Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Мигранттын убактысы кезекте өтөт


Орус бийлиги жаңы жылдан тарта мигранттардын манжасынын тагын алууга жана кан аркылуу алардын саламаттыгын текшерүүгө киришти.

Бул мигранттарды жумушка уруксат кагазын толтуруу же мөөнөтүн узартуу учурунда жүргүзүлүүдө. Федералдык миграция кызматы бул аракеттер коопсуздук үчүн жасалганын айтса, мигранттар жаңы иш-чаралар жолго коюлбагандыктан, оорукана менен миграция кызматынын кеңсесинде узун кезек убакытты алып жатканына нааразы.

Жумушка орношууга уруксат кагазын алуу үчүн манжасынын тагын тарттырууга, саламаттыгы жайында экенин жана ВИЧ инфекциясы жоктугун тастыктоо үчүн кан тапшырууга милдеттендирилгени – мигранттар үчүн ашыкча түйшүк болуп жатканын байкоо кыйын эмес.

Алар катталган жерине жараша Федералдык миграция кызматынын ошол аймактагы өкүлчүлүгүнөн жумушка орношууга уруксат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле өкүлчүлүккө бекитилген медициналык мекемелерден гана кан тапшырышы керек.

Азырынча мигранттардын ден соолугун каны аркылуу текшерүүчү медициналык мекемелер саналуу болуп жаткандыктан узун кезектер ушул жерден эле башталат. "Кан тапшыргандан кийин анын жыйынтыгын алуу үчүн бир жумадан кийин келсең да ошол эле көрүнүш" дешет мигранттар.

Саламаттыгы тууралуу маалымдама кагазы колуна тийген мигрант эми Федералдык миграция кызматынын өкүлчүлүгүнөн манжанын тагын тарттырууга тийиш. Ал бүткөн соң булардын негизинде жумушка орношууга уруксат берүүчү кагазды күтөт.

Кезектин аягы көрүнбөйт

Кыргызстандык Бекжан жумушка орношуу кагазын убагында алалбай, Москвадагы убактылуу каттоодо туруу мөөнөтү бүтүп калгандыктан коңшулаш Украинага чыгып келүүгө аргасыз болгон:

- Ушул документти күтүп жүрүп каттоо мөөнөтүм да бүттү. Анан Украинага чыгып келдим. Ал жакка барып келүү жол киреси менен беш миң рубль болот. 15-январдан бери документим жок жумушка кире албайм, айлык акылары жогору, жакшы иштер чыгып атат. Бирок иштөөгө уруксат кагаздын жоктугу ал жакка кирип иштөөгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Маектешибиз дээрлик эки айдан бери документтери бүтпөгөндүктөн жумушка орношо албай, карызга белчесинен баткан экен. Ошентсе да кыштын суугуна, ач-ток калганына карабай узун кезек күтүүгө мажбур болуп жатканын айтып үшкүрүнөт Бекжан:

- Кан тапшырганымда эртең менен саат тогуз жарымда барып, кечки саат беште араң кирдим. Ошондо да күндүн суугунан көпчүлүк мигранттар кетип калышкан болчу, бул да менин ошол күнү кезегим жетишине мүмкүнчүлүк берди. Ал эми манжанын тагын тарттыруу үчүн барганымда дагы 250-болуп кезекке жазылып, үч күн күттүм. Эми уруксат кагаздын колума тийишин күтүп жүрөм.

