Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

НАТО Кыргызстан аркылуу жүк ташыйт


НАТО Ооганстандагы аскерлери үчүн жүктү былтыр ноябрга чейин Пакистан аркылуу ташып келген.
НАТО Ооганстандагы аскерлери үчүн жүктү былтыр ноябрга чейин Пакистан аркылуу ташып келген.

НАТО Пакистанды алмаштырчу жолду Борбор Азиядан тапты.

НАТО болжолдонуп жаткандай эле, Ооганстандан аскерий-техникалык жабдууларын чыгарып кетүүгө ылайыктуу жолду Борбор Азиядан тапты. Уюмдун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен андай келишимге Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен кол коюлганын 5-майда Брюсселде жарыя кылды.

Коалициялык аскерлер ноябрда жаңылыш урган сокку 24 пакистандык жоокерди катардан чыгарган. Ошондон кийин расмий Исламабад Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк ташуучу кан жолду жаап салган. НАТО 2014-жылдын аягына Ооганстандан негизги колун, ага кошо каруу жарак техникасын чыгарып кетүүгө тийиш.

НАТО Ооганстандагы аскерий техникаларын Борбор Азия аркылуу ташып чыгуу жөнүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен келишим түздү. Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен 4-майда Бельгиянын байтакты Брюсселде жарыя кылды:

- Биз ошондой эле Борбор Азиядагы үч өнөктөшүбүз менен Ооганстандан чыкчу транзиттик жолду буруу жөнүндө келишим түздүк. Бул келишим бизге зарыл ишенимдүү жана ыңгайлуу жол системасын пайдаланууга кеңири мүмкүндүк берет.

Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк былтыр ноябрга чейин Пакистандан келчү. Ноябрда коалициялык күчтөрдүн жаңылыш чабуулунан Ооган-Пакистан чек арасында пакистандык 24 аскер набыт болгондон кийин, Исламабад жолду жаап салган. 2013-жылы НАТО Ооганстандын коопсуздугун Ооган аскерлерине тапшырып, 2014-жылдын аягында өлкөдөн негизги колун жана аскерий шаймандарын чыгарып кетет.

Расмуссен Орусия менен транзиттик жүк ташуу боюнча келишим бар экенин эске салып, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен транзиттик жүк ташуу боюнча мунаса НАТОнун 22-майда Чикагодо болгон саммитинде жетишилгенин белгиледи. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнө жолдорун пайдаланууга бергени үчүн канча акча төлөнөрүн айтпады. Бирок эки жак жол акысы боюнча да бир бүтүмгө келгенине көңүл бурду.

Кыргызстан 2014-жылы Бишкектин Манас аэропортундагы АКШнын транзиттик борбору жабыларын адеп жарыя кылганда, ошол замат Орусия транзиттик борбор катары Ульяновск шаарындагы аэропортту сунуш кылган эле.

НАТОнун башкатчысы Пакистан менен транзиттик жүктү өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, дале болсо Исламабад ийге келет деген үмүт бар экенин да кошумчалады.

Бул билдирүү Вашингтон жана анын союздаштары Ооганстандагы каруу шаймандарын кымбат жол менен чыгарып кеткенге камдана баштаганын күбөлөйт. Мурда жарыяланган маалыматтарга караганда, НАТО үчүн Пакистан аркылуу өтчү жол Борбор Азия-Орусия аркылуу өтчү жолдон алты эсе арзанга турмак.

НАТО Борбор Азиянын үч мамлекети, анын ичинде Кыргызстан менен түзгөн келишим менен АКШ береги өлкөлөр менен жетишкен макулдашуу бирби же бөлөкпү, азырынча беймаалым. Мындан тышкары НАТО түзгөн келишимге ылайык, уюмга мүчө кайсы өлкөлөр транзиттик жолду пайдаланары да белгисиз.

XS
SM
MD
LG