Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

"Бир дүйнө" - бири кем дүйнө


Бишкекте “Бир дүйнө Кыргызстан-2010” деген аталыштагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы өтүүдө. Ага Чехия, Эстония, Иран, Австралия сыяктуу 16 мамлекеттин режиссерлору катышып, тандалып алынган 28 тасманы көрсөтүшүүдө. Фестивалдын соңунда эң мыкты режиссерго жана укук коргоо маселесин таасын чагылдырган тасмаларга сыйлыктар тапшырылат.

Бир жумага созула турган бул эл аралык фестиваль Бишкекте 21-сентябрда башталган. “Жарандык коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган.

Дүйнө жүзү боюнча адам укуктары темасын чагылдырган эл аралык фестивал Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүүдө.

Бул фестивалга 16 мамлекеттин белгилүү режиссерлору катышып, алардын тасмалары режиссерлордон түзүлгөн калыстар тобунун сынагынан өтүүдө.

Режиссерлордун айтуусу боюнча бул фестивалда көрсөтүлгөн тасмалардын тематикасы адам укуктары жөнүндө болгондуктан, тартылган тасма даректүү, искусство чеберчилиги турмушка жакын, көркөмдүк жагынан сапаттуу тартылуусу сыяктуу талаптарга жооп бериши керек.

Биз калыстар тобунун башчысы, драматург-жазуучу, кинорежиссер Талип Ибраимовду сөзгө тарттык:

- Бул жерге Чехиядан, Австралиядан, Америкадан, Кытайдан келген режиссерлор өз тасмаларын көрсөтүп атат. Фестивалдын аты айтып тургандай көбүнчө тематикалык жагына көңүл бурулат. Анткени адам укуктарынын абалы, каерде болбосун, ким болбосун ар бир адамдын укугу корголууга жатары тасмада кандай жол менен болбосун берилиш керек. Ошон үчүн тасманы баалаганда эки жагынан каралат. Биринчиден, көркөмдүүлүгү, экинчи жагынан жанагы темага канчалык басым жасап, теманы алып чыга алды, ошого карап жеңүүчү тандалат.

Фестивалга катышып жаткан тасмалардын кайсынысы жеңүүчү болорун азырынча айтуу эртелик кылат. Бирок кыргызстандык кинорежиссер Эльнура Осмоналиеванын “Алмаз” деген көркөм тасмасы менен кытайлык кинорежиссер Мика Пеледдин “Кытай: көк жынсы” деген тасмасы калыстар тобунун назарына илингендей. Анткени “Алмаз” тасмасында кыргыз жигиттин бала күндөн бөтөлкө чогултуп жан багып күн көргөнү, балтыры ката элек баланын балакатка оор азаптуу турмушту баштан кечирип отуруп жетилгени, мектепте мыкты окуганы, алыскы Москвада билим алганы, акыры тагдырдын жазмышы менен майып адамдардын катарында калганы көркөм тасманы сынактаган режиссерлорду жана көрөрмандарды кайдыгер калтырбагандай таасир берген.

“Кытай: көк жынсы” тасмасында болсо жынсы тиккен кыз-келиндердин түн уйкусуз, күн тынымы жок турмушу, аларды эс алуу дегенди билдирбей иштеткен бир тигүү фабриканын турмушу тартылган. Бул көңүл түйүнүнө ээ болгон тасмалардын кайсынысы алдыга чыгары фестивалдын акыркы күндөрүндө жарыяланмакчы.

Дүйнө элинде адам укуктарынын абалын бириктирип көркөм тасма аркылуу коомчулукка алып чыгууга далалат жасаган бул фестивалды уюштурууга демилгечи болгон “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун кызматкери Гүлжамал Жумабаева “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- Фестивалдын негизги максаты ушул адам укуктары тууралуу тасма жаратуучу адам баласына бир жолу өмүр берилгендей эле, укук дагы бир гана жолу ыйгарыла турганын көрөрмандарга турмуштун өзүндөй көрсөтүп берүү. Анткени укуктары тебеленген терс көрүнүштөр бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча абдан көп болуп жатканы айкын. Ошондон ушул тема көтөрүлүп жатат. Биздин киноматографисттердин кызыгуусун жаратып жатканын баса белгилеп айткым келет. Алар абдан активдүү катышып жатышат. Мурда Кыргызстанда мындай даректүү тасмаларга анчалык көңүл бурулбайт эле. Ушул фестивалга ондон ашык тасма конкурска катышып, ат салышып жатканын көрүүдөбүз. Көрсө биздин киномаданиятыбыз эл аралык мындай фестивалга чоң салым кошуп, өлкөдөгү олуттуу проблемалардын бири болгон адам укуктарынын сакталышына кайдыгер эмес экендигибизди белгилегим келет.

"Азаттыктын" тасмасында : “Бир дүйнө - 2010” фестивалы

“Бир дүйнө - 2010” фестивалы өтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00
XS
SM
MD
LG