Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

...Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй


15-мартта Бишкекте залкар киноактер, таланттуу сүрөтчү Сүмөнкул Чокморовдун өмүр баянын, чыгармачылыгын камтыган Жолдошбек Сулаймановдун “Кереметке жанашуу ” деген аталыштагы фотоальбомунун бет ачары болду.

Китептин мукабасында бешенеси жарык, жүзүнөн мээри төгүлгөн Сүймөнкул Чокморов алаканы менен жаагын таянып, ойлуу каректерин чексиздикке кадап, көөдөнүндө көп сырды катып тургандай.

Бул фотоальбомдо улуу таланттын ата-теги жөнүндө маалымат, атасы Чокмор, апасы Какин Молдалы кызынын жашоо турмушу, бир туугандарынын төрөлүшү жана алардын кийинки тагдыры, үй-бүлөсү, айыкпас дарт менен кайраттуу күрөшүүсү тууралуу жазылган.

Ошондой эле Сүймөнкул Чокморовдун экинчи аялы менен болгон ысык мамилеси, андан төрөлгөн эки уулу тууралуу маалымат бар.

Фотоальбомдо Чокморовдун архивдик документтери, кол жазмалары, кинодогу ролдору, анын тарткан живопистери, эл менен жолугушуусун камтыган жана кыргыз искусствосунун алптарынын фотосүрөттөрү, замандаштарынын эскерүүлөрү басылган.

Китептин автору Жолдошбек Сулайманов жыйырма жылдан бери Кыргызстанда өйдө-төмөн саясаттын кесепетинен улам баалуулуктарга көңүл бурулбай, көркөм өнөрдүн куну кетип баратканда “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” экенин коомчулукка дагы бир ирет эскертип, улуу талантты улуттун жүзү катары кароого көңул бурдуруу максатында ушул китепти жазганын айтат.

Ал өткөн доордун 70-80-жылдарындагы муун Сүймөнкул Чокморовдун кинодогу ролдоруна таасирленип чоңоюшканын, анын көп кырдуу талантын, кайталангыс чыгармачылыгын келечек муунга калтырууга аракет кылганын кошумчалады.

Китепти чыгарууга коомдук ишмер, Элдик-демократиялык партиянын лидери Артур Медетбеков демөөрчүлүк кылган:

- Менин абдан сыйлап, урматтаган, кыргыз киноискусствосундагы чыгаан адамдардын бири, кумир тутуп жүргөн адам катары Сүймөнкул аганын элесине арналган китепке колуман келген каржыдан жардам бердим. Экинчиден, менин ата-энем дагы кыргыз театр искусствосу үчүн бүт эмгегин жумшаган адамдар. Ошондуктан ушундай атактуу адамдардын аты өчпөсүн, кедечек муундар эстеп жүрсүн, билип жүрсүн деген максат менен китепти чыгарууга кол кабыш кылдым.

Артур Медетбековдун атасы СССРдин эл артисти Капар Медетбеков, апасы Кыргыз эл артисти Калемкаш Атамкулова көп жылдар Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында иштешкен.

Бул фотоальбомду чыгарууга каржылык жактан жардам берген дагы бир демөөрчү СААS компаниясынын директору Азиз Исмаилов бала кезинен Сүймөнкул Чокморовду кумир тутуп, анын каармандарын туурап өскөнүн белгилеп, кыргыздын көркөм өнөрүн, маданиятын өстүрүүгө салым кошорун билдирди.

Фотоальбомдун бет ачар аземине келишкен Сүймөнкул Чокморовдун бир туугандары китептин авторуна жана демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдиришти.

Бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов болсо өкмөт тарабынан Сүймөнкулдун эстелигин Бишкекке тургузуу тууралуу бир нече токтом чыкканы менен ал ишке ашпай келатканын белгиледи:

- Жыйырма жылдан бери Сүймөнкулдун эстелигин тургузуу тууралуу беш-алты токтом чыккан. Андан бери беш-алты премьер-министр кызматтан кетти. Жылда эле борборго эстелиги коюлсун деп токтом чыгат. Бирок андан майнап чыкпайт. Мени кейиткени - Сүймөнкулдун деңгээлине жетпеген адамдарга деле эстелик тургузуп жатышканы...

Сүймөнкул Чокморов атындагы кордун жетекчиси Сагынбек Абдырахманов марафон өткөрүшүп, элден каражат топтоп жатышканын, Сүймөнкулдун мемориалдык комплексин Байтик айылына бараткан жолдун кесилишине курууну, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Таласка дагы эстелигин орнотууну пландаштырып жатышканын билдирди.

Кыргыз көркөм өнөрүнө эбегейсиз салым кошкон, кыргыздын жүзүн ааламга тааныткан Сүймөнкул Чокморов 53 жашында узакка созулган оорунун кесепетинен 1992-жылы 26-сентябрда каза болгон эле.
XS
SM
MD
LG