Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

“Каралар” салык салууну кайра баштадыбы?


(Иллюстративдик сүрөт)
(Иллюстративдик сүрөт)

Уюшкан кылмыш топтору кайрадан баш көтөрүп, жарандарга салык салган фактылар каттала баштады.

“Макмал алтын” ишканасынын нөөмөт башчысы Алмаз Намазбеков "караларга" каражат төлөбөй койгону үчүн токмок жеп, ооруканага түшкөн. Жабырлануучунун атасы бул кылмыш фактысын тез арада ачууга ички иштер органдары жана “Кыргызалтындын” жетекчиси кайдыгер мамиле кылып жатканын айтып, даттанууда. “Кыргызалтындын” башкы директору Токон Мамытов бул ишти иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине кайрылганын айтып, анын дарегине айтылган айыптоону негизсиз доомат катары четке какты. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ага катышы бар адамдар изделип жатканын билдирди.

Кайраттанган “караларга" ким маалымат берген?

Өткөн ишемби күнү - 16-августта Ысык-Көлдүн Бостери айылында “Макмал алтын” ишканасынын нөөмөт башчысы Алмаз Намазбековго кол салуу болгон. Жабырлануучунун айтымында, ага уюшкан кылмыш тобу ири өлчөмдө салык салып, бирок ал акчаны төлөөдөн баш тартканда денесине оор жаракат келтирген. Учурда Алмаз Намазбеков Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда. Жабырлануучу тараптын айтымында, окуя болгон учурда милиция уюшма топтун өкүлдөрүнө карата тез арада чара көргөн эмес. Жаракат алган Алмаздын атасы Садыр Намазбеков ички иштер министри менен “Кыргызалтындын” жетекчиси бул окуяга кошкөңүл мамиле кылды деп нааразы:

- Баламды оор абалда Бишкекке алып келгенде “Кыргызалтындын” жетекчисине телефон чалдым. Ал болсо “ички иштер министрине чалдым, УКМКга чалдым, башка менин колуман эч нерсе келбейт” деп телефонду өчүрүп койду. Бул эми бир кезде өлкөнүн коопсуздугуна жооп берчү кызматта иштеген адамдын жообу болду. Өзү ошолордон коркту окшойт. Болбосо эмнеге ушундай болду деп бир кызыгып көрөт эле да.

Садыр Намазбековдун айтымында, кылмыш дүйнөсү “Кыргызалтындын” кызматкерлерине буга чейин деле тымызын салык салган фактылар болгон. Бирок, алар коркуп, буга чейин эч кимиси милицияга арызданган эмес. Садыр Намазбеков уюшкан кылмыш тобу анын уулунун артынан көптөн бери түшкөн болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөйт:

- Бала эмгек өргүүсүнө чыккан кезде ошол жактан коттеджди ижарага алып иштетип жаткан. Анын “Макмал алтында” иштей турганын "караларга" бирөө атайын алдын ала айткан окшойт. Менин баламдан жүз миң сом талап кылышкан. Уулум “менде анча акча жок, үч баламды эптеп багып жүрөм, айлыгым аз” десе ишенбей уруп-тепкилеп, чөнтөгүндөгү акчасын алып кетишиптир. Бардык эле кызматкерлерге салык салып жүрүшкөн экен. Анан эми менин уулум биринчи жолу аларга каршылык көрсөтүп, талап кылган акчаны бербейм дегени үчүн токмок жеп жатпайбы.

Мамытов: Намазбековдун айтканы куру доомат

“Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытовдун айтымында, буга чейин анын кол алдындагыларга уюшкан кылмыш тобу салык салган фактылар расмий түрдө катталган эмес. Ал ошондуктан уюшкан кылмыш тобу кызматкерлеринин артынан дайыма аңдып жүрүшү мүмкүн дегенге кошулбайт. Токон Мамытов кол алдындагылардын жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча дооматка төмөндөгүдөй жооп берди:

"Кыргызалтындын" учурдагы жетекчиси Токон Мамытов.
"Кыргызалтындын" учурдагы жетекчиси Токон Мамытов.

- Ал кишинин айтканы жалган. Сакалдуу эле киши болсо керек. Уулу токмок жегенин айтып кайрылганда, мен ички иштер министрине байланышка чыга турганымды айткам. Башка сөз деле болгон эмес. Бирөөнү урган адамды кармап келе тургандай менде ыйгарым укук жок да. Андан башка эмне кылышым керек эле? Орун басарым экөөбүз ИИМге жардам бергиле деп кайрылганбыз. Мени союлду көтөрүп алып, Ысык-Көлгө барып каралар менен мушташкан жок деп күнөөлөп жатса, ал бөлөк маселе...

Садыр Намазбековдун арызынан кийин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы Бостеридеги окуя боюнча бейбаштык жана акча талап кылуу деген беренелердин негизинде иш козгоду. Бирок учурда бул ишке катышы бар деп шектелген адамдар кармала элек. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев уюшкан кылмыш топтору кайрадан баш көтөрө баштаган жагдайга токтолду:

- Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Негизи уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мындан эки жыл мурун жүргөн иш-чаралардын негизинде көбү кармалып, айрымдары өлкөдөн качып кеткен болчу. Анан эми азыр айрым жерлерде пайда боло калып жатышат. Азыр эми минтип баш көтөрө баштады, бирок биз муну жөн калтырбайбыз. Аларга жасаган ишине жараша чара көрөбүз.

Эске сала кетүүчү жагдай 2011-12- жылдары уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган болчу. Анда уюшма топтордун эки жүздөн ашуун өкүлү кармалып, бирок кийин алардын көпчүлүгү ар кандай себептер менен бошонуп кеткен.

XS
SM
MD
LG