Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

"Фергана.ру" өкмөттү сотко берет


Мамлекеттик байланыш агенттиги мыйзамсыз түрдө веб сайтты Кыргызстандын интернет аймагында жаап салганы үчүн аталган сайт ушул кадамга баратканын билдирди.

"Фергана.ру" сайтынын адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, Мамлекеттик байланыш агенттиги Жогорку Кеңештин токтомун ишке ашырууга милдеттүү эмес болчу, анткени Жогорку Кеңеш кандайдыр бир сайтты жабуу боюнча буйрук бере албайт.

- Парламент "Фергана.рунун" айрым материалдарында улуттар аралык кастыкты козутууга түрткү берген жана экстремисттик маалыматтар бар дегенден кийин бул маселени экстремисттерге каршы мыйзамында жазылган процедурага ылайык караш керек. Ал жакта болсо Башкы прокуратура сотко тиешелүү сайтты жабуу боюнча арызы менен кайрылыш керек деп жазылган. Жакында “Бейкүнөө мусулмандар” аттуу тасма дал ушул жол аркылуу сотто экстремисттик деп табылып, Кыргызстандын сайттары алып салган. Бул маселеде да "Фергана.ру" сайтын жабуу боюнча бир гана сот өкүм чыгарат же мындай өкүмдү чыгарбайт.

Ошон үчүн Мамлекеттик байланыш агенттиктин чечими туура эмес болгонун далилдеп, сайтты кайра ачууга чечим чыгарууну соттон суранабыз, деп кошумчалады Токтакунов.

Даниил Кислов
Даниил Кислов
Мамлекеттик байланыш агенттиги сайтты жабуу боюнча каттарын жергиликтүү ишканаларга ушул жылдын феврал айында жолдогон. Бирок аткаруучу ишканалардын бир бөлүгү чечимге баш ийсе, башкалары жапкан эмес.

"Фергана.рунун" башкы редактору Даниил Кисловдун маалыматы боюнча, азыр анын сайты мамлекеттик Кыргызтелеком жана "Мегалайн" интернет ишканаларында гана ачылбайт.

- Сайт жабылгандан кийин биз өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бул чечим туура эмес экендигин түшүндүрө алабыз го деп үмүттөнүп жатканбыз. Бирок майнап чыкпагандан кийин сотко кайрылууга аргасызбыз.

Сынга алынган чечим

Кислов Кыргызстандан анын сайтына февралга чейин төрт миңдей интернет колдонуучу кирсе, азыр бул сан бир жарым миңдин тегерегинде экенин белгиледи.
Ал эми Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилери “Азаттыкка” курган маегинде алар аткаруучу бийлик болгондон кийин Жогорку Кеңештин токтомун аткарууга милдеттүү экенин билдиришти. Агенттиктин статс-катчысы Самат Сагымбаев:

- Алар сотко кайрыла берсин, укугу бар. ЖКнын токтому турса, биз кантип сайтты кайра ачып салабыз? Биз аларга ачык эле айтканбыз, Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарышсын, ошондо гана мүмкүнчүлүк болот да. Парламенттин токтому тургандан кийин бул жерде сот деле туура чечим кабыл алат.

Биз маектешкен юристтер да бул маселеде Жогорку Кеңештин токтому укуктук жактан күчтүү экенин айтып, аткаруу бийлик органдары баш ийүүгө шарт экенин белгилешти. Алардын айтымында, "Фергана.ру" токтомду сот аркылуу жокко чыгарыш керек. Бирок адвокат Нурбек Токтакунов бул маалымат ресурсту жапкан Мамлекеттик байланыш агенттиги жооп бериш керек деп белгилей кетти.

Июнь коогасы боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Токон Мамытов Жогорку Кеңештин токтомун өкмөт башка жолдор аркылуу аткарууга мүмкүнчүлүгү бар болчу деген пикирде.

- Эми жанагы сайтты чынын айтканда жабуу тууралуу соттун чечими болуш керек. Өкмөткө тапшырылгандан кийин өкмөт бул маселе боюнча албетте сотко кайрылышы керек болчу. Ошол материалдардын баарын, депуттардын сунушун алып туруп кайрылса болмок.

"Фергана.ру" сайтынын башкы редактору Даниил Кислов аталган материалдар айрым саясатчыларга шылтоо гана болуп, чындыгында алар өзүнө жакпаган сайтты жаптыртышты деген ойдо. Ал эми Токон Мамытов бул маселеде эч кандай саясат жок деп эсептейт.

Былтыр июнда парламенттин аталган токтому чыккандан кийин да, быйыл февралда сайт жабылгандан кийин да бир топ жергиликтүү жана "Хьюман Райтс Уотч", "Чек арасыз кабарчылар" уюмдары, Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо" комитети өңдүү эл аралык уюмдар бул кадамды Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө катары баалашкан. Эми "Фергана.ру" сайтынын адвокаты Токтакунов жакынкы арада арызды Бишкек райондор аралык сотуна бере турганын билдирди.
XS
SM
MD
LG