чыгып кетти да, акча талап кылган жагдайлар, башка-башка нерселер болду. Бирок, үч-төрт сааттын тегерегинде кармашып, андан кийин белгисиз жерге таштап кетишти. Ага чейин үй-бүлөм, тууган-уруктар бүт кыжалат болушкан экен. Жакшы адамдар көп го, ошол жердеги адамдар мага жардам беришип, кабар беришип, үйүмө аман-эсен келдим.

“Азаттык”: Тигилер кеткенден кийин өзүңүздү жакшы эле сезип калдыңызбы?

Мураталы-ажы Жуманов: Эң жакшы, өзүмдү жоготуп же бир жерлерим майып болгон жок. Бир жагы , кудайдын сактаганы болду, экинчи жагы, ошол балдарга – кандай максат, эмне ойдо алып чыкса деле, өтө нааразы эмесмин, себеби, ошондой шартта эмне жасагысы келсе – жасап салмак.

“Азаттык”: Бишкек шаарынын коменданты Туратбек Мадылбаевдин маалыматы боюнча, төрт адам алып кеткен сизди, сүрүштүрүү иштери Байтик айылы жакта жүргөн, бир миллион сомбу, долларбы сизден талап кылган, туурабы?

Мураталы-ажы Жуманов: Туура, Байтик айылында экендиги дагы чындык. Чоң суммадагы акчалар да талап кылынды. Менде анчалык акча жоктугун, мен андай бай киши эмес экендигимди, саясатчы же мамлекеттик кызматкер эместигимди кеңири аларга түшүндүрүп айттым, андан кийин мени таштап кетишти. Эч кандай шарт коюу же башка нерселер болгон жок.

“Азаттык”: Ошол сизди алып барган төрт адам мусулман жолундагы адамдар бекен же такыр эле динбезерлер сыяктуу көрүндүбү?

Мураталы-ажы Жуманов: Мусулман адамдар, бирок диний кишилер эмес, болгондо да кыргыздар. Башка көп нерсесин байкай алган жокмун.

“Азаттык”: Өзүңүз эмне негизден сизди барымтага алуу аракети жүрдү деп эсептейсиз?

Мураталы-ажы Жуманов: Так-кесе бирөөлөрдөн күмөнүм жок. Мен дин кишисимин. 8-апрелде өз каалоом менен муфтийлик кызматымды тапшырып бердим. Кызматыма байланышкан эле маселе болбосо... Башка жакта эч кандай аласа-бересем жок. Бирөөнү капа кылып, таарынтып, касташкан жан эмес элем. Өзүм дагы түшүнбөй калдым.

“Азаттык”: Эртеси күнү уламалар кеңешинин жыйыны өтүп, муфтий шайланмак. Ошо жаңы муфтийдин шайлоосуна байланышкан нерсе деп эсептебейсизби?

Мураталы-ажы Жуманов: Ошол күнү болгондон кийин – андай ой да кетпей койбойт экен, мени, балким, ошол уламалар кеңешинин жыйынына катышпасын деген ой менен алпкеткен, опузалаган болуш керек.

“Азаттык”: Демек, сизди кимдир-бирөөнүн шайлашына таасир көрсөтпөсүн деген маанини айтып жатасыз да?

Мураталы-ажы Жуманов: Ошондой.

“Азаттык”: Сиз арыз жазып кеткенден кийин сизге негизинен мындай күнөө коюлуп атат: эгерде муфтий өзүнүн кызматынан чегинген болсо муфтийдин милдетин аткаруучу болуп автоматтык түрдө муфтийдин биринчи орунбасары Сүйүн Кулуев болуш керек эле. Бул жерде болсо Абдышүкүр- ажы Нарматовду мурдагы муфтий мыйзамды бузуу жолу менен алып келип, муфтийдин милдетин аткаруучу кылып койгон дешет. Буга кандай карайсыз?

Мураталы-ажы Жуманов: Бул мыйзам бузуу эмес. Себеби, ал учурда менин укугум бар эле – мына бул киши менин ордума милдетимди аткарып турат деп, кимди болбосун, койгонго. Ошондон пайдаланып Абдышүкүр-ажыны апкелгем. Максатыбыз ишке ашты.

“Азаттык”: Айрыкча шейит кеткендерди жайга койгон учурларындагы ал кишинин ордун айтып жатасыз да?

Мураталы-ажы Жуманов: Ооба, ошону айтып жатам.

“Азаттык”: Бирок, Абдышүкүр-ажы Нарматов муфтийдин милдетин аткаруучу боло албайм деп кайра арызын жазып –

өткөрүп берди?

Мураталы-ажы Жуманов: Ошол күнү – мен сунуш кылганда баш тарткан жок. Канча шейиттерди коюуга катышып, нарктуу сөздөрүн айтып, он күндөн ашык өзүнүн кызматын кылып, эки жолу борбордук мечитке чыгып жума намаздарды окуп, анан кийин айтты – өз каалоом менен өткөрүп берем, башка муфтий шайлап алгыла деп. Бул – анын эрки болду.

Уламалар кеңеши милдетти муфтийдин 1-орун басары аткарып турсун деп чечиптир. Бул дагы туура чечим азыркыга.

“Азаттык”: Белгисиз адамдар сизди дагы кысымга алат деп чочулабайсызбы?

Мураталы-ажы Жуманов: Андай деле чочулоом жок, бирок, пенде болгондон кийин, албетте, ойлонбой да койбойт экенсиң. Менин эң эле ойлонгонум, эч кимге жаманчылыгым жок эле...

“Азаттык”: Муфтиятта – коррупция, муфтий болсо бийликтин бардыгын өзүнө жыйнап алган, мисалы, өзү – муфтий, өзү - уламалар кеңешинин төрагасы, уламалар кеңешинин 35инин 32си ушул муфтиятка көз каранды кызмат структураларында иштеген адамдар деп күнөөлөп жатышпайбы сизди?

Мураталы-ажы Жуманов: 35инин 32си гана эмес, бүт-бардыгы десе дагы туура болот, себеби, бардык уламалар кеңешинин мүчөлөрү – Кыргызстанда дин кызматын аткарып аткан кишилер. Биздеги структура, биздеги иш-тартип – бир эле Кыргызстанда эмес же мен муфтий болгондо эле ойлоп чыккан система эмес. Бул – ССРдин учурунан келаткан, бизге айрыкча Ташкенден тараган нерселер. Орто-Азия өлкөлөрүнүн бардыгында ошондой.

"Азаттык”: Кийин муфтийди шайлоодо кырдаал ого бетер күчөп кетет деп кабатырланбайсызбы?

Мураталы-ажы Жуманов: Өзүм иштеп кеткен жер тынч, ынтымактуу болушун, албетте, каалаймын.

XS
SM
MD
LG