Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Ош: аз улуттардын арманы


"Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошев Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Айтахун Ташировдун эстелигинин жанында жергиликтүү дунгандар менен сүйлөшүп турат. Кара-Суу району, август, 2013.
"Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошев Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Айтахун Ташировдун эстелигинин жанында жергиликтүү дунгандар менен сүйлөшүп турат. Кара-Суу району, август, 2013.

Кыргызстандын түштүгүндө эне тилин унутуп, каада-салтын жана маданиятын жоготуп бараткан майда этникалык топтор бар.

Оштун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак жана Савай айыл аймактарында топтошуп жашаган уйгурлар менен дунгандардын көпчүлүгү совет доорунда өзбек мектептеринде билим алып, паспортторунда улуту өзбек деп көрсөтүлүп калган. Учурда буга окшогон улуттук азчылыктардын айрым өкүлдөрү түпкү улуту боюнча паспорт алууга ынтызар болушканы менен бул талылуу маселе оңой менен чечилбей келет.

Карасуулук дунгандар

Өздөрүн дунган деп эсептегени менен тилин, маданиятын жана каада-салтын жоготуп бараткан дунгандар Савай айыл аймагында отурукташкан. Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, жергиликтүү дунган Айтахун Ташировдун атына коюлган бул айылда учурда жүзгө жетпеген гана дунган үй-бүлө калды.

Дунган улутундагы жергиликтүү тургун Абдырасул Абдрахманов мындагы дунгандардын башка улутка сиңип баратышына кезиндеги шарт-жагдай себеп болгонун белгиледи:

- Бул жерде дунган тилин билген эки эле үй-бүлө калды. Калганы бардыгы өзбектешип кеткен. Өзүнүн тилин, маданиятын жана каада-салтын унуткандан кийин дунгандарыбыздын көпчүлүгү өзбектешүүгө дуушар болгон. Биз Совет доорунан бери мындагы өзбектер менен сиңишип кеткенбиз. Ошондуктан мындагылардын көпчүлүгүнүн түспөлү дунгандыкындай болгону менен чакырып сүйлөшө келсең тили өзбекче. Анан алардын ичинен “мурда чоң аталарым дунган болгон экен, бирок документ боюнча өзбек болуп жазылып калгам” дегендер да бар.

Кыргызстандын түштүк аймагына отурукташкан дунгандардын тарыхы Чүйдөгү дунгандардан анча деле айырмаланбайт. Алар деле 1862-жылы Кытайдагы Цин династиясына каршы көтөрүлүштө жеңилип калып, бул жакка жер которууга аргасыз болушкан. Болгону бул жактагы дунгандар Кытайдан Алай аркылуу ашып өтүп, көпчүлүгү азыркы Өзбекстандын аймагына кирип орун-очок алышкан.


Жергиликтүү мектептин мугалими, улуту боюнча дунган Абытжан Алимжанов Кыргызстандын Кара-Суу аймагында калган дунгандардын тарыхый абалына мындайча токтолду:

- Кытайдан ашып келген дунгандардын колунда малы, улоосу барлары ары карай Өзбекстанга кирип, Анжиян, Маргалан, Наманган тарапка ооп кеткен. Алардын көпчүлүгү өзбек маданиятын өзүнө сиңирип, жергиликтүү каада-салтты өздөштүрүп алышкан. Бул жакта калган дунгандар деле мына ошондой тарыхый жагдайдан улам келип чыккан тагдырды баштан кечирип жатабыз. Чүйдөгү дунгандардан айырмабыз – биз каада-салтыбыз менен тилибизди толук унутуп бүттүк окшойт... Союз доорунда аз улуттарга анча көңүл бурулбагандыктан башка бир чоң улуттарга аралашууга аргасыз болдук. Бизде азыр өзүбүздүн тилди жана маданиятты кармап кете турган ресурстар калбады окшойт...

Маданият сиңишип, тил унутулганда

Кара-Сууда көчүп кеткенден калган миңге чукул гана дунган калган. Алардын жарымынан көбүнүн паспортунда кезинде “өзбек” деп жазылып калган. Дунган тилинде сабак берчү мектеп жок болгондуктан, жергиликтүү дунган балдары азыр деле жакын турган өзбек мектебине барып окушат.

