Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Курултай урматы жана убайымы


Коомчулук арасында Урмат Барктабасов жетектеген “Мекен Туу” партиясы 5-августка белгилеген элдик курултай учурунда башаламандык болуп кетиши мүмкүн деген имиштер айтылып жатат. Ички иштер министрлиги курултай маалында тартипти сактоо үчүн даярдыктар көрүлгөнүн, кооптонууга негиз жок экенин жар салды.

Серепчилер эл арасында түрдүү ушак-айыңдардын тарашын парламенттик шайлоо алдында саясий күчтөрдүн активдешип жатканы менен мүнөздөшүүдө. Шайлоо мөөнөтү расмий жарялана элек болсо да саясий партиялар өздөрүнүн үгүт иштерин жасап, элге өз программа менен сунуштарын таратып жатканы маалым.

Маселен 5-августта Урмат Барктабасов жетектеген “Мекен Туу” партиясы Бишкектеги эски аянтта Элдик курултай өткөрүп, анда азыркы абал, андан чыгуунун жолдору, Кыргызстандын келечеги кеп болору айтылууда. Алдын ала баракчалар таратылып, курултайга келүүгө чакырыктар ташталган. Бул коомчулук арасында түрдүү кооптонууларды, башаламандыктар орун алып кетиши мүмкүн деген имиштерди пайда кылды.

Урмат Барктабасов

Урмат Барыктабасовдун айтымында, 5-августта боло турган курултайга республиканын бардык аймактарынын 30-40 миңдей адам келери күтүлүүдө:

- Элдин тынчы кетип, түштүктө, түндүктө болгон окуяларга кыжалат болуп турат. Эл бүгүнкү күндө калыстыкка, адилеттикке муктаж. Ушул маселелер орду-орду менен турса эле кырдаалдан чыгып кетебиз. Салтка келип Элдик курултай өткөрүп, пикет кылып, элдин тынчын алып аткандарга ушул кырдаалдан кандай жол менен чыгыш керек деген маселени койсок деп турабыз.

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, азыркы “Мекен Туу”, мурдагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мурда жасаган иштери элге белгисиз болсо да мындай кооптонуулар жаралмак эмес.

2005-жылы президенттикке талапкерлигин койгон У. Барыктабасовдун жактоочулары ошол жылы 17-июнда массалык акция уюштуруп, Ак үйгө кирип барышкан. Буга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан Урмат Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. Ал беш жыл чет өлкөдө жүрүп, 13-июнда Дубайдан Бишкекке учак менен келген.

К.Абдымендин айтымында, ар кандай ушактарды болтурбоонун бир жолу бар:

Кубан Абдымен

- Ушак-айыңдар бекер жеринен чыкпайт. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей эле кеп болуп атат. Муну болтурбай коюнун бир гана жолу бар. Ар бир партия, ар бир саясий топ өздөрүнүн иш-чарасын жарялар алдында “мыйзамдын чегинде гана иш алып барабыз, андан ашып өтпөйбүз” деп расмий жарыялап койсо бул көнүмүш митингдердин бири катарында кабыл алынмак. Ал эми азыркы бийлик дагы катуу даярдангандарын маалымат каражаттары аркылуу көп айтып, элдин дүрбөшүнө түрткү болуп атат.

У.Барктабасов мындай ушак-айыңдар аларга да жетип жатканын белгилеп, ар кандай күчтөр курултайды болтурбоо аракетин көрүүдө деп эсептейт. Анын айтымында, курултайдын катышуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн элдик кошуундардын 15 миңге жакын адамы тартылган. Ошондой эле анын айтымында, курултай тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилген:

- Биз элдин таламын талашып жатабыз, так талашкан жокпуз. Элдин каалоо-тилеги бар, аны эске алыш керек да. Бизден курултайдын катышуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн 15 миңдей элдик кошуундун балдары, спортчулар аракет жасап жатышат. Бизде да бийлик тараптагылар, үчүнчү күчтөр курултайды болтурбоо аракетин көрүп жатат деген маалыматтар бар. Бирок биз ага жол бербейбиз деп ишенип атабыз.

Ал арада “Ата мекен” жана Социал-демократтар партиялары 5-августка карата ыктыярдуу элдик кошуундарды мобилизациялай башташты. “Ата мекен” партиясынан билдиришкендей, мындай чара 5-августта Бишкекте баш-аламандык болот, митингдер өтөт деген сыяктуу кеп-сөздөрдүн көбөйүшүнөн улам жана талап-тоноочулук орун алып кетпесин деген максатта колго алынууда.

Убактылуу өкмөткө каршы өткөн митинг, 16-май 2010-жыл

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Зарылбек Рысалиев У. Барктабасовдун жактоочулары уюштуруп жаткан курултайды мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, курултайды өткөрүү боюнча маалымат алдын ала Бишкек шаардык мэриясына да, шаардык милицияга да берилбептир:

- Бүгүн милиция жалгыз эмес. Милиция эл менен. Эмнеси болсо да ал Бишкекке келсе аны кармап, мыйзамдын алдына тартабыз деген кызматкерлер көп. Биз кайра башынан 2006-жылдай болуп шерменде болбойбуз. У.Барктабасов биринчиден, Казакстандын жараны. Казакстандын жараны келип Кыргызстанда курултай өткөргөнгө укугу барбы? Эгер ал мыйзамды түшүнгөн акылдуу болсо 12 күн мурда келип маалымат берип коюш керек эле. Митинг өткөргөнүнө деле каршы эмеспиз. Бирок тынчтыкты сактайлы деп атабыз. Биз Бишкекти жүрөгүбүз менен коргойбуз.

5-август күнү Бишкек шаарында жалпысынан 2500дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга катарында он миңдей адам бар элдик кошуундар көмөк көрсөтмөкчү. Элдик кошуундун беш миңге чукул өкүлү бүгүн кечинде да милиция кызматкерлери менен бирге күзөткө чыгышат.

XS
SM
MD
LG