Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Европа-Борбор Азия: Бизден сизге эмне керек?


8-июнда Австрияда Европанын жана Борбор Азия экономикалык форуму ачылат. Дүйнөлүк экономикалык форум уюштуруп жаткан бул иш-чарага кыргыз президенти Роза Отунбаева катышат. Жыйын эки чөлкөмдүн экономикалык карым-катнашын арттырууга багытталган. Айрым коңшуларындай мунай-газы жок Кыргызстандын Европадан түз инвестиция алуу мүмкүнчүлүгү канчалык?

Австриядагы форумду уюштуруп жаткандардын пикиринде, Европа менен Борбор Азиянын экономикасы ар башка, бирок бири-бирине абдан көз каранды. Бул көз карандылык азыр тагдыр чечүүчү учурга жетти.

Маселен Евробиримдиктин өнүккөн өлкөлөрүндө экономиканын өсүү ыргагы жай кетүүдө, өкмөттүн чыгымдарына келгенде азыр алар үнөмчүл саясат жүргүзүүгө аргасыз болуп жатат. Ал эми Борбор Азияда экономиканын өнүгүү ыргагы жогору.

Инновацияга муктаждык

Быйыл эл аралык каржы уюмдарынын болжолунда, экономиканын өсүш ыргагы 6%дын тегерегинде болот деп күтүлүүдө. Евробиримдикте күтүлүп жаткан өсүш 2%дын айланасында. Бирок эки тараптын экономикасынын көлөмүндөгү айрымачылык асман менен жердей. Борбор Азиянын глобалдык экономикадагы үлүшү азыр 0,2% болсо, Евробиримдиктиги 25,9%. Башкача айтканда, Евробиримдикке дүйнөлүк экономиканын чейрек бөлүгү туш келет. Анткен менен Дүйнөлүк экономикалык форумдун пикиринде, эки тараптын экономикасына тең структуралык реформалар керек.

Буга кошумча Европа да, Борбор Азияда да дүйнөлүк экономикадагы атаандаштык жөндөмүн арттыруу жана сактап калуу үчүн инновациянын географиясын жана чөйрөсүн кеңейтүүсү абзел.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форумдун бөлүм башчысы Стивен Киннок ( Stephen Kinnock) инновацияга ириде Борбор Азия аймагы муктаж экендигин айтат:

- Инновация бул аймак үчүн эң зарыл нерсе. Бул чукулунан көңүл бурууну талап кылган маселе. Биз Венадагы форумда күн тартибинде турган ушул өңдөнгөн көйгөйлөрдү талкуулап, бизнес лидерлер, саясатты аныктоочулар аларды чечүүсү үчүн чогуу иштөөсүн камсыздоого аракеттенебиз.

Венадагы форумга жалпысынан бизнес чөйрөнүн, өкмөттөрдүн жана жарандык коомдун 500дөн ашуун өкүлү чакырылган. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан BT Group деген телекоммуникациялык компаниянын төрагасы Майкл Рейк ( Michael Rake ) форумга чакырылган ири ишкерлердин бири. Ал Дүйнөлүк экономикалык форумдун интернет сайтындагы маегинде белгилегендей, Борбор Азияда эмне болуп жатканын Европада көптөр биле бербейт:

- Менимче Борбор Азияда эмне болуп жатканын, Европа менен Борбор Азиянын байланыштарын көптөр аңдап биле бербейт. Мен жеке өзүм Борбор Азияда эмне болуп жатканынан кабардар болгум келет. Бул аймакта жана Европада иштеп жаткан компаниялар менен байланыш түзүүгө даярдануудамын. Бул кызыктуу жана маалымат жагынан бай саммит болот деген ишеним бар.

Европадан инновация менен инвестиция келеби?

