Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Түйшүктүү түрмө: абактагылар эмне дейт?


Бишкектин четиндеги №3 түрмө
Бишкектин четиндеги №3 түрмө

12-июлда Жаза аткаруу башкы кызматы журналисттерди жакында удаа-удаа жаңжал чыккан Бишкектин четиндеги №3 түрмөдөгү абал менен тааныштырды. Андагы жаңжал улут аралык түскө ээ болду деген сөздөр тараган эле.

Ахмоджон үч жылдан бери абакта отурат. Ушул убакыт арасында кыргыздар менен аралашып, бир нанды бөлүшүп жеп, бир туугандай болуп калганын айтууда.

- Биз бүгүн угуп таң калып отурабыз. Бул эч жерде эч кандай кыргыз менен өзбектин ортосунда, дегеле башка улуттар арасында тополоңдор болгон жок, болбойт дагы.

Жанындагы Кененбек да бул сөздөрдү далилдеп, түрмөдө улут деген болбой турганын, бул жердин өзүнүн тартиби өкүм сүрөрүн, жазылбаган мыйзамдар менен жашашарын кошумчалады.

- Биз өзүбүз тартип кармайбыз. Өзбек, кыргыз, татар – баарыбыз бирдей жашайбыз. Дүйнө жүзүндөгү түрмөлөрдө мыйзам ушундай. Улуттар арасында бөлүнүү болбош керек.

Абактагылар “улут аралык негизде чыр чыгаргандарга жазасын беребиз” дешет. Мындан бир нече күн мурда ушул эле биз барган №3 түрмөдө чыр-чатак чыгып, анын себеби “ич-ара пикир келишпестиктен” деп түшүндүрүлгөн.

Ошол эле учурда Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Эрнст Исаев “абакканада улуттар аралык жаңжал орун алган” деп айткан эле. Мындай билдирүүнү түрмөнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Надыр Сатыбалдиев четке какты.

- Өзүңөр көргөндөй эле бул жерде эч кандай улуттар аралык жаңжал болгон жок. Акыркы болгон чыр-чатак да төрт адамдын ортосундагы пикир-келишпестикен, кайым айтышуудан башталган. Аны тергөө иликтеп жатат.

Мушташа кеткендердин арасында өзбек жана татар улутундагылар да бар экени билинди.

Журналисттер барганда абактагылар “бизде баары жакшы” деп жатышты. Бирок акыйкатчы Турсунбек Акун жабык жайлардагы абал ойдогудай эмес деген пикирде:

- Албетте баары биз ойлогондой эмес. Ошол 4 адамдын токмоктолуп ооруканада жатканы өзү чоң маселе. Абактарда ачыкка чыкпаган көп маселелер бар, алардын биринчиси – тартип. Ошол арматуралар кантип абактагылардын колуна тийди? Эмне үчүн аларда курал бар? Эмнеге алар көрүнбөй эле бири-бирин сабап койот? Ушунун баары тартипке коюлган эмес, ачыктык жетишпейт бул жерде.

Кыргыз түрмөлөрүндө быйыл ала жаздан бери бир канча ирет козголоң чыккан. Алар жашоо шартына, администрация менен араздашууларга нааразы болду деп айтылган. Кийин уюшма кылмыштуу топторго өкмөт жарыялаган согуштан улам козголоң орун алды деп расмий тарап билдирген.

XS
SM
MD
LG