Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жалал-Абадда ок атылды, кан төгүлдү


Убактылуу өкмөткө каршы Оштогу митинг, 13-май
Убактылуу өкмөткө каршы Оштогу митинг, 13-май

Убактылуу өкмөт Ош жана Баткен облустарын көзмөлгө алганын билдирди. Жалал-Абадда болсо эки тарап тирешип, кагылыш чыкты. Анда ок атылып, таш ыргытуулар болду. Кагылышуудан жаракат алгандар бар. Жалал-Абаддагы кырдаал азыр да курч, тараптар тирешкен бойдон турат.

Түштө кийин саат төрттөрдө Жалал-Абадда убактылуу өкмөттүн тарапкерлери кырдаалды колго алганы кабарланды.
Дубандагы кабарчыбыз билдирген маалыматка караганда, Убактылуу өкмөт тарапкерлери кырдаалды колго алып, Кыргызстандын мамлекеттик туусун облустук администрациянын имаратынын алдында сайышты. Массалык тополоң уюштуруп, ок атып кан төккөн Бакиевдин жактоочуларын издөө жана кармоо аракеттери жасалууда. Убактылуу өкмөт дайындаган Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов элге көрүнө элек. Областтык акимчиликтин имаратынын ичи бош турат.


Түштөн кийинки саат үчтөрдө Жалал-Абаддагы тополоң окуядан бир киши мерт болгону кабарланды. Анын аты-жөнү азырынча тактала электигин аймактагы кабарчыбыз билдирди. Мындан сырткары дагы үч адамдын абалы оор экени кабарланууда. Жалпысынан бул шаардагы бүгүнкү окуяларда 38 киши жараат алып, алардын он тогузуна ок тийгени белгилүү болду.


Түштүктөгү кан төгүлгөн окуялар жөнүндө Роза Отунбаева билдирүү жасады

Роза Отунбаева эл бийликтен кулаткан мурдагы президенттин жактоочулары бийликти кайтарып алуу максатында кайрадан кан төгүүгө барганын, мурда Бишкекте болгондой эле, бул сапар дагы снайперлер Жалал-Абаддагы шаардын ортосундагы имараттардын чатырынан бейкүнөө элге ок атканын, эки адам октон жараат алып, баардыгы отуздай адам жабыркаганын билдирди.

Убактылуу өкмөт башчысынын билдирүүсүнө караганда, бийлик кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракетти көрүүдө, кагылышуу чыгып кетпесин үчүн каршылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери жасалууда. Бирок Бакиевдин жактоочулары такыр баш ийбей койгондо тополоң окуяларды уюштуруп жетектеп жаткан мурдагы президенттин “табакташ” жакыны Үсөн Сыдыков жана башкалар кармалып, Бишкекке алынып келинди.

“Уюштуруучулардын аты-жөнү жана каржылоо булактары бизге белгилүү. Азыркы убакта борбордук жана жергиликтүү бийликтер кырдаалды туруктуу нукка салуу чараларын көрүп жатат. Бүт өлкө боюнча биздин таламдаштарыбыз көп, ошого жараша күчүбүз да көп”,-деп баса белгилейт Роза Отунбаева.

Түшкү саат бирлерде облустук бийликтин майңдайында - Ленин көчөсү менен Эркиндик аянтынын бурчунда мурдагы президент К.Бакиевдин тарапкерлери турду. Ал эми ушул эле Ленин көчөнүн этегинде Убактылуу өкмөттүн жана “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери турушат. Эки топтун ортосу 500 метрдей. Аймактагы кабарчыбыз булар бири бирин күтүп эле турушканын, Ал эми колдорунда таяктар, таштар бар экенин жана жасалма жарылуучу заттарды даярдап алышканын айтат.

Эртең менен бул окуя Бакиевдин тарапкерлеринин митингиси менен башталып, анда мурдагы бийликтин губернатору Кошбай Масиров азыркы бийликтин легитимсиз экендиги, мыйзамдуу таалаага кайтып келүү керектиги тууралуу сөз сүйлөдү.

Ал ортодо Убактылуу өкмөттүн адамдары келип, эки тарап кагылыша кетти жана ташбараң болуп, мылтык атылды. Бул учурда 5 адам таш ыргытуудан,4 киши октон жараат алганы айтылды. Облустагы кабарчыбыз бир адам көйнөгүнүн арты кан болуп, ооруканага жөнөтүлгөнүн, үч адамды жеңил унаага салып кеткенин жана 4 адамды тез жардам унаасына алып кеткенин көргөн.

Баш-аламндык болгондуктан ок атуу кайсы таратан башталганын ажыратуу кыйын болду. Азырынча бул жерде жетекчилер жана тартип коргоочулар көрүнбөйт.

Анын алдында, жаңы бийликтин тарапкерлеринин Бишкектеги митингинде Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн Жалал-Абадга бараарын, Баткен жана Ош облустарын убактылуу өкмөт көзөмөлгө алганын билдирди.

Оштогу кабарчыбыздын маалыматына караганда, бир аз убакыт мурда облусту жетектөөнү кайрадан Сооронбай Жээнбеков өз колуна алгандыгы кабарланды.

Ал эми Баткенге губернатор болуп мурдагы убактылуу жетекчи Карамат Орозованын ордуна Султан Айжигитов дайындалгандыгын убактылуу өкмөт кабарлады. 2005-2008-жылдары Баткендин губернатору болуп иштеген Султан Айжигитов 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин облус башчысынын орун басарлыгына дайындалган эле.

Бул арада Ноокатта “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков кармалганы кабарланды. Үсөн Сыдыковдун Ошто кечээ баш аламандык уюштуруу боюнча телефондук сүйлөшүүлөрү бүгүн УТРК аркылуу уктурулган. Мунун алдында Баш прокуратура Сыдыковго кылмыш иш козгогонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG