Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Транзит борбор дагы саясий чууга түшкөнү калды окшойт


"Манас" абамайданындагы АКШнын Транзиттик борбору
"Манас" абамайданындагы АКШнын Транзиттик борбору

«Манас» аба майданындагы АКШнын Транзиттик борбору Кыргызстанда калыш-калбашы 27-июнга белгиленген элдик референдумда чечилиши керек. Убактылуу өкмөткө ушундай сунуш даярдап жаткан «Жарык Кыргызстан» партиясы Транзиттик борбор Кыргызстан менен Орусиянын мамилесине салакасын тийгизет деп эсептейт.

“Жарык Кыргызстандын” жарыясы

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин түзүлгөн “Жарык Кыргызстан” партиясы кезектеги революциядан соң Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы Транзиттик борборун чыгаруу маселесин коюуда. Партия жетекчиси Расул Умбеталиев бул маселени Убактылуу өкмөттүн чечүүгө акысы жок. Ошол себептүү борбордун бул жерде-калыш-калбашын 27-июнга белгиленип жаткан референдумда элдин өзү аныктаганы оң деген пикирде.
"Жарык Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 3-май.

- Ирандын Тышкы иштер министрлиги айтып атат. “Кайсы жерден бизге коркунуч болсо ошол жерге биз авиа сокку урабыз. Мүмкүнчүлүгүбүз бар. “Манастагы” авиабазага каршылык кылып, биз дагы бомбалайбыз”, - деп айтышып атат.

Транзиттик борбор маселеси стратегиялык өнөктөш эки өлкөнүн мамиле-катнашына салакасын тийгизерин белгилеп, Р.Умбеталиев бул маселе Орусияда иштеп жүргөн миллионго чукул мигранттарга байланышып кетерин мисалга тартты.



Ашыкпоонун чоо-жайы

Кезектеги бийлик алмашуусунан кийин өлкөнүн тышкы саясий багытын аныктачу мындай талылуу маселени бир жаңсыл чечүүгө Убактылуу өкмөттүн чама-чаркы жетише электигин Роза Отунбаева атайын белгилеген:
Роза Отунбаева, убактылуу өкмөттүн төрайымы.

- Базанын ушул калыбында турушу сакталат. Бул маселени ат үстүнөн алеки саатта чечип салганга ашыккан жерибиз жок. Биз алгач анын баарын шашпай карап чыгышыбыз керек. Коюлган, бирок чечиле элек маселелер болууда.

Антип бүдөмүк калып жаткан иштердин катарында “Манас” абамайданындагы Транзиттик борбордогу америкалык аскер учактарын күйүүчү май менен камсыз кылган компаниялардын салыктарды жашырып калышы турат. Р.Умбеталиев жалаң акциз салыгынан эле 5 жыл ичинде бюджетке 3 миллиард 600 миллион сом түшпөй калганын билдирди.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов Транзиттик борбор тагдырын бир киши же топ чечпеши керек, деп эсептейт.

- Ачык айтканда, азыр Убактылуу өкмөттүн “биз момундай чечтик” дешке да укугу жок. Анткени анын легитимдүүлүгү элде да, эларалык коомчулукта дагы чоң суроолорду жаратат.

Жарыя болуп жабылбай калган маселе
К. Бакиев Кыргызстандан АКШ базасын чыгаруу тууралуу айткан маалымат жыйыны, Москва, 2009-жылдын3-февралы.

Өткөн жылдын башында “Манас” абамайданындагы АКШ аскер аба базасын чыгаруу жөнүндө кыргыз өкмөтү чечим кабыл алганын а кездеги президент К.Бакиев Москвадан жарыя кылган. Бирок да жай ортосунда Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрү ортосунда жаңы келишим түзүлүп, Транзиттик борбордун ижара акысы 60 миллион долларга көтөрүлгөн. Андан тышкары биртоп экономикалык долбоорлорго каражат бөлүү каралган.

Саясат таануучу Марс Сариевдин ырасташынча, Транзиттик борбордун улам-улам козголуп жатышына Орусия, аны менен бажы биримдиги боюнча таламдаш Казакстан кызыкдар.

- Бирок база жакында чыга албайт. Келишим боюнча жарым жыл мурда айтышы керек болчу. Бирок кысым аябай болуп атат. Орусиядан, азыр Ирандын да сөзү катуу чыгып жатат.

Кысым борбордун калышына үмүт артып олтурган АКШ тараптан да болууда. Марс Сариев чоң талашка түшүп калган маселе бир жаңсыл чечилиши керек, деп эсептейт. Лөк өлкөлөрдүн саясий оюнуна айланган Транзиттик борбор маселесин барып-келип эле Убактылуу өкмөт чечишке мажбур.

XS
SM
MD
LG