Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Бакиев бийлигиндеги жемсөөлүк жана "Манас" аба базасы


Америкалык аскерлер "Манас" аба базасында учакка түшүүдө. 12-февраль 2009
Америкалык аскерлер "Манас" аба базасында учакка түшүүдө. 12-февраль 2009

Бейшемби күнү АКШ Конгрессинде Курманбек Бакиевдин бийлиги тушундагы коррупция жана “Манас” транзиттик борбору (мурдагы аскер аба базасы) жөнүндө атайын угуу болду.

“Манас” аэропортун пайдалануу үчүн АКШ Кыргызстандагы адам укуктарын бузууларга жана өкмөттөгү жемсөөлүккө көз жумуп койгон. Бул жөнүндө АКШ Конгрессинин комитетчесинде (субкомитетинде) 22-апрелде болгон талкууда адистер көзгө сайып айтышканын “Вашингтон Пост” гезити кабарлады. “Манас” аэропорту ижарага берилгенден эле президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге “пара төлөө” үчүн пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенишет талдоочулар.
Экс - президент Курманбек Бакиев пресс-конференциядан чыгып баратат. Минск. 23-апрель 2010


Же береги угууда сүйлөгөн Колумбия унверситетинин профессору Александр Кули мырзанын сөзү менен айтканда, авиабаза 2001-жылы ачылгандан тарта “ижара акысы жана тейлөө боюнча келишимдер кубаттуу кыргыз элитасынын жеке кызыкчылыгын тейлөөчү булакка айланган”. Талкууга катышкан АКШдагы мурдакы Кыргыз элчиси Бактыбек Абдрисаев профессор Кули козгогон маселе жөнүндө мындай деди:

- Александр Кули мырза баарынан мурда “Манас” авиабазасын тейлөө боюнча Кыргыз тарап менен түзүлгөн келишим туура эмес экенин айтты. Анткени, келишим коомчулук үчүн жабык болгондуктан коррупцияга бир кыйла өбөлгө берет жана андан түшкөн пайданын орчундуу бөлүгүнүн менчик чөнтөккө түшүүсүнө жол ачарын айтты профессор Кули.

2007-жылдан бери “Манас” авиабазасын күйүүчү май менен Гибралтарда жана Лондондо катталган “Mia Corp” фирмасы тейлеп, ал үчүн Пентагон 1 миллиард ашык доллар төлөгөн. Бул акчалар кантип сарпталганын Пентагон гана билет, деп жазат “Вашингтон Пост”.

Экс-президент Аскар Акаев "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна интервьюберүүдө. Москва, 23-март 2010
Юта өрөөнү университетинин (Utah Valley University) профессору, мурдагы кыргыз элчиси Бактыбек Абдрисаев Конгресстеги талкууда “Манас” транзиттик борборун пайдалануу мөөнөтүн автоматтык түрдө узартууга убактылуу өкмөттүн бардык эле мүчөлөрү ынанбаганына токтолгон.

Анын жүйөсүн мурдагы элчи жана 2005-жылдын 24-мартына чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин колдоочусу болгон Абдрисаев Кыргызстандагы жаңы бийлик мүчөлөрү арасындагы ар башка көз караш менен байланыштырат:

- Жаңы бийликтин башындагы адамдар арасында ар кандай ой-пикир бар. Адегенде убактылуу өкмөт башчы Роза Исаковна Отунбаева авиабаза дагы кала берет деп билдирди. Андан соң утурумдук өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров базаны дагы караштырабыз деп айтканын маалымат агенттиктери кабарлашты.


Проф. Абдрисаевдин боолголошунча, президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында айрым талапкерлер “Манастын” тагдыры тууралуу дагы маселени көтөрүшү мүмкүн.

Айтмакчы, утурумдук өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев бейшемби күнү Ройтер агенттигине берген интервьюда октябрда боло турган жалпы элдик шайлоодон кийин авиабазанын келечеги талкууланышы ыктымал деген. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Таллиндеги НАТОнун жыйынында “Манас” транзит борборун пайдаланууга Орусия каршы эмес экенин билдирди.

"Вашингтон Посттун" жазышынча, АКШ Конгрессинин комитетчесиндеги талкууда сүйлөгөн "Фридом хаус" уюмунун башкы адиси Сэм Паттен Бакиевдин бийлиги тушунда адам укугун бузууларга жана ага эмне үчүн Вашингтон “көз жумуп” курч сындабаган себебине токтолгон.

Анын айтымында, АКШ 2005-жылкы Анжиян калабасын сындагандан кийин Өзбекстандагы базасын аргасыз жапкан.

Ошон үчүн Ак Үй “Манастагы” базаны сактоо максатында Бакиевдин режиминин жемсөөлүгүн жана адам укугун бузууларын сынга алган эмес, деп эсептейт Паттен.

Адистердин пикиринче, расмий Вашингтон өзүнүн Кыргызстанга болгон мамилесин өзгөртүүсү жана өлкөнү Ооганстанга аскер жөнөтчү жолдогу аялдама деп гана карабашы керек.

XS
SM
MD
LG