Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Беларус элчилиги таш бараңга алынды (видео, фото)


Таш бараңга алынган элчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына нааразылыкка чыккандар элчиликтин айнектерин талкалап салды.

Бакиевдерди өткөрүп берүүнү талап кылган топ Бишкектеги Беларус элчилигин таш бараңга алды. Беларус Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Минскидеги убактылуу өкүлүн чакырып, бул окуяны өз элчилигин жана андагы кызматкерлерди коркунучка кирептер кылган көрүнүш катары баалап, мындайга жол бербөөгө чакырды.


Тынч башталган акция тоз-тополоңго айланды


Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун бош чаканы калдыраткан бүгүнкү нааразылык акциясы тынч маанайда башталган. Бирок мурдагы башка акциялардан айырмаланып, тополоңго айланып кетти.

Өндүрүш Токтонасыров имараттын алдына апрель окуясында жабыркаган “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин 60 чакты өкүлү да келип, “Жаныш менен Курманбекти өткөрүп бер!”, “Беларус элчиси кетсин!” деген плакаттарды кармап, анда санда кыйкырып коюп жатышты. Элчиликтен жооп болбогон соң, айрым жабырлануучулар милиция кызматкерлеринин каршылыгына карабай, имараттын эшигин каккылап, тепкилөөгө киришти.

Алардын бири 2010-жылдын 7-апрелиндеги ок атууларда атасынан айрылган Айчүрөк Камаева талаптарын түшүндүрүп өттү:

- Жаныш Бакиевди, Бакиевчилерди катып отуруп албай, бизге берсин. Бул жерден өз жазасын алсын! Аталарыбызды, байкелерибизди атып коюп, Беларусияда эркин жүрөт экен да... Биз Жаныш Бакиевдин берилишин талап кылып жатабыз. Болбосо Беларусиянын элчилигинин бизге кереги жок. Жаап салсын!

Беларус элчиси Виктор Денисенконун чыгышын талап кылган топ имаратка таш ыргыта башташты. Натыйжада имараттын үч-төрт терезесинин айнеги сынып, гүл салынган кутулар талкаланды. Имараттын алдындагы жарыялары да тытылды. Чогулгандардын айрымдары милиция кызматкерлери менен жулмалаша кетишти. Көп өтпөй нааразы топ менен сүйлөшүү үчүн Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов келди.

Аскар Бешимов баштаган топ элчиликтин имаратына кирип, элчи менен сүйлөшүп чыккандан кийин, Бакиевдерди экстрадиция кылуу боюнча жабырлануучуларга маал-маалы менен кабар берилип турары белгилүү болду:

- Ар бир үч-төрт күндө Тышкы иштер министрлигине келип байланышып турабыз, азыр кайсы деңгээлде каралып жатканы тууралуу маалымат беребиз дешти. Биз күн сайын эле элчилик менен байланыштабыз, - деди Аскар Бешимов.


Беларус элчилигин бекем коргоону талап кылды


Чогулгандар элчиликтин алдындагы бүгүнкү акцияны жакындарынан айрылгандардын аргасыз айласы деп бир ооздон белгилешти. Деген менен бул окуяга Беларус Тышкы иштер министрлиги дароо жооп кайтарып, Кыргызстандын Минскидеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Дмитрий Лиге эскертүү берди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Беларус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Мария Ваньщина билдирди:

- Беларусиянын Бишкектеги элчилигинде болгон окуяга байланыштуу бүгүн Минскиде Кыргызстандын Беларусиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү министрликке чакыртылды. Ага дипломатиялык кызматтын ишине тоскоол болуучу чагымчыл аракеттерди болтурбоо катуу эскертилди. Беларус тарап элчиликти бекем коргоону талап кылды.

Жакында беларустук активист Михаил Пашкевич Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп сүрөткө тартып алган. Анын сүрөттөрү интернетке жарыяланып кеткен соң кыргыз коомчулугунда Беларус бийлигине нааразылык кайра жанданган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска кайрылып, Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга өткөрүлүп беришин сураган. Бирок беларус тарап "Жаныш Бакиев саясый куугунтукка кептелди" деген жообун берген. Натыйжада Кыргызстан Беларусиядагы Элчиси Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн чакыртып алган.

Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциялары 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан соң, Беларус бийлиги Кыргызстандан качкан мурдагы президент Курманбек Бакиевди кабыл алгандан кийин да болуп турган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бүгүнкү окуяны териштирип жатканын билдирди. Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси боюнча КМШнын аткаруу комитетине кайрылары кабарланды.


Элчилик алдындагы акциядан сүрөт баян


XS
SM
MD
LG