Жалаң кезек күтүү үчүн жумушунан калууга мажбур болгон мигранттарга иштебеген күнү үчүн акы төлөнбөйт. Ошондуктан кээ бирөөлөр таң эрте келип, кезекке жазылып коюп кайра кетүүгө аргасыз. Бирок кайра келген учурда деле жазылган кезек сакталбай турганын айтат Назгүл:

- Адам көп. Ал жерде кыргыздар гана эмес, башка мигранттар да бар, ошондуктан күн сайын эртең менен кезек түзүлүп, адамдар жазылышат. Бирок ал кагаз түштөн кийин же эртеси жарабай, башкасы түзүлөт. Күндөп-түндөп кезек күткөн адамдар бири-бири менен урушуп, тополоң чыккан учурлары да болуп атат, ал жердеги миграция кызматкерлерине баары бир экен, тартипти жолго салууну ойлоп да коюшпайт. Мен уруксат кагазын алуу үчүн бир жума кезекте турдум десем да болот, акыры аялдарды кезексиз киргизип калып, ошол күнү алдым.

Акча тапкан ортомчулар

Федералдык миграция кызматы жумушка орношууга уруксат берүү жараянын татаалданткан соң, аны уюштуруу жагы эмне үчүн жолго коюлган эмес?

Федералдык миграция кызматынын Москва башкармалыгы боюнча жооптуу катчысы Юрий Московский бул иш-чара жаңы жылдан тарта эле башталгандыктан азырынча кемчиликтер болуп жатканын мойнуна алды:

- Тилекке каршы айрым кыйынчылыктар болуп жатат. Улам убакыт өткөн сайын биздин кызматкерлер тажрыйба алып, кырдаал жакшырат деп ойлойм. Анын үстүнө азыр манжанын тагы мигранттардан гана эмес, чет жакка чыгууну каалаган орус жарандарынан да алынууда, ушундан улам кезек узун болуп жатса керек. Бул жалаң орусиялыктардын гана эмес, мигранттардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн да зарыл нерсе деп эсептейм.

Жумушка орношууга уруксат берүүчү кагазды алуу үчүн мигранттын чөнтөгүндө эң кеминде 20 миң рубль акчасы болууга тийиш. Анткени ар бир жараяндан өтүү акча болуп эсептелет.

Белгилей кетүүчү нерсе, айрым миграция өкүлчүлүктөрү жеке адамдан жумушка орноштурууга уруксат берүү тууралуу арыз кабыл алышпайт. Алар үчүн атайын ортомчу фирмалар менен иштешүү кандай деңгээлде ыңгайлуу экени чынында белгисиз.

“Мигранттарды колдоо” коомдук уюмунун жетекчиси Чолпон Осмонова Орусияда мыйзамдуу иштөө жараяны улам татаалданган сайын ортодо айрым мекемелердин кызматкерлери мигранттардын акчасын алууга аракет кылып жатышканын “Азаттыкка” айтты:

- Мигранттардын саламаттыгын текшерүүгө уруксат берилген бир нече поликлиникалар бар, алардан башкалардыкы жарабайт. Бизге ошол поликлиникалардын биринен бир врач телефон чалып, биздин мигранттарды кезексиз кабыл алуу үчүн миң рублдан акча сурады. Мигранттардын мыйзамдуу иштөөсүн камсыз кылуу жараяны татаалданган сайын коррупция күчөп жатат. Кыргызстандык мигранттарды колдоочу уюмдар өткөндө Федералдык миграция кызматынын кызматкерлери менен жолугушуп, жумушка орношууга уруксат кагазын алууда мигранттар кыйналып жатышканын айтып, аларды медициналык жактан текшерүүчү мекемелердин санын көбөйтүүнү, уруксат кагаздын өзүн берүүчү кеңселерди дагы көбүрөөк ачууну сураганбыз. “Макул, ишке ашырабыз” дешкен, бирок жылыш жок.

Иштөөгө уруксат берүүчү кагазды алуу мурун 18 миң рублдин тегерегинде болсо, жаңы жылдан тарта кирген тартиптердин негизинде айрым ортомчу фирмалар кардарларынан 20-22 миң рубль сурай баштады. Ал аралыкта 2-апрелден тарта Москва метрополитени жана транспорт тармагы жол кирени төрт рублге кымбаттатып, 30 рублге чыгарды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG