Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Кышкы туризм: кыбыраган кыр ашат


Кышкы эс алуу маалында капчыктуу кыргызстандыктардын көбү Түркия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөргө сапар алышат. Тескерисинче, сырттан Кыргызстанга келип, таза абада лыжа тээп, чер жазгандар арбыды. Адистер Кыргызстанда кышкы туризм өнүгө баштаганын айтышат.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясынын жетекчиси Асылбек Режалиев, Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин башкы адиси Чубак Оморов жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Кутай Октай.

“Азаттык”:
Кыргызстандагы кышкы туризмдин абалына кандай баа бересиздер?

Асылбек Режалиев: Кыргызстанда кышкы туризм жаңыдан өнүгүп келатат. Жайкы болобу, кышкы болобу Кыргызстандын туризм үчүн потенциалы чынында эле чоң.

Бирок азыркыга чейин ал потенциал толук кандуу колдонула элек, өзгөчө кышкы туризм багытында. Мисалы, өлкөдөгү лыжа базаларынын ичинен дүйнөлүк стандартка ылайык, жакыныраагы бир гана Каракол базасы. Эгер биз кышкы туризмди өнүктүрөбүз десек, анда ушундай базалардан бир нечесин ар кайсы аймактарда ачышыбыз керек.

Асылбек Режалиев
Асылбек Режалиев
Кышкысын чет өлкөдөн келген туристтер аз. Келгендердин көбү кошуна өлкөлөрдөн, Казакстан, Орусиядан гана келишет.

Инфраструктурасы жок туруп өлкөдөгү кышкы туризмди рекламалоо да туура болбой калат. Ал эми сырттан инвесторлор азыр келбейт. Анткени бизде инвестицияны коргоо боюнча шарттар жок.

Кутай Октай: Кышкы туризм багытында Кыргызстандын потенциалы көп. Анткени сезондун узундугу, кардын көптүгү сыяктуу туризм үчүн керектүү, жакшы жагдайлар бар. Бирок азыр инвестиция керек болуп турат. Лыжа базаларынын инфраструктурасын жакшыртып, тоо мейманканаларын куруш керек. Андан соң реклама жагын жандандырса, туризм өнүгөт.

Кутай Октай
Кутай Октай
Мисалы, Түркияда 25 лыжа базасы бар. Анын ону активдүү иштейт, аларда 8 миңге жакын орундуу мейманкана бар. Түркияда 100 миңге жакын адам лыжа спортуна кызыгат.

Кыргызстанга Түркиядан көбүнчө альпинисттер кызыгып келип, тоолорго чыгышат.

Туристтер көбүнесе жайында келет. Ал эми кышкысын авиабилет, турлардын баасын арзанырак кылса келгендер да көбөйөт деп ойлойм.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Чубак Оморов: Бизде кышкы туризм алгачкы этаптарын баштады. Келечеги кенен деп ойлойм.

Чындыгында туристтик сезон дегенде эле жайында Ысык-Көлдү атап, кышты эске албайт болчубуз. Мурда кышкы туризм азыркыдай актуалдуу эмес эле. Бул тармакка эми гана көңүл бурулуп жатат.

Азыр кыргызстандыктар арасында кышкы туризм популярдуу болуп баратат. Андан сырткары Орусия, Казакстандан келип, бул жакты жакшы билишет.

Чубак Оморов
Чубак Оморов
Биздин максат – бул потенциалды дүйнөлүк инвесторлорго жана туристтерге жакшылап жеткирүү болуп турат. Кийинки жылга жакшылап даярданабыз деген ойдобуз.

Премьер-министрдин алдында туризмди өнүктүрүү, ушул багыттагы маселелерди чечүү боюнча кеңеш түзүлгөнү жатат. Анда инфраструктура, лыжа базаларына барган жолдорду оңдоо, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана башкалар жогорку деңгээлде чечилиши керек.

XS
SM
MD
LG