Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Файсал Шахзад деген ким?


Акыркы кездерде Файсал Шахзад Брижпорт шаарындагы ушул үйдө жашаган.
Акыркы кездерде Файсал Шахзад Брижпорт шаарындагы ушул үйдө жашаган.

АКШ жана Пакистан бийликтери Нью-Йорктогу оңунан чыкпай калган террордук аракетти биргелешип териштирип жатышат. Бул иш үчүн Файсал Шахзад аттуу жигит кармалып, сурак берип жатат. Пакистанда да шектүү делинген бир нече киши кармалды.

Файсал Шахзад отуз жашта, теги пакистандык болот, былтыр апрелде АКШнын жарандыгын алган. Бир нече жыл Коннектикут штатындагы Шелтон шаарында жашаган. Коңшулары бышыкташкандай, Шахзад былтыр майда адегенде өзү, анын артынан аялы шаар которуп кетишкен. Алардын чиедей эки баласы - уулу жана кызы бар. Пакистандын чалгындоо мекемелери Шахзаддын аялы балдары менен азыр Карачиде ата-энесинин үйүндө жашайт дешет.

Коңшу-колоңдору Шахзаддын өзгөчө деле шектенткен шүйкүмүн байкашкан эмес. Болгону керээли-кечке үйүндө болуп, түн ката кайдадыр бир жумушка кетип жүргөн.

Полиция аныктагандай, былтыртан бери Шахзад Шелтондон отуз чакырым жердеги Брижпорт калаасында жашаган экен. Ал турган үйдү азыр иликтеп жатышат.

Өткөн ишемби күнү ичине дүрмөт коюп, Нью-Йорктогу борбордук аянтка калтырып кеткен автомашинаны ал жакында эле сатып алган экен. Полиция анын изине ошол машинанын мурдагы ээси аркылуу чыкты. Шахзадды Нью-Йорктон Дубайга учканы жаткан учурда кармашты. Болгондо да учактын ичинен кармап чыгышты. Көрсө ал атайын кызматтардын "кара тизмесинде" турган экен.

Нью-Йорктогу террор аракети үчүн Шахзад кармала электе эле жоопкерчиликти пакистан талиптери өздөрүнө алган болчу. АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер ырастагандай, Шахзад бомба жасаганды Пакистанда үйрөнгөн, бул жерде атайын даярдыктан өткөн.
Алгачкы суракта эле Шахзад Таймс-скверде бомба жардырмакчы болгонун, бул үчүн өз алдынча аракеттенгенин моюнга алды. Холдердин айтымында, Шахзад тергөөчүлөр үчүн "пайдалуу бир топ маалыматтарды" берди.

Вашингтондогу маалымат жыйындарында журналисттер "кара тизмеде" турганына карабай Шахзадды тийиштүү кызматтар кантип учакка чыгарып жибергенине, кандайча ал АКШнын жараны болуп калганына кызыгып, Ак үйдүн өкүлдөрүн, айрыкча президенттин маалымат катчысы Роберт Гиббсти туш-туштан "таламайга" алышты.

"Негизгиси ал кармалды, "кара тизме" кантип иштерине келсек, аэропорттогу бажы-паспорт кызматында иштегендер аны кантсе да таанып калышпадыбы",- деп билдирди Гиббс кабарчыларга. Мындан тышкары азыр Пакистан бийликтери менен бирге Шахзаддын бардык таржымакал-тарыхы териштирилип жатат. Ал Пешеварда беш ай болуп, жакында эле АКШга кайтып келгени аныкталды. Вазиристандагы козголоңчулар лагеринде кимдер менен алака түзгөнү, кимдердин колунда машыкканы такталууда.

Айрым маалыматтарда бул ишке байланыштуу Пакистанда да бир нече киши кармалганы айтылат. Бирок муну азырынча эки тарап тең ырасмий түрдө тастыктай элек.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули бул ишти териштирүү жагынан АКШ менен Пакистан органдары ийиндеше иштеп жатышканын, мындай кызматташтыкка чындап ыкыласын билдиргени үчүн Исламабад өкмөтүнө Вашингтон ыраазы экенин ырастады.

XS
SM
MD
LG