Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Паспорт даярдоону өкмөткө өткөрүү талабы


Кыргызстанда жаштар уюмдары жарандык паспорт даярдаган жеке фирма маалыматтардын баарын өздөрү каалагандай пайдаланып, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп чуу көтөрүүдө.

“Эркин Эл”, “Ынтымак” жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү, жаш активисттер паспорт даярдоону мамлекет өз колуна алсын деген талаптарын айтып чыгышты. Мындай кайрылуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жөнөтүлдү. Алар жарандык паспорт даярдаган жеке фирма маалыматтардын баарын өздөрү каалагандай пайдаланып, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп билдирүүдө.

“Эркин Эл” жаштардын саясий кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза буга чейин Кыргызстандын паспорту менен сойку кыздар, экстремисттик уюмдун өкүлдөрү делген адамдар кармалганын мисалга алды.

- Көптөгөн өнүккөн, өзүн сыйлаган өлкөлөрдө паспорт маселесин мамлекет өзүнө алган. Тилекке каршы Кыргызстанда муну жеке ишканага берип коюп, көптөгөн азаптарды тартып атабыз. Мисалы Кавказ улутундагы жарандар Кыргызстандын жарандыгын алып, кайра Орусиянын жарандыгын алган. Ошол эле сойку кыздарды Кыргызстан аркылуу Араб мамлекеттерине чыгарышкан мамлекеттин кадыр-баркын түшүрүп. АКШда биздин паспорттор менен террористтер, экстремисттер кармалган. Ошондуктан паспорт маселесин жеке компанияга толук ишенип берип койгон туура эмес.

Кыргызстанда паспортторду даярдап басуу менен жети жылдан бери “Интел Линкс” жеке ишканасы алектенет. Паспорт маселеси, анын ичинде “Интел Линкстин” ишмердүүлүгүн текшерүү зарылдыгы буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев акыркы кезде кыргыз паспорттору чет элдик жарандарга берилип жатканын парламент жыйынында айтканы бар. Депутат Жылдызкан Жолдошева паспорт кимге, кандай берилип жатканы көзөмөлгө алынбай жатканын белгиледи.

- Бир жылы Октябрь райондук паспорт столдон ири суммадагы паспорт жоголгон. Азыр ошолор Ооганстандан, башка жактардан чыгып атат. Ар кандай күчтөргө ким берип жатканын биз билбейбиз, жеке ишкана эмне кылып атат, кимдерге берип атат аны да билбейбиз. Көзөмөл жок. Жеке адамдардын дагы коопсуздугун сакташыбыз керек да. Мамлекеттин коопсуздугун, элдин тагдырын жеке менчик компаниянын карамагына өткөрүп бердик. Экинчиден, Мамлекеттик каттоо кызматы жеке ишкананын имаратында отурат. Ошондуктан муну өкмөт тез арада токтотуп, келишимди бузуш керек.

Анктен менен “Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов жогоруда айтылган дооматтарды четке кагууда. Ал Мамлекеттик каттоо кызматы берген буйрутманын эсебинде гана паспорт даярдаларын билдирүүдө.

- Бул маалымат туура эмес. Анткени биз толтурулуп келген арыздардын негизинде ошого жараша паспорт чыгарабыз. Беш миң болобу, төрт миң болобу күнүңкүсүн күндө отчет берип турабыз. Ал эми негизги паспорт алуу, мисалы ким алат, ким албайт деген маселелерди башка органдар чечет. Бизде арыз жаза турган кагаз дагы, паспорттун кагазы дагы жок. Ал эми жарандар тууралуу маалыматка Мамлекеттик каттоо кызматынын уруксаты менен гана кире алабыз. Бул маселе дагы ИИМ тарабынан текшерилип турат.

Паспорт системасындагы башаламандык мамлекет тарабынан ирээтке келтирилбегендиги менен бул тармактагы жемсөөлүк маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Эми жаштар уюмдары кеңири комиссия түзүлүп, маселе иликтенүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG