Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Санарип санаасы талкууда


Кыргызстан 2015-жылы толугу менен санариптик берүүгө өтө алабы деген суроо Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда талкууланды.

Өкмөт мүчөлөрү даярдык кызуу жүрүп жатканын айтышса, медиа-эксперттер санарипке өтүү жагы кечеңдеп жатат деп далилдешти.

“Фактор 2015: Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүүдөгү даярдыгы” деп аталган эл конференцияда эл аралык жана жергиликтүү медиа адистер даярдыктарды жана тоскоолдуктарды талкуулашты. Өкмөт мүчөлөрү санарипке өтүү өз нугунда кетип жатканын айтышса, медиа-эксперттер кечеңдеп жатканына көңүл бурушту.

Кыргызстан санарипке али даяр эмес – деген пикирин санарип берүүгө өтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун эксперти Эрнист Мамырканов “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүнкү күндө эч нерсе даяр эмес. Биз тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүшүбүз керек. Эң негизги маселе санарипке өтүүдөгү каржылык маселелерди чечип, санариптик берүүнү көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгышыбыз керек. Азырынча бул пункттардын бирөө да аткарыла элек. Санарипке өтүүдө эки негизги жагдай бар. Бири санарипке мамлекет тарабынан өтчү каналдардын социалдык пакети. Экинчиси - контент. Биз булар боюнча жалпы жобону иштеп чыктык. Кантип улуттук аудио-видео материалдардын санын көбөйтө алабыз деген суроо маанилүү. Ушул иш-чарадан кийин кандайдыр бир механизм иштеп чыгууну болжоп жатабыз.

Маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова санариптик берүүгө өтүүдө Кыргызстанга канча каражат керек экени дале белгисиз экенин белгиледи. Анын айтымында, санарипке өтүү үчүн алгач нормативдик жана техникалык базаны даярдаш керек. Эки күндүк конференцияны маанилүү деп эсептеген Темирбекова буларга токтолду:

- Биз бул конференциянын жыйынтыгы менен өкмөткө санарипке өтүү боюнча социалдык пакет боюнча жалпы жобону сунуш кылабыз. Бул иш-чара биз үчүн абдан маанилүү. Анткени санарип берүүгө өтүүдө колдоо көрсөтчү донорлор да катышып жатышат. Алар биздин ишибизге байкоо салып, кандай жардамга муктаж экенибизди талдап жатышат. Конференция бүткөндө донорлор менен тар чөйрөдө сүйлөшөбүз. Азырынча "Сорос" фонду аймактык телеканалдардын кызматкерлерин окутууга жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр экендигин билдирип жатат.

Ал эми Коомдук каналдын баш деректири Кубат Оторбаев КТРК санарипке өтүүгө даяр деп ишендирүүдө. Анын ырасташынча, керек каржы табылса калганы оңой чечилет. КТРК санарипке өтүү үчүн өкмөттөн 380 млн. сом сураган, бирок 2014-жылга анын 100 миллиону гана каралган.

- Бизге өкмөт дагы эки канал ачкыла деп жатат. Санарипке азыркы турушубуз менен эле өтө беребиз. Ага даярбыз. Бирок дагы эки канал ачышыбыз керек. Бири - маданий, экинчиси - балдар каналы. Элге бекер тарай турган социалдык пакетке ошол үч каналыбыз кириши шарт. Эл деле маданий, билим берүүчү берүүлөрдү көрүш керек да.

Чүй аймактык СТВ телерадиокомпаниясынын жетекчиси Каныбек Абдыкадыров санариптик берүүдө аймактык каналдар, маалымат коопсуздугу унутта калып жатканына кыжаалат. Абдыкадыров санарипке өтүүдөн мурда элеттеги көрүүчүнүн талабын аткаруу керек деген ойдо.

- Бүгүнкү иш-чарада аймактык телеканалдардан өкүлдөр аз экен. Негизи аймактардан Баткен пилоттук долбоор катары санарип форматында берип жатат. Бирок анын техникалык мүмкүнчүлүгү суроо туудурат. Эгер биз элеттеги элдин талабын, ал жердеги маалымат коопсуздугун ойлосок аймактык каналдардын техникалык базасын чыңдашыбыз керек.

Ал эми медиа эксперт Акмат Алагушев санариптик берүүгө өтүүдө суроолор огеле көп экенине басым жасады.

- Санариптик берүүгө өтүүдө көптөгөн факторлор бар. Улуттук маалыматыбыз, архивибиз канчалык? Каналдарды улуттук продукциялар менен толтура алабызбы? Соцпакетке кайсы каналдар кирет? Жеке каналдардын санарипке кандай өтөрү да белгисиз. Кыскасы ушул суроолордун баарына жооп табышыбыз кажет.

Адистердин айтымында, санариптик берүүгө өткөндө бир эле каналдан ондон ашык башка каналдарды көрүүгө болот жана көрсөтүүнүн сапаты да жогорулайт. Кыргызстан 2015-жылы санарипке өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия 2010-жылы санарипке өткөн.
XS
SM
MD
LG