Дунган ашканасы
Дунган ашканасы
Анткен менен соңку жылдары башка улутка сиңип бараткан бул улуттук азчылык өкүлдөрүнө Чүйдө жана Казакстандын Таразында жыш отурукташкан дунгандар коомчулугу кол созууда. Ал жактан мындагы жергиликтүү дунгандардын улуттук маданиятын сактоого багытталган колдоо көрсөтүлө баштаган.

Ошол эле кезде мурда паспортторунда негизинен өзбек деп жазылып калган дунгандар өздөрүнүн түпкү теги боюнча документтерин тууралаганга ынтызарлык келип чыккан.

Савай айыл аймагынын башчысынын орун басары Жапарбек Токсонбаев мындай демилгеге жергиликтүү деңгээлде колдоо бар экенин айтты:

- “Мен чыныгы дунган экем, учурунда түшүнбөстүктөн паспортко өзбек деп жазылып калыптыр. Ошондуктан түпкү тегиме жараша документ алууну өтүнөм” деп кайрылган дунган тектүү жарандарыбыз көбөйдү. Биз аларга колдон келишинче мыйзамдын алкагында өздөрүнүн укугун калыбына келтирүүгө, жол көрсөтүүгө жардам берип турабыз. Бирок укуктук жагынан документтердин негизинде арыз менен кайрылган адамдын түпкү улутун аныктап берүү жагы маселе жараткан учурлар да кездешет. Анткени ал жарандын ата-бабасы да документтеринде өзбек деп жазылып калган болсо, же тиешелүү документтери жок болсо анын дунган экенин аныктап берүү кыйын.

Айттап жүргөн дунган кыздар
Айттап жүргөн дунган кыздар
Мына ушундай эле абалда турган Кыргызстандын түштүгүндөгү дагы бир улуттук азчылыкты Кара-Суунун Кашкар-Кыштагындагы уйгурлар түзөт. Бирок мындагы уйгурлар каада-салтын жана үрп-адатын сактоодо дунгандарга караганда бир топ айырмаланат.

Ошол эле кезде уйгур тилинде билим берүүчү мектеп болбогондуктан уйгур жеткинчектери да айылдагы өзбек мектептерине барышат. Уйгурлардын жергиликтүү каада-салты жана үрп-адаты, маданияты жергиликтүү өзбектерге жакын болгондуктан анчейин чоң айырмачылыкты деле байкоого болбойт. Ошентсе да жергиликтүү уйгурлар совет доорунан бери эле алардын маданияты бир кыйла өзбектешип кеткенин белгилешет.

Маале башчысы Хамражан Уринбаев учурунда мында кыргыз мектептери жок болгондуктан өзбекче билим алып калышканын айтып берди:

- Биздин айылда эки орто мектеп бар. Экөөндө тең билим берүү өзбек тилинде. Уйгур тилинде, же кыргыз тилинде билим берүү мекемеси болбогон соң балдарыбыздын бардыгы жогоруда айтылган эки мектептен бүтүштү. Мектепти өзбекче бүткөн соң, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына окуш татаал болгон. Ошондуктан биздин бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү Өзбекстанга барып окууга тапшырышкан. Ал жакта документтерде уйгур дегенге караганда өзбек деп жазылса окууга кабыл алат экен деген түшүнүктөн улам мектепти бүткөн балдарыбыз паспортун өзбек деп жаздырып алганга мажбур болушкан.

Кашкар-Кыштак айылындагы жашоочулардын 90 пайызга чукулун жергиликтүү уйгурлар түзөт. Мындагы уйгурлар өздөрүнүн бул жакка келип отурукташып калуусун Улуу Жибек жолу менен байланыштырат. Азия менен Европаны бириктирген соода менен алектенген уйгурлардын кербени XVIII кылымда азыркы Кашкар-Кыштак деген аталыштагы бул айыл аймагына келип, отурукташып калган экен. Бирок жергиликтүү тарыхчылар уйгурлардын мында отурукташып калуусун XVI-XVII кылымдагы ойрот-калмак чапкынына бирге каршы туруудагы тарыхый жагдай менен да байланыштырат.

