Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Максимдин миллиондору кайтарылабы?


Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин жетектеп, ал аркылуу экономиканы ачык колго алган.
Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин жетектеп, ал аркылуу экономиканы ачык колго алган.

Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин каражаты жүгүртүүгө тыюу салынгандыгын америкалык Akin Gump юридикалык компаниясынын өкүлү “Азаттыкка” тастыктады.

Бул каражат 75 миллион доллар экенин Кыргызстан өткөн айда расмий билдирген болчу. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевдин мүлкүн кайтаруу боюнча кызматташуу үчүн америкалык Akin Gump юридикалык компаниясы менен келишим түзгөнүн жакында жарыя кылды.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, АКШдагы Akin Gump юридикалык компаниясы менен келишим июнь айынын аягында түзүлгөн. Келишимге ылайык, аталган компания мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге АКШда козголгон кылмышты кайрадан жандантууга жана анын ал жакта камакка алынган акчасын Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшмөкчү:

- Биз Akin Gump компаниясы менен келишимди түздүк. Алар учурда Максим Бакиевдин АКШдагы жана Британиядагы активдерин издей башташты. Келишимдин шарты боюнча бизге кайтарымсыз жардам берүүгө макул болушту. Азырынча мындан кандай жыйынтык чыгаарын айта албайм.

Башкы прокуратура келишимди аткаруу мөөнөтү, кенже Бакиевге таандык делген каражатты Кыргызстанга кайтаруунун жол-жобосу, компанияга төлөм акылар тууралуу “Азаттыкка” маалымат берген жок.

Максим Бакиевдин АКШдагы 74,4 миллион долларлык эсеби жабылгандыгы тууралуу маалыматты июлдун башында экономика министри Темир Сариев айтып чыккан:

- Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктагы эсептер табылды. Бирөөсүндө 5.4 млн. доллар жаткан экен. Аны камакка алышты. Андан башка Максим Бакиев өзү аракеттенип, АКШда баалуу кагаздарды сатып, 9 млн. доллар пайда көргөн экен. Ал эсепти да камакка алып коюшту. Андан башка Американын коммерциялык банктары мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен 60 млн. долларлык эсептер камакка алынды. Алар 60 млн. доллар пайда табыш үчүн операцияны Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктар менен иштеп, пайда көргөн деп табылган.

Темир Сариев Башкы прокуратура Максим Бакиевдин табылган мүлкүн издөө боюнча сунуштары АКШ, Британия жана Латвияга жөнөтүлгөнүн да кошумчалаган. Бирок АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул маалыматты тастыктаган эмес.

Ал эми Eurasianet.org баштаган бир нече маалымат каражаттары Темир Сариевдин билдирүүсүн чындыкка коошпойт деп, жөн гана популисттик билдирүү катары баалаган. Экономика министрлиги болсо маалыматты эл аралык Akin Gump юридикалык компаниясы бергенин билдирген болчу.

Кыргызстандагы эксперттер Башкы прокуратуранын Максим Бакиевдин каражаттарын кайтаруу оңой болбостугун билдирүүдө. АКШда бир нече жыл иштеп келген юрист Жоомарт Жолдошевдин айтымында, Кошмо Штаттарында менчик абдан катуу корголот. “Ошондуктан Кыргызстандын жеке компания аркылуу каражат кайтаруу аракетинен майнап чыкпайт”, - дейт Жолдошев:

- Мүлк же банктагы эсептерди кайсы бир арыздын негизинде жана соттун чечими менен камакка алыш керек. Ал эми Максим Бакиевдин каражатын биздин арыздын негизинде камакка алган жок. Ал каражат камакка алынса да ал АКШ тараптын арызы боюнча камакка алынды. Ага биздин өлкөнүн эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан кайсы бир компанияны жалдап алып келебиз деген прокуратуранын аракетинен майнап чыгаарына жүз пайыз күмөнүм бар.

Ал эми Максим Бакиевдин каражаты кайтарылаарына көзү жетпеген саясат таануучу Эмил Жураев бул кадамды прокуратуранын эл көзүнө иш кылып жаткандай көрсөткөн кожокөрсүн аракети деп баалайт:

- Эми бул аракеттен майнап чыгаарына көзүм жетпейт. Бул тууралуу президент, депутаттар ушул сыяктуу иштерге аракетти күчөткүлө деген тапшырма бербеди беле. Ошол тапшырманы аткаруу үчүн иш кылып жатабыз деген эле аракет деп ойлойм.

Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин экинчи уулу. Ал атасы бийликте турган учурда алгач өлкө экономикасын көмүскөдөн башкарып, кийин түзүлгөн президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин жетектеп, ал аркылуу экономиканы ачык колго алган.

Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде эл аралык издөө жарыяланып, быйыл март айында сыртынан 25 жылга соттолгон.
Ал эми былтыр күзүндө Бакиевге АКШда баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып тагылган эле. Бул өтүнүчтүн негизинде Лондондо кармалып, күрөөгө бошотулган. Бирок мындан эки ай мурун Лондон соту Бакиевдин ишин караар алдында АКШ далилдер жетишсиз деген негизде кылмыш ишин жапканын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG