Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

А.Айдаралиев: Садыркулов бийликти кулатууга киришкен


Мурдагы бийлик тушунда Кыргызстандан чет өлкөгө баш калкалап кетүүгө аргасыз болгон эркин журналист Асыран Айдаралиев ушу тапта Хельсинки шаарында жашайт. Ал ыраматылык Медет Садыркулов менен кызматташып, маркумдун жашоосундагы соңку айлары анын жанында болгондордон.

А.Айдаралиев: Окуя болоордон 2 күн мурун жолугуп, ал кишиден алган коркунучтуу интервьюм бар болчу. Аны жарыялайын десем, ал киши “кое тур” деп уруксат бербей койгон. Ошондо анын артынан түшүп, коркутуп жатышканын айткан. Садыркуловдун оозун жабыш үчүн аны бийликке кайра алып баруу, же жок кылуу керек болгон. Аны ким коркутуп жатканын ачык айткан эмес, анан мен сурасам, “ошону билбейсиңерби, Жаныш Бакиев менин элдешкис душманым. Мен ага эч кандай душмандык кылбайм, бирок ал мени душман кылып алды. Эгерде мага бир нерсе, кокустук болсо, өмүрүмө коркунуч туулса ал - Жаныш”, деп айткан.

«Азаттык»: Бир өлкөнүн президенти, анын үй-бүлөсү, жалпы эле бир өлкөнүн расмий бийлигине ушунчалык коркунуч туудурган М.Садыркуловдо эмне сырдуу күч бар эле?

А.Айдаралиев: Бакиевдин баласынын, үй-бүлөсүнүн кылып жаткан иштеринен көп маалыматы бар болчу. “Ал киши [К.Бакиев] кетет”, деп айткан. Кандай жол менен анын бийликтен кетирүү тууралуу ал Алматыга барып-келип, оппозияциялык лидерлер менен байланышып, даярданып аткан.

Ал стратегиялык планын түзүп, жакында элге сенсация боло турган нерселердин баарын даярдап, “Бакиевди бийликтен кетиребиз”, деп аткан. Ага баш-отун сайып киришип алган. Бул тууралуу Бакиевдин үй-бүлөсү, туугандары толук маалымат алса керек. Алар ал кишинин эртерээк көзүн тазалабаса болбоорун түшүнгөн. «Ак жол» партиясын түзгөндө дагы Садыркуловдун тизмеси менен келген адамдар да бар болчу. Бул кишини колдой турган, жактап кете турган адамдар көп болчу. Ошол себептен ал кишиден коркушкан.

«Азаттык»: М.Садыркулов өзү эмнеге ишенип жүрдү эле, сиз ушуга кызыгып сурап көрдүңүз беле?
Садыркуловдун оозун жабыш үчүн аны бийликке кайра алып баруу, же жок кылуу керек болгон.


А.Айдаралиев: Ал өзү деле күткөн эмес ушундай болуп кетээрин. Мен “артыңыздан аңдып жүрсө, коркунуч болуп атса коркпойсузбу”, деген суроо берсем, “Коркпойм” деп койгон. Анын жан сакчылары бар болчу, акыркы күнү кетип атканда жан сакчыларын эмнеге таштап койгонун билбейм. Ал коркутуп, же бир нерсени жасайт деп ойлогон, бирок өлүмгө, мыкаачылыкка барат деп ойлогон эмес. Андай болорун эч ким күткөн эмес. Казакстанда, Орусияда өтө күчтүү, тажрыйбалуу колдой турган саясатчылар бар болчу. Кыргызстанда деле кадрдык маселеси боюнча көп адамдар менен байланышы бар эле. Баары колдоп кетмек.

«Азаттык»: Бийликтен кеткенден кийин "М.Садыркулов Кыргызстанда ошол кездеги оппозициялык күчтөрдү, таасирдүү оппозициялык саясатчылардын баарынын башын бириктире баштаган. Өлкөнүн сыртынан, ошол эле Казакстандан, Орусиядан финансылык каржылоону өз мойнуна алган", деген маалыматтар чыккан, ушул чынбы?

А.Айдаралиев: “Бардыгы даяр болот” деп айтып аткан. Гезит чыгарганга каражат, баары болоорун айткан. “Эл митингден тажап бүттү, эми митинге чыкпайт”, деп айтсам “Элди пайдаланбайбыз, элди алдап, көтөрбөй эле башка күчтөрдү пайдаланабыз, акча табылып калды”, деген. Билбейм кандай жол менен табаарын, бирок ошого ишенип, көзү жетип, даярданып аткан.
Эгерде мага бир нерсе, кокустук болсо, өмүрүмө коркунуч туулса ал - Жаныш”, деп айткан.


«Азаттык»: Медет Садыркулов Кыргызстандын саясий тарыхында талаштуу саясий ишмер катары кала берет да. Чын эле ал өлкөнү, элди сүйчү беле, же саясий оюндардын чебери беле?

А.Айдаралиев: Бул кишинин элге жасайын деген жакшынакай максат, иштери бар болчу. Бул киши мурда деле кетип калмак, ал кандайдыр бир убакытты күтүп отурду. Оппозиция менен мамилеси укмуштай жакшы болчу. “Биз митинг-пикеттер менен эч нерсеге жетише албайбыз, бардыгынын акырындык менен жолун табышыбыз керек”, деп күтүп жүргөн.

Өкүнүчтүүсү - өзү түзүп, күтүп жүрүп, акыркы жыйынтык чыгаарда, өзү даярдаган долбоорлорунун курмандыгы болуп калды.

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Медет Садыркулов менен эки шеригинин сөөктөрү табылган жерден тартылган видео баян. 19-март, 2009-ж. MiT, SA.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG