Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Кадрлар мамлекеттик кызматка полиграф аркылуу тандалат


Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Асылбек Болотбаев билдирди. Мындай демилге президент тарабынан 27-августта «Мамлекеттик кызматка алууда полиграфта тестирлөө ыкмасын колдонуу” тууралуу кол койгон жарлыгына ылайык ишке ашырылып жатат. 4-сентябрда БУУнун баңги жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын имаратында президент Роза Отунбаевага полиграфтын (калп аныктоочу детектордун) иштөөсү көрсөтүлдү. Өз кезегинде президент айым мындай иш-аракеттер мамлекеттик кызматтагы паракорчулукту ооздуктоого салым кошот деп ишенээрин кошумчалады. Ал эми кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Асылбек Болотбаевдин айтымында, калпты аныктоодо полиграф токсон беш пайызга так жооп берет жана тестирлөө убактысы бир, бир жарым саатка созулат. Бир полиграфтын баасы 5-6 миң долларды түзөт. Кыргызстанда полиграф сентябрь жана октябрь айларынын ичинде толук ишке кирет деп күтүлүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG