Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

А.Абдырасулова: “Бүтүн Кыргызстан” маселесин сот чечиш керек


Укук коргоочу Азиза Абдырасулова шайлоодон кийин талаш жаратып жаткан беш пайыздык чек тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

-145 миңден ашуун добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кошумча тизменин пайда болушун атайын бут тосуу катары баалап жатат. Кошумча тизме аркылуу шайлоочулардын санынын 200 миңге көбөйүшү мыйзам чегиндеги эле көрүнүшпү?

А. Абдырасулова: Биринчиден, БШК алдын ала 142 миң шайлоочунун добушу беш пайызга туура келет деп жарыялаганынын өзү туура эмес. Бул БШК тарабынан шашылыш жыйынтык болуп калды деп эсептейм. Себеби негизги тизмеге элдин баары кирген эмес да. Кошумча тизмеге кирип добуш берүүгө ар бир Кыргызстандын жаранынын укугу бар болчу. Ошондуктан кошумча тизме жаралып жатат.

Экинчиден, ушул эле жагдайды “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзүнчө талкуулап жатат. Ал эми БШК болсо өзүнүн пикирин айтып жатат. Бул жерде эки тараптуу пикир болуп калгандан кийин бул маселени сот чечиш керек. Ошондуктан көчөгө чыгып, талап кылгандан көрө “Бүтүн Кыргызстан” өз талаптарын сот аркылуу чечсе, элди дүрбөтпөсө жакшы болот болчу.

- Сиз байкоочу катары буга чейинки шайлоолорго активдүү катышып келгениңиз белгилүү. Жалпы шайлоочулардын тизмесин түзгөндө ушул өңдүү өксүктүктөрдү болтурбаш үчүн кошумча тизмени да эске алып түзсө болбойт беле?

А. Абдырасулова: Бул деген жергиликтүү бийликтин өтө чоң жоопкерчилиги. Кошумча тизме жөнүндө, негизги тизменин башаламандыгы тууралуу укук коргоочулар дайыма айтып келе жатабыз. Бирок ушуга жакшы көңүл бөлүнбөй атат. Мисалы, менин үйүмдө эле алты шайлоочу болсо, анын экөө тизмеге кирбей калыптыр. Ошол кошумча тизме менен добуш беришти. Барып тизмени текшерип көрүүгө биздин шайлоочулар да пассивдүү болуп жатабыз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин жогорулатыш керек.

- Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” коюп жаткан дооматтарын канчалык негиздүү деп эсептейсиз?

А. Абдырасулова: Доомат кылууга “Бүтүн Кыргызстандын” укугу бар. Алар деле башка партиялар сыяктуу эле талапкер. Бирок ошол дооматтарын көчөдө эмес, сот аркылуу чечүү жоопкерчилигин көтөрүш керек.

-“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров кошумча тизме аркылуу шайлоочулардын саны кескин көбөйүп кетишине шектенүү менен мамиле кылып жатат. Тышкы жана ички миграцияны эске алганда кошумча тизме аркылуу шайлоочулардын саны 200 миңге көбөйүшү чындыкка коошобу?

А. Абдырасулова: Көптөгөн жылдардан бери тизме жөнүндөгү талаш-тартыш, айтылган ойлор эске алынбастан кайра эле ошол эски тизмелер берилип жатпайбы. Ошондуктан балким ушул шайлоодон кийин бизде тизме боюнча бир тактык жаралышы мүмкүн. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” шектенүүгө да, сотко кайрылууга, ошол эле убакта "шайлоонун жыйынтыгын кайра эсептегиле" деп талап кылууга укугу, бар талапкер катары. Ошондуктан бул жерде, биринчиден, сот чечиш керек. Экинчиден, кайра эсептеп чыгууга негиз бар болсо, кайра эсептеп чыксын. Ошондо кийинки шайлоолордо да тизме боюнча талаш-тартыштар, күмөн саноолор жок болот деген үмүт бар.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG