Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

16 тургунунан ажыраган Чарбак аза күтүүдө


Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)
Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)

Казакстанда жол кырсыгынан мүрт кеткен кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алынып келатат.

Соңку маалыматтарга караганда, оор абалда Балхаш шаарындагы ооруканага жеткирилген эки адамдын бирөө түзүк болуп калды, экинчиси да эсине келди.

Карагандага кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө Бишкектен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаасы барды.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин кызматкери Руслан Мааткеримовдун “Азаттыкка” билдиришинче, унаа 9-майда кечке маал кайра жолго чыгат:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаасы 8-майда кечинде Бишкектен чыккан. Азыр ал жакка жетти. Сөөктөрдү алып, кайра жолго чыкканы жатат.

Сөөктөрдү алып келүүгө түбү базаркоргондук, казак жаранын алып Карагандада 27 жылдан бери жашап жаткан Тахиржан Мурзубаев жардам берип жатат. “Азаттык” Мурзубаев менен байланышканда, Балхаш шаарындагы ооруканага оор абалда түшккөн Мухидин Рыспек уулунун абалы дурус болуп калганын, абалы оор экинчи жаран Гүлбадам Султанова да эсине келгенин билдирди:

- Кырсыктан үч адам жарадар болгон. Бирөө ооруканага жеткенде үзүлгөн. Бирөө азыр коридордо басып жүрөт. Экинчиси кыз. Ал факс менен жөнөтөлү деп сүрөткө тартып атышканда эсине келип, ачык жаткан экен жууркан менен кумтуланып алыптыр. Ал да өзүнө келиптир.

Казакстанда 8-майга караган түндөгү жол кырсыгынан 16 адам ажал тапкан. Баары Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын тургундары. Алар Орусиянын Екатеринбург шаарына иштегени баратышкан.

Аталган айыл караган Базар-Коргондун Моңгол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов айыл эли чогулуп, каражат топтоп, азага даярдык көрүп жатканын айтып берди:

- Алар Орусиядагы жумушунан эс алууга айылга келип, кайра кетип жаткан болчу. Кышта келип, жазда кетип жатышкан. Алардын бешөө Орусиянын жарандары. Эки шоопур болсо буга чейин каттап, адамдарды ташып жүргөн. Сегиз адам колуна эки кичинекей баласын алып, биринчи жолу Орусияга жумуш издеп, тиричилик деп кетип бараткан.

Кырсыктагандар Базар-Коргондон 6-майда жолго чыгышкан экен. 8-майга караган түнү алар түшкөн Ssang Yong үлгүсүндөгү кичи автобус Алматы-Екатеринбург унаа жолунда, Караганда облусуна караштуу Ак-Жал айылынын жанында оор жүк ташуучу КамАЗдын бет маңдайынан чыгып, алдына кирип кеткен.

Жол кырсыгына кыргызстандыктарды тартып бараткан кичи автобустун айдоочусунун көзү ызгып кеткени себеп болгону айтылууда.

Кыргыз өкмөтү бул жол кырсыгынан ажал тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардам берилерин убада кылууда.

XS
SM
MD
LG