Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Курманакун Матенов кызматынан убактылуу четтетилди


Чек ара кызматынын жетекчиси Курманакун Матенов кызматынан убактылуу четтетилди. Мындай буйрукка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Башкы прокуратура Матеновго кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси боюнча айып тагылууда. Прокуратуранын маалыматына ылайык, Матенов Бишкекте жашап туруп, Алайдын Сары-Таш айылында, бийик тоолуу аймакта жашап жатат деген негизде мамлекеттен пенсия алып турган. Ал 2011-жылдын 10-мартынан 2013-жылдын 1-февралына чейин мамлекетке 409 миң 382 сом зыян келтирген деп күнөөлөнүп жатат.

Бул боюнча боюнча Матенов өзү комментарий бере элек. Ал Чек ара кызматынан жетекчилигине быйыл июл айында дайындалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG