Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

АКШ Транзиттик борбор боюнча Кыргызстан менен сүйлөшөт


АКШ коргоо министри Леон Панетта менен Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев. Бишкек, 13-март, 2012.
АКШ коргоо министри Леон Панетта менен Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев. Бишкек, 13-март, 2012.

АКШнын “Манас” аба майданындагы транзиттик борбору боюнча эки тараптуу сүйлөшүү апрель айында башталат.

Мындай жыйынтык АКШ коргоо министри Леон Панетта жетектеген делегация менен Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев жана коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин Бишкектеги бүгүн кечиндеги жолугушуусунда белгилүү болду.

Жабык өткөн жолугушуунун расмий бөлүгүндө кыргыз тарап мөөнөтү 2014-жылдын июнунда аяктаганы турган АКШ транзиттик борборунун жарандык макам алышы зарылдыгын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев бул аскерий жайдын мөөнөтү узартылбай тургандыгын буга чейин бир нече ирээт билдирген.

Борбордун тагдыры боюнча АКШ коргоо министри менен Бишкектеги сонку жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: АКШ Коргоо министри Леон Панетта менен жолугушууда АКШ тарап транзиттик борбор боюнча кандай позициясын билдирди?

Бусурманкул Табалдиев: Биз АКШ тарапка 2014-жылдан тарта базанын тагдыры кандай болот, кандай кылып чечебиз, качан сүйлөшүүлөрдү баштайбыз, быйыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп тагдырын чечсек жашы болоор эле деп айтып келе жатабыз. Ушул суроолорго бүгүн АКШнын коргоо министри жооп берди. “Жакында, апрелде биз атайын эксперттик топ жөнөтөбүз. Ошолор сүйлөшүүлөрдү баштайт”, - деп бүгүн конкретүү жообун берди.

“Азаттык”: Демек бул топ транзиттик борбордун тагдыры боюнча сиздер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт турбайбы?

Бусурманкул Табалдиев: Эми транзиттик борбордун тагдыры боюнча кандай өзгөрүүлөр болот, кандай кылып чечебиз, кандай сунуштар болот, биздин жана алардын сунуштары кандай болот, алар дал келеби, келбейби деген суроолор боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз.

“Азаттык”: Бул топ апрель айынын кайсы убагында Кыргызстанга келип калат?

Бусурманкул Табалдиев: Эми аны так айткан жок. Апрелде эксперттик топ жөнөтүп, бул ишти баштайбыз деп гана айтышты.

“Азаттык”: АКШнын коргоо министри Леон Панетта транзиттик борбордун жарандыкка айланышына макул болобуз, же таптакыр чыгып кетебиз деп так позициясын билдире алдыбы?

Бусурманкул Табалдиев: Жок, азыр так позициясын айткан жок. Эксперттик топ иштеп, чогуу бул маселени талкуулап, бир жыйынтыкка келебиз деген гана чечимин айтышты.

“Азаттык”: Сиз жолугушуунун башында транзиттик борбордун тагдыры быйыл чечилиши керек деп айттыңыз. 2014-жылы мөөнөтү бүтө турган борбордун маселесинин азыр талкууланышына эмне себеп?

Бусурманкул Табалдиев: Эми бул маселе абдан оор, чоң, опурталдуу болуп жатпайбы. Бул жакын арада, бат эле чечилип кала турган маселе эмес. Ошондуктан шашылбай, бири-бирибиз менен пикирлерибизди салыштыралы дедик.

Мында чечиле турган, каржы, экономикага байланышкан көп маселелер бар. Башка мамлекеттер менен карым-катнаштарыбыз бар. Ошонун баарын эске алып туура чечимге келишибиз керек да. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү азыртадан баштасак, канча убакта бүтөөрүн убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG