Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Akin Gump: Максим Бакиевди сотко алып келебиз


АКШдагы Akin Gump юридикалык фирмасы Максим Бакиевге каршы кылмыш ишти кайра ачуунун үстүндө иштеп жатат. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат Томас Маккарти “Азаттыкка” маек курду.

- Маккарти мырза, Максим Бакиевге каршы кылмыш ишин ачуу канчалык реалдуу деп ойлойсуз?

- Албетте аны так айтуу кыйла татаал. Биздин көздөгөнүбүз Юстиция департаментин ишти кайра ачууга ынандыруу, Максим Бакиевди жана анын жакын өнөктөштөрүн АКШда сот жоопкерчилигине тартуу. Аны ишке ашыруу үчүн сөзсүз эле мурдагы ишти кайра ачуу эмес, башка жаңы иш козгоого аракетибизди жумшап жатабыз.

- АКШнын банктарындагы Максим Бакиевге тиешелүү эсептер камакка алынганы чынбы?

- Биз Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн бир катар укуктук механизмдерди колдонууга аракеттенип жатабыз. Максим Бакиев көзөмөлдүк кылган АКШдагы бардык каражаттар камакка алынган. Бирок мен анын деталдарын айта албайм. Анткени ага азырынча эртелик кылат жана биздин аракеттерибизге тоскоол болушу мүмкүн. Азыр камакта жаткан бардык каражаттар Максим Бакиевге тиешелүү экенине биз толук ишенебиз. Учурда анын АКШдагы банк эсептери камакка алынганын тастыктайм.

- Максим Бакиевге каршы ишти кайра ачуу боюнча ушул күнгө чейин эмне иштер жасалды?

- Биз АКШ өкмөтү, тиешелүү чечим чыгаруучу кызмат адамдары менен сүйлөшүүлөрдү баштадык. Ошондой эле экономикалык оор кылмыштарга, өз өлкөсүнүн акчасын уурдаган бийликтегилерге каршы турууга эл аралык деңгээлде чечим кабыл алган тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз сот иштери жакында кайра башталат деп күтүп жатабыз жана ага даярбыз.

- Akin Gump фирмасы Кыргызстан менен акысыз негизде кызматташып жатыптыр. Эмне үчүн бекер кызмат көрсөтүүгө кызыкдарсыздар?

- Биринчиден, биз адал иш, асыл максаттарды ишке ашыруу үчүн акысыз кызмат көрсөтүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп беребиз. Адатта биздин кызматыбыз абдан кымбат. Кыргызстандын беш жарым миллион элинин бир миллиону башка өлкөлөрдө үй-бүлөсүн багуунун камын көрүп жүрөт. Өлкөнүн бюджети өтө тартыш, мамлекет кыйын абалда. Биз болсо мындай учурда өз тажрыйбабыз менен мыкты ишибизди көрсөтүүгө шарт түзүлгөндүгүн, анан дагы ушунча адамга жардам берүүгө жол ачылып турганын көрдүк. Андыктан кыргыз өкмөтү менен бир нече жылдан бери иштеп, чогуу-чаран аракет көрүп келатабыз. Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүп, болгон күчүбүздү бириктирип туруп, аракеттенели деп чечтик.

- Akin Gump Кумтөр кениндеги талашта эл аралык аудит болууга талапкерлердин тизмесинде экен. Балким ушул кызыкчылыктан улам Максим Бакиевдин иши боюнча бекер кызмат көрсөтүп жаткан жокпу деген суроо туулат?

- Мен башында тактап койоюн. Мен түшүнгөндөн бул тендер Кумтөргө тиешелүү эмес, бул башка кен боюнча. Кыргыз өкмөтү казакстандык компаниянын лицензиясын алып койгондон кийин, казактар кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитраждык сотко берген. Akin Gump болсо бул иш боюнча өз кызматын сунуштаган. Мындай соттук иштерде биз дайыма өз кызматыбызды сунуштайбыз. Буга чейин эл аралык соттордо кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоого биздин фирма бир дагы жолу тандалган эмес. Айтаарым, бул соттук териштирүүнүн бул Максим Бакиев менен байланышкан антикоррупциялык ишке эч кандай тиешеси жок.

- Кыргыз бийликтери сиздердин юридикалык фирманы кантип тандап алган?

- Бизге үч жыл мурун Роза Отунбаеванын администрациясы кайрылган. Алар Отунбаева айым Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп тургандагы байланыштары аркылуу кайрылышкан. Андан соң Akin Gump кандай көмөк көрсөтө алаары жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды. Ал сүйлөшүүлөр андан кийинки жаңы өкмөт, жаңы администрация менен дагы жүргүзүлүп келди. Akin Gump болсо өз кызматын акысыз көрсөтүүнү сунуштады, албетте биздин кызматыбыз абдан кымбат. Бирок биз Кыргызстанга акы албай, жардам берүүнү чечтик.

- Максим Бакиевге каршы кылмыш ишти ачууга АКШ бийликтеринин көз карашы кандай? Алардан колдоо сезилеби?

- Биз АКШда катталган фирма болгонубуз менен эл аралык алкакта иш жүргүзөбүз. Москва, Лондон, Бээжин, Абу-Даби жана башка жерлерде кеңселерибиз бар. Америка өкмөтү менен бир катар сүйлөшүүлөр болду, менимче АКШ өкмөтүнөн башка Батыштагы бир катар өкмөттөр бизге көмөктөшүүгө өтө ынтызар. Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча конвенциясына кол койгон өлкөлөр элдин байлыгын уурдаган мындай иштерге түздөн-түз каршы турушу керек.

- Адвокат мырза, Максим Бакиевдин иши Британияга түздөн-түз байланыштуу. Британ бийликтери сиздерге колдоо көрсөтөт деп канчалык ишенесиз?

- Мен буга ишенем. Британ бийликтеринин өзгөчөлүгү – алар баш паанек издеген адамдарга өз аймагына келип, ага байланыштуу фактылар текшерилгиче жашап турууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жолу британ өкмөтү Максим Бакиевге байланыштуу тастыкталган фактыларды көргөндөн кийин, Бакиев мырза балким АКШнын, балким Британиянын, же балким Кыргызстанда сот алдына келүүсүнө жол берет.

- “Манастагы” америкалык база тууралуу келишимдин узартылбай калышын Максим Бакиевдин ишине байланыштуу деп айтып жатасыз. Эмне үчүн мындай ойдосуз?

- Менин оюмча түз байланыш бар. Чечим кабыл алынган күндөрдүн датасын карасаңар эле даана көрүнүп турат. Британ бийликтери Максим Бакиевге байланыштуу иш кыскарганын, Америкада болсо атайын иликтөө токтогонун жарыялагандан кийин эле Кыргызстанда дагы базаны чыгаруу боюнча иштер башталды. Бул күтүлгөн нерсе болчу жана эки иш бири-бирине байланыштуу экенин көрсөтөт.

- Максим Бакиевге каршы иштин кыскарышынын артында “табышмактуу” нерсе турат дедиңиз эле. Мунун менен эмнени айткыңыз келди эле?

- АКШнын башкы прокурору эмне үчүн ушундай чечим чыгарылганын түшүндүргөн жок жана түшүндүрө дагы алмак эмес. Албетте алар мыйзам чегинде чечим кабыл алаарына ишенем. Ишти кыскартып салууга орчундуу негиздер болсо керек. Менин божомолум боюнча жетишерлик далилдер болбой калса керек, балким процедуралык суроолор келип чыкты.

Биз азыр АКШ бийликтери менен кезигип, жаңы иш ачууга негиз берчү жагдайлар боюнча сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Максим Бакиевге жана анын өнөктөштөрүнө каршы жаңы иш ачып, АКШнын укук коргоо органдарын ынандырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген жаңы негиздер менен фактыларды алып чыгууга аракеттенебиз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG