Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

АКШдан эми Испания түшүндүрмө cурады


АКШда ыктымал тыңчылык боюнча түшүндүрмөнү Европанын кеминде үч өлкөсү сурады. Сүрөттө: Европа лидерлери Брюсселдеги саммите. 25-октябрь, 2013-жыл.
АКШда ыктымал тыңчылык боюнча түшүндүрмөнү Европанын кеминде үч өлкөсү сурады. Сүрөттө: Европа лидерлери Брюсселдеги саммите. 25-октябрь, 2013-жыл.

Расмий Мадрид мындай кадамга жергиликтүү гезиттердин АКШнын Улуттук чалгын агенттиги Испаниядан бир ай ичинде эле 60 миллиондой телефон чалууларды кармаган деген маалыматтарынан кийин барды. АКШнын Европадагы ыктымал тыңчылыгы боюнча мурдараак Германия жана Франция камтамачылык билдиришкен эле.

АКШнын Мадриддеги элчиси испан тышкы иштер министрлигине El Mundо жана El Pais гезиттеринде жарыяланган маалыматтардан соң дүйшөмбү күнү чакыртылды. Испан тышкы саясий мекемеcинин айтымында, алар америкалык тараптан түшүндүрмө алууну көздөөдө.

Испан гезиттеринин АКШнын Улуттук чалгын агенттиги өлкөдөн бир ай ичинде эле 60 миллиондой телефон чалууну кармаган деген ырастоосу агенттиктин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденден алынган документтерден чыккан маалыматтардын соңкусу.

Буга дейре эл аралык басма сөздө АКШнын Улуттук чалгын агенттиги Францияда бир миллиондой телефон чалууга жана Германия канцлери Ангела Меркелдин мобилдик телефон байланыштарына мониторинг жүргүзгөнү айтылган.

Жогорудагы кабарлардын артынан Кошмо Штаттардын Европадагы ыктымал тыңчылыгы боюнча маселе Еврошаркеттин өткөн апта соңунда Брюсселдеги саммитинде көтөрүлгөн.

Европа лидерлери АКШ менен эски континент өлкөлөрү ортосунда ишенимдин жок болушу терроризмге каршы күрөшкө тоскоолдук кылуусу мүмкүндүгүн эскертишкен.

Германиянын ички иштер министри Ханс-Петер Фридрих дүйшөмбү күнү Берлинден Рейтердин кабарчысы менен маегинде окуянын ыктымал өнүгүшү тууралуу буларга токтолду:

- Биз эң биринчи кезекте, албетте кырдаалга тактык киргизүүгө, өзгөчө тыңчылык техникалык планда кантип ишке ашканын билүүгө аракеттенебиз. Ал АКШ элчилигинен жасалганбы деген суроо да чыгууда. Эгер биз күнөөлүүлөрдү таап, аларды аныктасак, укуктук кесепеттери болот. Эгер алар дипломаттар болсо өлкөдөн кетүүгө туура келет. Биз муну көрө жатабыз. Мен буга дейре июлда биз анда эмне болгонун биле элек кезибиз эле, Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүмдө немец жеринде, немец мыйзамдары бузулушуна чыдай албашыбызды айткам. Эми бул орун алганы билинип жатат. Немец канцлеринин артынан тыңчылык кылышканы анык. Бул немец мыйзамдарын бузгандык жана кабыл алынгыс.

Немецтердин “Шпигель” журналынын АКШнын жашыруун документтерине шилтеме жасап жазганына караганда, Кошмо Штаттардын чалгын агенттиктери канцлер Ангела Меркелдин мобилдик телефон байланыштарына 2002-жылдан тарта эле мониторинг жүргүзүп келген болушу мүмкүн.

Меркел 2002-жылы Христиан-демократиялык союздун лидери болчу, өкмөт башчылыгына 2005-жылы гана келген.

Ошол эле “Шпигель” журналы белгилегендей, АКШнын Улуттук чалгын агенттигинин дүйнө боюнча 80дей жерде тыңчылык борборлору бар. Алардын 19у Европада, анын ичинде Берлин, Париж, Мадрид шаарларында жайгашкан.

Немец басма сөзү канцлер Меркелдин телефону тыңшалып жүргөнүн президент Обама билгени, Улуттук чалгын агенттигинин башчысы бул боюнча президентти 2010-жылы кабардар кылганы тууралуу да соңку күндөрү жазышкан эле. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү мындай ырастоолорду четке кагышты.

Бирок АКШ Мамлекеттик департаменти тыңчылык боюнча маалыматтар Вашингтондун өнөктөштөрү арасында, анын ичинде Германияда чыңалуу жаратканын жума күнү моюнга алып, байкоо жүргүзүү программалары ашыкча кетпөөсү үчүн кайра иликтенип жатканын кошумчалады.

Вашингтондогу демонстрациянын катышуучусу. 26-октябрь, 2013-жыл.
Вашингтондогу демонстрациянын катышуучусу. 26-октябрь, 2013-жыл.
Ал эми Вашингтондо ишемби күнү бир нече миң киши АКШ өкмөтүнүн бул программаларына каршы демонстрацияга чыгышты.

Нааразылык акциясын “Бизди байкоону токтот” деген бирикме уюштурган. Демонстранттардын бири Майкл Грин чалгын мекемелеринин аракети АКШ Конституциясынын купуялуулук боюнча кепилдигине каршы келерин айтат:

- Массалык байкоо жүрүп жатканына бул жердеги көп адамдардай эле менин да кыжырым келип турат. Бул Конституцияга караманча каршы.

АКШнын дүйнө боюнча тыңчылык операцияларын Улуттук чалгын агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден ачыктап жиберген. АКШ бийликтери айып таккан Сноуден учурда Орусияда башкалкалап жүрөт.

Өзү АКШда байкоо салуу операцияларын кеңейтүүгө Конгресс 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин уруксат берген болчу.

Расмий өкүлдөр электрондук тыңчылыкты күчөтүү террорчуларга каршы туруу жана өлкөнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл деп ырасташат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG