Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Футбол: Баш байгени Испания утту


Испан футболчулары жеңиштен кийин, Йоханнесбург.
Испан футболчулары жеңиштен кийин, Йоханнесбург.

11-июлда Түштүк Африка өлкөсүндөгү дүйнө чемпионатында финалда Голландияы Испания өлкөсү жеңип, биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары бир ай боюу Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн дүйнө чемпионатынын оюндарын кызыгуу менен көрүп, күйөрман болушту.

11-июлда дүйнө чемпиондугу үчүн финалда Голландия менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командалары мөрөй талашты. Түштүк Африка өлкөсүнүн борбору Йоханнесбург шаарындагы “Соккер Сити” стадионунда 85 миң күйөрмандан сырткары финалдык мелдешти дүйнө жүзүнүн калкы көгүлтүр эркан аркылуу көрүп, күбө болушту.

Эки команда чеберчилигин көрсөтүү менен канчалык аракет кылышканы менен 90 мүнөттүк биринчи жана экинчи таймда эсеп ачылбай, оюн эрежеси боюнча калыстар кошумча убакыт бөлүштү.

Беттешүүнүн 116-мүнөтүндө испаниялык жарым коргоочу Андрес Иньеста тепкен топ Голландиянын дарбазасынан орун алып, ал мыкты оюнчу аталып, Испаниянын дүйнө чемпиону болушуна данакер болду.

Футбол боюча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, дүйнө чемпионатынын финалы курч мүнөздө өтүп, Голландия өлкөсү бир нече жолу ыңгайлуу учурларды колдон чыгарды.

Канттык футбол күйөрманы Айбек Ажыгуловдун пикиринде, Канттын “Абдыш-Ата” командасынын башкы машыктыруучусу, голландиялык устат Жейлан Арикан болгондуктан, эки өлкөнүн достугу үчүн Голландияга күйөрман болушту.

Кыргызстандык айрым футбол күйөрмандары финалда Голландия утат деген үмүттө болушса, айрымдары Испанияга артыкчылык берип турушкан.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов футбол күйөрманы экенин "Азаттыкка" айтып, 11-июлдагы финалда дүйнө чемпиону Испания болоорун божомолдогону туура чыкты.

Түштүк Африка өлкөсүндөгү футбол чемпионатынын шарапаты, таасири менен кыргыз футболуна өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулса деген тилегин билдирген күйөрмандар дагы арбын.

Испания биринчи ирет финалда ойносо, Голландия өлкөсү ушуну менен үчүнчү ирет финалга чыгып, үч жолу жеңилүү ызасын тартып, күмүш байгелүү болушту. Голландиялыктар 1974- жана 1978-жылдары дагы баш байге үчүн таймашууда утулуп калышкан.

Бишкектин айрым түнкү клубдарында эки команданын бирине мөрөй сайып, дүйнө чемпионатынын финалына күйөрман болушкан жаштар дагы арбын болду.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзбекстандык калыстар тобу менен беш оюнга талаа четинде калыстык кылган оштук Бахадыр Кочкаровду тосуп алып, журналисттер менен жолугушуу уюштурууну өлкөнүн футбол федерациясы пландап жатат.
XS
SM
MD
LG