Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Сирияга кетти делгендердин бири кайтып келди


Баласын Түркияга издеп барып таппай келген Маматали Ташбалтаев (солдо) Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков менен сүйлөшүп жатат. Кызыл-Кыя шаары, 21-май, 2013.
Баласын Түркияга издеп барып таппай келген Маматали Ташбалтаев (солдо) Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков менен сүйлөшүп жатат. Кызыл-Кыя шаары, 21-май, 2013.

Кызыл-Кыядан Сирияга кеткени айтылып жаткан жети адамдын бири Түркиядан мекенине кайтты.

Сирияга аттанган жети жигиттин бири кайтып келгени эки күн мурда белгилүү болду. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйында сөз болуп, мындан ары диний жаатта мыйзамдарды катаалдантуу, чет өлкөлөргө диний билим алууга кеткендердин санын тактоо сыяктуу демилгелер айтылды. Буга чейин кызылкыялык айрым ата-энелер балдары жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияга кетиши мүмкүн деген шек менен тиешелүү тараптарга кайрылышкан. А түгүл алардын айрымдары балдарынын артынан Түркияга чейин барышып, бирок майнапсыз кайтып келген эле.

Бирөө келди, калгандары кайда?

Сирияга кетиши мүмкүн делген кишилердин бири Түркиядан кайра үйүнө келгенин, дагы бир киши жөнөп жаткан жеринен калтырылганын “Азаттыкка” УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнөн да тастыкташты. Аталган бөлүмдүн башчысы Замирбек Жолболдуев бирок азырынча башка маалыматтар берилбесин айтат:

- Алар Кызыл-Кыя шаарынан ар кандай жолдор менен Түркияга окууга, Орусияга, Сочиге, Прибалтикага иштегени кеттим деп ата-энелерин алдап чыгып кетишкен. Биздин маалыматтар боюнча, Түркиядан ары Сирияга барып, тополоңго аралашуу максатында жолго чыккан. Бир жаран өзү Түркиядан кайтып келди. Азырынча ал Түркияга барганын гана айтып жатат, бирок калган маалымат анан билинет да.

Сирияга кетти делгендердин арасында кызылкыялык Маматали Ташбалтаевдин 29 жаштагы уулу да бар. Ал ушул жылдын 10-апрелинде Түркиядан диний билим алам деп үйдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк Түркияга баргандардын бири үйүнө телефон чалып, “бизди алдап алып келишиптир, Сирияга жихадга алып барышат экен”,-деген кабар айтат. Ошондон кийин алардын ата-энелери чуу түшүп, балдарын издөөгө киришет. Сирияга кеткен болушу мүмкүн делген жети баланын жакындары бул тууралуу расмий бийликке кайрылышат.

Маматали Ташбалтаев атүгүл уулун издеп Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен кошо Түркияга да барып, бирок баласын таппай келген. Анын баамында, баласы азырынча Түркиядан эч жакка кеткен эмес, бирок ата-энесинен дайын-дарегин жашырып жүрөт:

- Телефондон бизге чалып, Түркияда эле окуп жүрөбүз деп айтып жатат. Бирок кайсыл жерде экенин айтпайт. Сирияга азгырып алып кетеби деп коркуп жатабыз. Биз өзүбүз Түркияга барганыбызда телефонун өчүрүп коюп, кай жерде экенин айтпады. "Кайсыл жерде экенимди айтсам, алып кетип каласыңар", - деп койду. Эми ал балдардын ар кимиси ар кайсы убакта кетишкен. Баары тең жол акысын үйлөрүнөн алып кетишкен.

Шаардын дагы бир тургуну Алишер Өмүрзаковдун уулу да Түркияда жүрөм деп телефон чалган. Бирок уулун атайын издеп барып таппай келген бул ата ачылып сүйлөп берүүнү каалаган жок:

- Түркияда окуп жатам деп айтты. Телефон чалып айтып жатат. Бирок Түркияга барганда таба албадык.

Мечиттер түрдүү агымдардан алыс болсо...

Кызыл-Кыяда өткөн коомчулук менен расмийлердин талкуусунан кийин диний жаатты жөнгөргөн мыйзамдарга катаң өзгөртүүлөрдү киргизүү, дааватчыларды бекитилген тартип менен көзөмөлдөө, мечит-намазканаларды да ар кандай агымдардан алыс кылуу үчүн тартипке келтирүү сунуштары кабыл алынды. Жыйында негизги маселе катары чет өлкөгө диний билим алууга кеткен жарандар тууралуу маалымат эч жерде катталбаганы айтылды.

УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдалим Мамаев адегенде коомчулуктун жардамы менен ушул маалыматты тактап алуу зарылдыгын белгиледи:

- Чет өлкөлөрдөгү окуучулар, студенттер тууралуу так маалымат жок. Айрыкча ушу диний билим алып жүргөн жаштар тууралуу маалымат жок болуп жатат бизде. Ошону ар бир айылда, конуштарда коомчулуктун жардамы менен күч кызматтары биргелешип, тактап алсак жакшы болот эле.

Кызыл-Кыядагы бул жалпы чогулуштун соңунда аялдардын диний жааттагы абалына да көз салуу менен, облустун бардык аймактарында диний жаатта түшүндүрүү иштерин күчтөнтүү демилгеси да жактырылды.

XS
SM
MD
LG