Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Турсунбеков: Өкмөттү мактай албайбыз


Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин күңгөй-тескейи тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ой бөлүштү.

- Бүгүн парламенттеги үч фракция өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин караганы жатат. Мындай маселени чечүүдө сиздин фракция да негизги ролду ойнойт. Азыр өкмөттү кетирүүгө жөндүү кандай себептер бар?

- Негизи бул маселени эки өңүттөн кароо керек. Азыркы тапта фракциялардын депутаттары, ал гана эмес Кыргызстандын атуулдары маселени бир өңүттөн карап жатышат. Өкмөт башчынын адамдык сапаттарына, бизнес менен мамлекеттик иштин алака-катышына болгон мамилесине карап жыйынтык чыгарууга аракет кылып жатышат.

Биздин жыйында КСДПнын башынан берки позициясы - негизинен ушул өкмөттүн өлкөдөгү экономикалык-социалдык өнүгүүгө салымы бар же жок экендиги каралат. Өкмөттүн ишмердүүлүгүн баалай турган беш критерийдин негизинде кароого аракет кылып жатабыз. Биздин айрым депутаттарды бүгүнкү өкмөттөгү аксап турган абал кейитип турат.

Ошол эле мезгилде биз бул өкмөткө өзүбүз түзгөн өкмөт катары жан тартуу менен мамиле кылып жатканыбыз жашыруун эмес. Бирок турмуштун чындыгы үстөмдүк алып бара жатат. Эгерде экономика өспөсө, көрсөткүчтөрдө жылыштар болбосо биз дагы башкалардын бааларына кошулабыз. Бирок ошол эле мезгилде башкалардын баалары көбүнесе өкмөт башчысынын жеке өзүнүн мүнөзүнө, коррупцияга катышы бар же жогуна карата берилип жатат.

- Ошол эле учурда премьердин жактоочулары өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси жеке адамдардын пикир келишпестигинен чыкканын, өкмөт башчы менен айрым белдүү саясатчылардын тиреши болуп жатканын айтып жатышат. Буга сиз кандай карайсыз?

- Белдүү саясатчылардын аргументтери түздөн-түз премьер-министрдин тигил же бул экономикалык, мамлекеттик маселелерге болгон мамилесинен келип чыгып жатканынан улам, жанагы белдүү саясатчы премьер-министрдин мамлекеттик милдетине шайкеш келбеген иш-аракеттерин сынга алганынан улам, аны көп учурда кабыл алууга туура келет.

Эгерде өкмөт башчынын тигил же бул деңгээлде коррупцияга аралашканы тууралуу кеп-сөз болуп жаткан болсо жана ал боюнча кандайдыр бир далилдер пайда болуп жатса, анда сөзсүз түрдө кызматтан кетүүгө туура келет. Мен билген маалыматтар боюнча, премьерге сын таккан саясатчылар ушул жагына басым жасап жатышат.

- Сиздин фракциянын позициясы кандай? Азыркы шартта өкмөттүн кетишине макулсуздарбы же каршысыздарбы? Же бирдиктүү позиция жокпу?

- Биздин фракцияда жер-жерлерден келген бир позиция бар. Мен аларды жакшы билем. Бирок ал позицияны ачыкка чыгараардан мурда биз дагы бир жолу ийри отуруп, түз кеңешели деп жатабыз. 13-августта кечки саат алтыда саясий кеңештин отуруму болуп, ал жерде буга чейин айтылып келген премьер-министрдин, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйынтык сөздөр айтылат.

Ошонун негизинде биз чекит койчу тыянакка келебиз деп ойлоп турам. Ошондуктан айрым көз караштардын ортосунда айырмачылыктар болуп жатканы үчүн биз сөзсүз түрдө премьер-министрдин кетишине макулбуз же каршыбыз деп азыр ушул учурда чекит коюп, айта албайбыз. Бирок бүгүн кечинде жыйынтыгы чыгып калат.

- Бул өкмөттүн иштеп баштаганына бир жыл да толо элек. Өкмөт бат-баттан эле алмаша берсе качан өнүгүү болот?

- Туура айтасыз. Биз да ушул позициядан келип чыгып, жазында маселе көтөрүлүп жатканда айттык. Премьер-министрди коюп жатканда эле анын коррупцияга тиешеси барбы же жокпу деген маселенин тегерегинде чоң чуру-чуу болгон. Бирок биз ошондо бекем ишеним көрсөтүп, премьер-министрдин коррупцияга байланышы болбойт деген убада берип жатканы үчүн биз ага ишенүү менен колдоо көрсөткөнбүз. Бүгүнкү күнгө чейин бул чуруу-чуу басылбай келатат.

Биз айтып жатабыз, эгерде колуңарда далилдериңер болсо, алып чыгып көрсөткүлө, андай далилдер болсо анда силердин тарапты сөзсүз колдойбуз деп айтып жатабыз. Анткени бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө деп жатабыз.

Биз тогуз айдын жыйынтыгын карайлы дегенбиз. Негизи тогуз ай деле болуп калды. Ошол эле мезгилде ал жыйынтык боюнча, бүгүнкү күнгө чейинки жети айдын жыйынтыгы боюнча, тилекке каршы кыргыз экономикасындагы өсүш канааттандыраарлык болгон жок. Бул өкмөттү мактай албай турабыз.

- Ал эми өкмөт мүчөлөрү тууралуу эмне айта аласыз?

- Албетте, ар бир өкмөттүн мүчөсүнө жекече мамиле кылууга туура келет. Анткени алардын ичинде өз мекемесинде бир топ иш жасап, ишин алга жылдырып жаткандары бар. Ошол эле мезгилде эч кандай иш кылбай, тескерисинче жалпы өкмөттүн ишин артка тарткандары бар.

- Эми өкмөттү кетирүү маселеси парламенттин сентябрдагы жыйынында көтөрүлөбү?

- Ачыгын айтканда, биздин саясий кеңештин жыйынтыгы 13-августта чыгат. Ал жыйынтыкка жараша 20-августтан кийин фракциянын жыйынын чакырабыз деп ойлоп жатам. Анда бул маселени кезексиз жыйында же, биротоло сентябрдын үчүндө карайбыз деген маселе коюлат.


P.S. Бүгүн бүгүн “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары да кезексиз жыйындарын өткөрүп, анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин талкууга алууда. “Ата Мекендин” депутаты Жоомарт Сапарбаев бул маселени көтөрүүгө өкмөттүн экономикадагы, коррупция менен күрөш жана реформалар багытындагы чабал аракети себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов болсо өкмөттү кетирүүгө негиз жоктугун белгилеп келет.
XS
SM
MD
LG