Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Орусия кыргыз аэропортторун колго алгысы келет


Орусия “Манас” жана “Ош” аэропортторун узак мөөнөткө ишенимдүү башкарууга берүүнү Кыргызстандан сурап, аларга инвестиция салууну көздөп жатат.

Бул тууралуу 17-декабрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешменин жыйынында белгилүү болду.

Ал эми Кыргызстан кайра иштетүүчү мунай компаниялары үчүн Орусиядан чийки зат алууну максат кылууда. Ага ылайык, Кыргызстанда орусиялык “Роснефть” мунай компаниясынын өкүлчүлүгүн ачуу тапшырылды.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык 16-кеңешменин жыйынтыгы боюнча, негизги эки документке кол коюлду. Ал “Эйр Кыргызстан” ишканасы менен Орусиянын “Сухойдун жарандык учактары” компаниясынын биргелешип иштөө келишими. Ага ылайык, Кыргызстанга Орусиядан “Sukhoi Superjrt 100” үлгүсүндөгү учактарды алып келүү жана аларды жарандык авиация үчүн пайдалануу пландалууда.

Экинчи келишим - “Кыргызалтын” ишканасы менен Орусиянын “Алмазинтех – консультация жана инжиниринг” компаниясынын ортосундагы кызматташтык. Бул келишим боюнча Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүлө турганын “Кыргызалтындын” жетекчиси Дилгер Жапаров билдирди.

- Бул алдын ала макулдашуулар. Макулдашуу "Кыргызалтын” ишканаларын жаңылоо, геологиялык чалгындоолорду жүргүзүү, тоо-кен тармактарында биргелешип кызматташуу максаттарын көздөйт.

Отун-энергетика багыттагы кызматташтык

Ошондой эле кеңешмеде эки өлкөнүн тиешелүү министрликтерине бир катар протоколдук тапшырмалар берилди. Кыргызстан өлкөдө курулган мунай иштетүүчү заводдор үчүн Орусиядан чийки зат сурады. Ага ылайык, эки өлкөнүн Энергетика министрликтери орусиялык “Роснефть” мунай компаниясынын өкүлчүлүгүн - “РН-Борбор Азия” ишканасын Кыргызстанда ачуу боюнча протоколдук тапшырма алды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн Энергетика жана Тышкы иштер министрликтерине 1-февралга чейин Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин курулуш иштери үчүн каржылык операцияларды жүргүзүүнүн эң ыңгайлуу шарттарын иштеп чыгуу жүктөлдү.

28-май, 2013-жыл
28-май, 2013-жыл
Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы, кыргыз премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык экономикалык негиздемеси жакында даяр болот.

- 2013-жылдын он айы боюнча эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,8 млрд. долларды түздү. Бул былтыркы жылга караганда 20 пайыз өскөн. Биз адаттагыдай эле, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушун да сүйлөштүк. Учурда курулуш башталып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси да жакынкы мезгилдерде бүтүп калат, андан кийин курулуш башталмакчы. Биз мигранттар маселесин да талкууладык. Тиешелүү министрлер алардын абалын жакшыртуу боюнча үч айдын ичинде сунуштарын беришет. Мигранттарды медициналык жактан камсыздандырууну да талкууладык.

Өткөн аптада кыргыз парламенти “Кыргызгазды” Орусияга сатуу келишимин колдогон. Ал эми бүгүнкү өкмөттөр аралык кеңешмеде кыргыз тарапка “Кыргызгаздын” ордуна түзүлмөкчү болгон “КыргызГазпром” ишканасын тезирээк каттоого алуу, документ иштерин бүтүрүү тапшырылды.

Көзгө илинген аэропорттор

Ошондой эле кеңешмеде “Манас” жана “Ош” аэропортторун Орусия узак мөөнөттүү ишенимдүү башкарууга берүүнү Кыргызстандан сураганы дайын болду. Ага ылайык, эки өлкөнүн Транспорт жана байланыш министрликтерине Орусиянын “Новапорт” компаниясы жана “Экспорттук кредиттерди жана инвестицияларды камсыздандыруу агенттиги” менен биргеликте “Манас” жана “Ош” аба майдандарына инвестиция салуу шарттарын карап көрүү тапшырылды. “Новапорт” ишканасына болсо, 300 млн. долларлык инвестиция салуу жагын пландоо жүктөлдү. Орусиянын сунушу колдоо таба турган болсо, “Новапорт” компаниясы аталган аэропортторго логистикалык борбор куруп, инфраструктурасын жакшыртмакчы.

Бул багытта өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу боюнча тапшырмасы да тиешелүү тараптарга берилди. Келишимде аба майдандарын башкарууга алуунун мөөнөтү, каржылык-инвестициялык маселелер, кепилдиктер камтылмакчы.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттөр аралык кеңешмеде сүйлөп жатып, “Манастагы” транзиттик борбордун 2014-жылы чыгарын эске салды.

- Ооганстандагы коалициялык күчтөрдү колдоо вазийпасын аткарган “Манастагы” транзиттик борбор 2014-жылдын жайында ишмердигин токтотору эч кимге жашыруун эмес. Биз буга байланыштуу биздин аэропорттордун потенциалын орусиялык ишканалар менен биргеликте өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бул жаатта учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз жана оң натыйжаларга жетебиз деген үмүттөнөм.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси өкмөттөр аралык кеңешменин күн тартибинде каралган жок. Анткен менен кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельялинов журналисттердин бул боюнча суроосуна мындайча жооп берди:

- Президентиңер кечээ гана Бажы биримдигине Кыргызстан ыңгайлуу шарттар менен гана кире тургандыгын айтты. Кыргызстандын Экономика министрлигинин да бул боюнча пикири урматтоого татыктуу. Бул маселелер боюнча али талкуу жүрүүдө. Кандай болгон күндө да эки тарапты урматтаган жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алган бир мунаса болот. Менин ишенимимде, Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн пайдалуу.

Жогорудагылардан тышкары, Ысык-Көлдө балдар лагерин уюштуруу, Манастын эстелигин Алтайда тургузуу жана башка маселелер талкууланды.

XS
SM
MD
LG