Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Cахарада газ комплекси чабуулга кабылды


Ин Аменастагы "Бритиш Петролиум" менен Алжирдин "Сонатраш" компаниясы иштеткен газ комплекси.
Ин Аменастагы "Бритиш Петролиум" менен Алжирдин "Сонатраш" компаниясы иштеткен газ комплекси.

Алжир армиясы исламчылардын чабуулуна туш болгон Сахара чөлүндөгү газ ишканасын курчоого алышты. Согушкерлер Ливия чек арасына жакын жерде орун алган кенде чет өлкөлүк 41 адисти барымтага алышкан. Алар Франциянын Малидеги антитеррордук операциясын токтотууну талап кылышууда.

Барымтага түшкөндөр тууралуу карама-каршы маалыматтар берилүүдө. Алжирдин мамлекеттик маалымат каражаттары бир нече киши барымтадан качып чыгышканын кабарлашты.

Алжир бийлиги согушкерлер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Ички иштер министри Даху Улд Кабиланын айтымында, коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алышты. Согушкерлердин чабуулунан британиялык жана алжирдик кишилер окко учуп, жарадар болгон 6 кишинин ичинде британиянын 2 жараны бар экени кабарланды.

Террордук чабуулга кабылган In Amens газ комплексинин картасы
Террордук чабуулга кабылган In Amens газ комплексинин картасы
Барымтага алынгандардын арасында андан тышкары норвегиялык, япониялык, франциялык адистер бар деп айтылганы менен расмий Париж француз жараны тууралуу маалыматты тастыктай элек.

АКШ жана Батыш согушкерлердин кол салуусун айыпташууда. Пентагондун башчысы Леон Панетта Римдеги пресс-конференцияда окуяны "теракт" деп атады:

- Ислам Магребиндеги "ал-Каида", жалпы эле "ал-Каида" уюшмасы. Мен муну жеке тажрыйбаман да айтып жатам, бул чоң кооптонуу жаратат. Алар биздин өлкө, бүтүндөй дүйнө үчүн кооптуу. Алар кайсы жерде орун албасын, кайсы жерде аракеттенбесин, бардыгыбызга бирдей кооп туудурат.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Алжирдин премьер-министри, АКШнын Алжирдеги элчиси менен телефондон байланышып абалды талкуулады.

Жапония ушу тапта Европада жүргөн өз чабарманын Алжирге жиберүүнү чечти.

Окуя болгон газ кенин норвегиялык "Статойл" энергия компаниясы "Бритиш Петролиум" жана Алжирдин "Сонатраш" компаниясы менен биргелешип иштетет.

""Статойлдин" 17 кызматкери согушкерлер жапырык жасаган учурда ишкананын аймагында болчу. 5 киши коопсуз жерде экени кабарланды. Барымтага 12 кызматкер алыныптыр. "Статойл" жалпысынна канча киши барымтага алынганын тасттыктай албайт. Ин Аменастагы газ комлексинде "Статойлдун" тажрыйбалуу адистери иштейт. Алар аймакта көп жылдардан бери эмгектенип келген кызматкерлерибизден", - деди компаниянын аткаруучу директору Хелге Лунд.

Мавритания медиасы "ал-Каида" уюмунун мүчөсүнүн сүйлөп жатканын көрсөттү.
Мавритания медиасы "ал-Каида" уюмунун мүчөсүнүн сүйлөп жатканын көрсөттү.
Айрым талдоочулардын айтымында, кол салууну чындап эле Магребдеги "ал-каидачылар" уюштурган болсо, анда Обама администрациясы Франциянын Малидеги антитеррордук операциясына активдүүрөөк жардам бериши мүмкүн. Буга чейин Вашингтон жаңы урушка аралашуудан карманып, логистикалык гана жардам берээрин билдирип келген. Бирок АКШнын кызыкчылыктарына кооп туулса, абал өзгөрүшү мүмкүн дешет аналитиктер.

Ал тапта Батыш Африка аскерлеринин алгачкы контингенти Малиге жөнөтүлдү. Алар өлкө түндүгүндөгү антитеррордук операцияга катышат. Контингентке Нигерия, Буркина Фасо, Того, Нигердин аскерлери кирет.

Өткөн аптанын этегинде Франция Малинин түндүгүн басып алган исламчыл козголоңчуларга каршы күрөшүү үчүн өз аскерлерин жиберген.

XS
SM
MD
LG