Экономикага келгенде Борбор Азиянын беш өлкөсү ичинен Казакстан менен Түркмөнстан Европанын көңүлүн өзүнүн энергоресурстары, атап айтканда мунай-газы менен буруп келди жана буруп жатат. Калкы аймактан эң көп Өзбекстанга болсо Европанын экономикасы экспортко ыктаган Германия сындуу өлкөлөрү ички базарынан улам кызыгат. Мунун экөөсү тең жок Кыргызстан Европадан инновацияны жана инвестицияны канткенде ала алат?

Өлкөдөгү саналуу чет элдик инвесторлордун башын бириктирген Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Актилек Түнкатаровдун “Азаттыкка” айтканына караганда, жаңы технологиялардын келүүсүнүн бир жолу батыштык компаниялардын кызматын Кыргызстандын аймагында туруп аткарып берүү:

- Инновациялык технология тармагына акча салуучулар бар. Анткени Кыргызстанда өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жумушчу күчү арзан. Мен билген кичи ишканалар бар. Алар аутсорсинг кылып, чет өлкөлөрдүн заказдарын арзаныраак баага бул жактан аткарып жатышат. Индия сыяктуу ушул тармакты колго алсак болот.

Актилек Түнкатаров “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Батыштан түз инвестиция салгысы келгендер азырынча тоо-кен тармагына гана кызыкканы байкалууда. Бирок былтыркы окуялардан кийин алар да чоочулап турат:


-Алар кызыккан тармак тоо-кен тармагы эле болот го. Анткени бизде тоо-кен тармагында иликтөө- издөө менен алектенген чет элдик фирмалар көп. Бирок азырынча көпчүлүк инвесторлор коркуп, күтүп жатышат.

Энергетикадагы кызматташтыктын келечеги бар, бирок ...

Евробиримдик азыр өзүнүн энергияга болгон муктаждыгында калыбына келип туруучу булактардан алынуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүүнүн үстүндө иштөөдө. Бул маселе Венадагы Европа-Борбор Азия форумунда талкууланмакчы. Кыргызстандан электр кубатын өндүрүү жагынан европалыктар менен анча-мынча кызматташтыкты Кичи энергетиканын өнүктүрүү дирекциясы жүргүзүүдө.

Аталган дирекциянын башчысы Валерий Дилдин “Азаттыкка” айтканына караганда, алар азыр Германиянын Жашыл энергия кору, Франциянын “Алстом” компаниялары менен алгачкы биргелешкен долбоорлорду аткарууда. Эгер эки-үч маселе чечилсе бул жааттагы кызматташтыктын келечеги бар:

- Келечек бар, келечекти биз көрүп жатабыз. Бирок баары биз экинчи саясатты жүргүзүүдө басымды туура жасайбызбы же жокпу жана тартылган инвестицияга кандай кепилдик беребиз ошого көз каранды. Биз аткарылган жана улантылып жаткан долбоор өзүн-өзү сегиз жылдын ичинде актоосу үстүндө иштеп жатабыз. Инвесторго салган акчасын кайра артка алгыдай, башкача айтканда инвестициясынын кепилдиги болгудай моделдин үстүндө иштеп жатабыз. Буга кошумча Борбор Азиянын электр энергия базары жабык эмес, ачык өнүгүшүн каалар элек. Анткени Кыргызстандын ички базары чектелүү. Эгер Борбор Азия аймагынын өнүгүү келечеги жөнүндө айтсак, электр энергиясы сатылуучу рынокту издөөнүн үстүндө азыртан иштөө керек.

Борбор Азиянын өзүнө келгенде экономикалык кызматташтыктын, аймактык сооданын өнүгө албай жатышын эксперттер өлкөлөр ортосунда ич ара интеграцияга караганда, кайра ички кызыкчылыктардан улам бири-бирине тоскоолдук үстөмдүк кылганына байланыштырып жүрүшөт. Борбор Азия лидерлери интеграцияга келгенде Евробиримдикти мисал тартканы менен анын турмушка ашуусу азырынча кыял бойдон эле калууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG