Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

"Интернет эрөөлдө" Эмилбек Каптагаев болду


Окурмандарыбыздын "Интернет эрөөлдөгү" суроолоруна Кыргызстан президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жооп берди. "Интернет эрөөл" 16-июнда Бишкек убакыты боюнча саат 15тен 17ке чейин өттү.
Окурмандарыбыздын "Интернет эрөөлдөгү" суроолоруна Кыргызстан президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жооп берди. "Интернет эрөөл" 16-июнда Бишкек убакыты боюнча саат 15тен 17ке чейин өттү.

Окурмандарыбыздын суроолоруна бул жолу Кыргызстан президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жооп берди. "Интернет эрөөл" бүгүн (16-июнда) Бишкек убакыты боюнча саат 15те башталды. Суроо-жооп жүрүмү саат 17де аяктады.

Эмилбек Каптагаев мырзага былтыркы июнь окуяларынан бийлик кандай сабак алды, этностор аралык чатакты кантип болтурбоо керек, Кыргызстандын эл аралык беделин арттыруу, президент менен элдин карым-катнашы, кадр маселелери канчалык ачык-айкын чечилет өңдүү, ж.у.с. багыттарда суроолор узатылды.

Суроолордун айрымдарын адаттагыдай эле алдын-ала жарыялаган элек.

Жалпы эрежебизге сыйбаган пикирлер жана суроолор жарыяланбагандыгын эскерте кетели.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.

Видео тасма. 16.6.2011.

XS
SM
MD
LG