Хамражан Уринбаев мындагы көпчүлүк уйгурлардын өзбек деп жазылып калышын мындайча түшүндүрдү:

- Бир катар тарыхый булактарда мындагы уйгурларды соодагерлердин урпактары катары мүнөздөшөт. Бирок башка бир булактарда бул аймакта жортуулчул мезгилде жергиликтүү уруулар менен бирге уйгурлар ойрот-калмактар менен согушканы айтылат. Ошондон кийин бул жакта отурукташып, калып кеткен деген да көз караш бар.

Тактоону талап кылган жагдайлар

Тарыхчы-этнографтар Кыргызстандын түштүгүндөгү майда улуттардын теги алардын ошол кездеги жашоо-образынын окшоштугуна карата эле советтик улут саясатынын негизинде бир өңчөй аныкталып калганын белгилешет. Ошондуктан Фергана өрөөнүндөгү көпчүлүк уйгурлар, дунгандар, кыпчактар, барластар, лакайлар сыяктуу майда этникалык топтор башка улуттун курамына киргизилип калган. Алардын айрымдары сиңишип кетип, этнос катары жоголууга дуушар болгон дешет тарыхчылар.

Тарыхчы-этнограф Черик Өмүрбеков бул жагдай терең изилдөөнү талап кыла турган маселе деп эсептейт:

- СССРдеги 1939-жылдагы эл каттоонун материалдары кийин чыкпадыбы. Ага ылайык Кыргызстандын түштүгүндөгү уйгурлар, дунгандар жана башка майда улуттардын көпчүлүгү өзбек деп жазылып калышкан. Анткени ошол мезгилде өзбек маданияты басымдуулук кылып турган. Анан калса андагы майда улуттарды ал аймактагы чоңураак улуттарга кошуп жазуу ошол учурдагы улут саясатына да байланыштуу болгон.
Союз доорунда аз улуттарга анча көңүл бурулбагандыктан башка бир чоң улуттарга аралашууга аргасыз болдук.

Ошол эле кезде соңку жылдары Кыргызстанда жашаган бир катар жарандар өздөрүнүн улуттук түпкү тегин аныктап, ошол боюнча паспорт алуу үчүн бийлик органдарына кайрылган учурлар катталган. Анткени советтик улут саясатындагы айрым бир катаал идеологиялык себептерден улам кээ бир аз сандуу улуттардын өкүлдөрү өз учурунда өзүнүн түпкүлүктүү этникалык теги боюнча каттала алган эмес. Мисалы, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жашаган түрктөр менен арабдарды идеологиялык жана саясий себептерден улам башка бир чоңураак улуттун курамында катталууга мажбурлаган саясат бар болчу дешет талдоочулар. Азыр болсо эгемендүү Кыргызстандын мыйзамдары ар бир этникалык азчылык өкүлдөрүнө өзүнүн түпкүлүктүү теги боюнча паспорт алып, катталууга каршы эмес.

Берүүнү толугу менен ушул жерден угуңуз


Мына ошондой ыңгайдан пайдалануу үчүн Ноокендеги арабдардын атынан айыл башчысы Рахим Боронбаев Кыргызстандын бийлигине мындайча кайрылган болчу:

- Совет доорунда динге карата терс көз караш болгондуктан соода иштери жана дин жайылтуу максаты менен келип, Фергана өрөөнүндө отурукташып калган арабдар да өзбек деп жазылып калган. Мына ошол тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн биз Кыргызстандын бийлигинен биздин айылда жыш отурукташкан калк – арабдарды түпкү теги боюнча каттатууга уруксат бергиле деп кайрылганбыз.

Бирок ошол эле кезде жарандардын өзүнүн түпкүлүктүү тегин аныктап, улуттук өзгөчөлүгүн расмийлештирүү ишинде бир топ кыйынчылыктар бар. Анткени кыпчак, кумык, лакай, барлас, көк түрк жана карлук сыяктуу этнос катары башка улутка сиңип кеткен этникалык азчылыктардын тегин аныктоо бир катар тарыхый талаш-тартыштарды жана карама-каршылыктарды жаратаары шексиз дешет тарыхчылар.
XS
SM
MD
LG