Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

К.Дүйшөбаев: Террордук актыларды болтурбай койгонго күчүбүздү жумшайбыз


Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.
Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү коопсуздук тармагындагы кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Кеңешбек Дүйшөбаев: 23-ноябрда Ички иштер министрлигинин оперативдүү кызматкерлери тарабынан шаарда террорчулук пландарды түзүп, бир нече жерлерде жардырууну даярдаган топ кармалган. Алардан курал-жарактар, жардыруучу заттар табылган эле.

Тергөө маалынан тартып, биз террорчулук топтор менен байланышкан адамдарды, башка окуяларды терең изилдеп, тергеп жатабыз. Атайын схема түзүлүп, ал боюнча көп тараптуу жумуштар жүргүзүлүп жатат. Ал боюнча Бишкекте да жардыруулар болуп, андан кийин түштүк жергесинде, үч облуста тең жардырууларды даярдашкан.

Түштүк региону 11 секторго бөлүнгөн, ар бир облуста, ар бир райондордо. Ош шаарында да 14 секторго бөлүп алып ошол жерлерге жардырууларды уюштуруу даярдалган. Бирок биздин алдын ала көрүлгөн чараларга, атайын операцияларга байланыштуу көп террорчулук фактылар алдын алынып, жардыруулар болгон жок.

- Ошто келиндердин жоголушу боюнча 6-7 факт бар экенин укук коргоочулар айтышууда. Бул боюнча сиздерде маалымат барбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Албетте адамдардын уурдалышы, айрыкча июнь окуясынан кийин бир топ фактылар болгон. Бир топтору ошондогу тополоңдо дайынсыз жоголгон. Айрымдары экспертизадан өткөрүлүп бүтсө да толук аныкталбай турат. Адамдардын уурдалышы, адамдардын жоголушу боюнча фактылар болуп атат. Аны ички иштер органдары, Улуттук коопсуздук кызматы тиешелүү издөө чараларын көрүп жатабыз.

- Ошол уурдалган келиндердин чачын, кашын кырып, кыйнап анан кое берип атыптыр деп айтылып атат. Муну жасоого кимдер кызыкдар болушу мүмкүн.

Кеңешбек Дүйшөбаев: "Чачын алып, кашын алып" деп үрөйдү учурган, элдин арасында кандайдыр бир коогалаңды жаратыш үчүн ар кандай ушак-айыңдар көп айтылып атат. Сиздер да дүрбөлөңгө алдырбай, берилбей ошондой маалымат болуп калса, маалыматтар тарап атса, болуп калса күч органдарына кайрылсаңыздар дароо чара көрөбүз.

- Ошто ири көлөмдөгү курал-жарак табылды эле. Ал кимге таандык, кимдер уюштурушу мүмкүн?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бүгүнкү күндө ошол курал-жарак таандык, аны сактаган, алып жүргөн адамдар кармалды. Андан тышкары ошол эле уюмга тиешелүү адамдар текшерилип, такталып атат. Бул террорчулук, экстремисттик күчтөргө тиешелүү болгон курал-жарактар. Анан алардын жалпы саны, канчалык деңгээлде курал-жаракка тиешелүү аны тергөөдөн кийин айтабыз.

- Ош шаарынын мэри Мэлис Мырзакматов террордук актылар болуп кетүү коркунучу бар экенин айтууда. Сиздерде ушул боюнча маалымат барбы? Ал эмнеге негиздеп, эмнеге таянып айтып атат?


Кеңешбек Дүйшөбаев: Мырзакматовдун өткөргөн чогулушу боюнча, анын сөздөрү боюнча элибиз чаң-тополоңго түшүп, абдан кооптонуп бизге кайрылуулар, телефон чалуулар болбодубу. Ошто укук тартибин камсыз кылып аткан органдар жергиликтүү бийлик жетекчиси катары жасалып жаткан иштер туурасында, пландар боюнча кат-кабарларды берет. Аны өзүнө гана тиешелүү болгон маалыматтарды элге жарыялай берген туура эмес деп ойлойм. Кандай гана кат-кабар болбосун аны салмактап, терең иликтеп, анан эл кандай кабыл алат ошону да ойлонуш керек да.

М.Мырзакматов жакында эле мэр болуп иштеп жаткан жок. Менимче ал 2008-жылдан бери иштеп атат. Анын шаардын жетекчиси катары улут аралык жаңжалды болтурбай коюу, мамилени жакшыртууга кандай аракеттерди жасады, өзүнүн жоопкерчилигин да эске алыш керек. Албетте баарын болтурбай коюш же алдыда эмне болорун бир гана Кудай билет да. Биз болсо Кудайга ишенип, бирок ошол эле мезгилде коопсуздукту сакташ үчүн ушундай актыларды болтурбай коюуга колдон келген аракетти жасап жатабыз да.

- Спорт ордосунун жанындагы жардыруу боюнча тергөө иштери бүтүп калдыбы? Жардырууну уюштурууга кимдер кызыкдар болушу мүмкүн?


Кеңешбек Дүйшөбаев: Алдын ала жүргүзүлгөн экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 23-ноябрда табылган жардыргыч заттар менен 30-ноябрдагы заттардын түзүлүшү бирдей, бирдей механизмде жана окшош батарейкалардын негизинде жүргүзүлгөн. Ошондуктан бул жерде биз бул террорчулук фактылардын жана террордук актыларды даярдаган адамдардын түздөн түз байланышы бар жана бир чынжырчада деп айтууга негиз бар. Бүгүнкү күндө бул террорчулук фактылар боюнча конкреттүү түрдө кармалып, мойнуна күнөөсү коюлуп, далилденген адамдарыбыз бар.

- Чек арадан өтүп кетип жаткан жеринен ушул жардырууга катыштыгы бар адамдын кармалгандыгы айтылды эле?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жок, чек арадан өтүп кеткендиги такталган. Биз ошол боюнча конкреттүү адамды шектүү деп издеп атабыз. Анын канчалык деңгээлде күнөөлүү, аны кармалып, күнөөсү мойнуна коюлуп, тергөө иши бүткөндө анан айта алабыз.

- Спорт ордусунун жанындагы жардырууну сиз белгилеп аткан террористтик уюмдар, чоң күчтөр эмес, бийлик өзү жасашы ыктымал деп айрым эксперттер айтып жатышат?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бул орусча айтканда “бред” деп койсом да болот. Бийликтин башка проблемалары жетиштүү, социалдык-экономикалык болобу, коомдук алакада болобу. Анан жөндөн жөн өзүнө каршы чагымды кантип уюштурат? Кандайдыр бир чагымчыл сөздөрдү чыгарган саясий күчтөр болсо керек.

- Кыргызстанда сепаратисттердин аракети кандай болууда?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бүгүнкү күндө биз тергөө иштерин жүргүзүп, көп иштерди алдын ала болтурбай үзгүлтүккө учуратып жатпайбызбы. Мындан ары да туруктуулукту сактап, террористтик актыларды болтурбай койгонго бүт күчүбүздү жумшайбыз.

- 7-апрелде көзгө атарлар ок чыгаргандыгы айтылып, кармалганы тууралуу маалыматтар да бир топ берилген.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Көзгө атар дегенде, жалаң эле бул фактылар боюнча бир эле иш козголгон эмес. Ал иш боюнча көптөгөн кылмыш иштер козголгон. Анын ичинде көзгө атарларга таандык дегендери да бар. Алардын бир топтору өзүнчө тергөө, иликтөө, изилдөө иштери жүрүп турат. Аларды да жыйынтыгы чыккандан кийин айтсак болот. Бүгүнкү күндө бүткөн иштер сотко кетти да, калгандары тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG