Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

"Кыргызгаз" эмне себептен сатылды?


“Учур” гезити коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун газ маселеси боюнча маегин басты.

“Азия ньюс” гезити “Парламентте криминалдар, уурулар отурат” деген баш теманын алдында айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин “Элди газ менен камсыздай албаган президенттин эмне кереги бар?” деген аталыш менен интервьюсу, журналист Зулпукар Сапанов даярдаган “Бийлик Саруу айылында көрбөгөн кордукту көрсөтүүдө” деген ат менен айыл тургундарынын ой-пикирлери жарыяланды. Ушул эле гезитте “Парламентте криминалдар, уурулар отурат” деген баш теманын алдында бир катар мурдагы жана азыркы чиновниктердин, жаштардын ой-пикирлери басылды.

“ПолитКлиника” гезити бул санын “Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи соккусу урулдубу?” деген баш тема менен ачып, “Кумтөргө” байланыштуу 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомго колун койгон ошол кездеги 12 өкмөт мүчөсүнүн аты-жөнүн шардана кылды. Буга улай эле “Курманбек Осмоновго кылмыш иши козголуп, Темирбек Акматалиев, Болот Абилдаев кармалды. Коррупцияга каршы күрөштүн 2-соккусу уланып атабы?” деген суроо салды.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Мына ушул аттары аталган кишилер токтомго кол коюп акча алыштыбы же эмне алышты? Прокуратура бизге ошону далилдеш керек эле,-деп.

Политолог Марат Казакбаев: Коррупцияга каршы иш уланып жатат. Буга чейинки бийликтерде коррупцияга каршы мындай көзгө көрүнгөн иштер болгон эмес,-деп,

Политолог Искендер Ормон уулу: Кылмыш козголгону менен соттор актап жиберип жатат. Бийлик бул күрөштү токтотпошу керек, -деп.

Политолог Марс Сариев: Күрөш Нариман Түлеев менен бүтөт деп ойлошкон. Президент азыр коррупция боюнча чечкиндүү кадамга баруу менен өлкөдөгү абалды ооздуктап тура алат,-деп жооп берди.

“Учур” гезити коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун “Жетекчилердин шалаакылыгы газды сатууга түрткү кылды” деген аталыштагы маегин тартуулады. Кыргыз бийлигинин “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ишканасына сатканы туура болгонун, анткени “Кыргызгаз” көп жылдан берки карызынан кутула албай, айласы түгөгөн абалга келип кептелип, баш чайкап туруп калганын, ушул тапта бул ишкананын карызы 32 млн. доллардан да ашып кеткенин белгилеп, эң жаманы Өзбекстан менен сүйлөшө албай жүрүп, башында 50 доллардан алып жаткан газдын баасын 295 долларга чейин өстүрүп алган шалтуруктугубузду, маселен Орусия газын Европадагы Словенияга 195 доллардан сатса, жаныбызда турган тууганыбыз Өзбекстан бизге 195 доллардан сатып жатканын, анан өзүбүз эптеп алган газды сарамжалдуу пайдалангандын ордуна, ортодон уурдап, жеп, арам акчага алкымыбызды агыта берип, акыры сатууга аргасыз болгонубузду айтты. Базарбаев муну менен эле Бажы союзуна кирүүгө каршы болуп жаткандарга макул эместигин, союзга кирүүнү колдой тургандыгын билдирди.

“Асман press” гезити жаңы санын депутат Улукбек Кочкоровдун “Эки айдан кийин деле өкмөттүн ушул кейпин көрөбүз” деген маеги менен ачты. Гүлкайыр Эшимованын “Эмгек” партиясы эл үчүн эмгектенет” деген аталыштын алдында анын айрым мүчөлөрү, милициянын генералы Рашид Тагаевдин, эл артисти Түгөлбай Казаковдун, доктор Жеңишбек Назаралиевдин, партиянын төрагасы Аскар Салымбековдун, анын орун басары, эл артисти Ибрагим Жунусовдун, эркин журналист Нурслан Акматовдун жана башкалардын ойлору жарык көрдү.

Мисалы, “Эмгек” париясынын төрага орун басары Ибрагим Жунусов: Биз Салымбеков болуп, “бизге балык бер, берсең аны бышырып бер” деп үмүт күткөн жарандарга биз балыкты эмес, кайырмакты берет элек. Балыкты өзүң кармап ал” деп. Эми өзүм жөнүндө айтсам, мурунку партиям “Ата Журт” буга чейин унчукпай келип, эми “Эмгек” партиясына киргенимден кийин чакырып жатат. Мен бир гана чечимди кабыл алган инсанмын. Буюрса бул партияда эмгегимди өтөйм,-десе,

Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков: Мен партиянын “Акыл ордо” акылмандар кеңешине мүчө болуп кирдим. Буюрса акыл кошуп, кеңеш айтып турам деген ойдомун,-деп,

Эркин журналист Нурслан Акматов: Эл көп келди. Демек эл күтүп жүргөн партия жаралды деп ойлойм. Эки жылдан кийин боло турган шайлоодо да эл так ушул партияны колдоп кетет деп ишенем. Бирок бул “Эмгек” партиясына деле мурдагы бийликтерде кызматта жүрүп, эл ишениминен кеткен адамдар мүчө болуп кирип алыптыр. Андан көрө таза, жаңы адамдар келсе болот эле,-деп,

Доктор Жеңишбек Назаралиев: Ибрагим Жунусов “Бир гана кыргыз тилинде сүйлөгүлө, өлкөдө бир гана тил болуш керек” деп айтты. Буга мен каршы чыктым. Өнүгүүнүн бир гана жолу - интернационализм. Партиянын төрагасы кыргыз, орун басары орус, үчүнчүсү беларус болсун,-деген ойлорун айтышты.
XS
SM
MD
LG