Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Tурганбаев: милицияны элге жакындатабыз


Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесин утурлай реформалоо, “караларга“ каршы күрөш, кадрдык тазалануу маселелери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кечээ премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолукканыңызда милицияны реформалоо боюнча кыска мөөнөттө кескин чараларды көрүүнү тапшырды. Сиз да кызматка киришип жатып бул тармакты оңдоо тууралуу бир топ убада бердиңиз эле. Ишти эмнеден баштадыңыз?

Мелис Турганбаев: Бишкек шаардык милициясында аймактык тескөөчүлөрдүн, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун, Жол кайгуул жана Күзөт кайгуул кызматтарынын ишин жакшыртуу боюнча жакшы долбоорлор башталган. Ушул төрт кызмат күнүгө 24 саат бою элдин көйгөйүн чечип, эл менен тыгыз иштейт. Ушул кызматтар элге айрыкча жакын болушу керек деген долбоорлор бар болчу.

Министрликте биринчи кадамды да ушул төрт багытта баштадым. Биринчи сапарым Ош, Жалал-Абад жана Баткенге болду. Ал жакта төрт күн болдум. Маселелерди жеринде чечүү үчүн өзүм менен кошо бир канча башкармалыктын жетекчилерин ала бардым.

Ошто жергиликтүү эл эки жерге: шаардагы Амир-Темир кичи районуна жана Жапалак айыл өкмөтүнө ПОМ куруп бергиле деп жүрчү. Бул ишке ашты. Ошол жерден эле буйрукка кол коюп, керектүү штат бөлүп бердим. Андан сырткары коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн милициянын атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлерин да жер-жерлерге бөлүштүрдүк.

Эл менен жолугушууларда милициянын иши, аны жакшыртуу тууралуу сунуш-пикирлерин сурадым, жакшысын жакшы, жаманын жаман деп айткандар болду. Айрым жерлерге кызматкерлер жетишсиз экенин айтышты. Аларды да чечебиз.

Жалал-Абадда да ушундай жолугушуулар өттү. 40 миңдей эл жашаган Спутник шаарчасында облустук ички иштер башкармалыктын жетекчисинин демилгеси менен милициянын бөлүмү курулуп жатат. Буйруса, ноябрдын этегинде толугу менен бүтөт. Бөлүмгө алына турган эмеректер жана башка нерселерге жумшала турган каражат маселесин жеринде чечип бердим. Ачылышына өзүм барам.

Октябрь айылындагы милиция бөлүмчөсүнүн имараты авариялык абалда турат. Облустук милиция башчыга мен ноябрда келгенде пайдубалын түптөгөндөй бололу деп тапшырма бердим. Жергиликтүү эл да кол кабыш кылабыз деп турат.

Биз эң ириде милиция кызматкерлерине шарт түзүп беришибиз керек. Аларды элге жакындатуу үчүн, эл аларга кайрылып тургудай шарт түзүшүбүз зарыл. Мектептерде болдум, убагында улут аралык ынтымакка салым кошкон аксакалдар менен жолуктум. Эки улуттун ортосундагы жарака бүтөлүп баратканын, ынтымакка келип калышканын байкадым.

Сузакта милиция айылдан кеминде беш чакырымдай алыс, четте турат. Облустук милициянын башчысы райондук ички иштер бөлүмүн айылдын борборундагы маданият үйүнө көчүрүү тууралуу менден уруксат сурады. Мен уруксат бердим, эгер көчүп келсе элге да жакындашат, коомдук коопсуздукту камсыздоого да жеңил болот.

Ош шаарындагы ишеним кутучалары
Ош шаарындагы ишеним кутучалары

Жалал-Абаддан кийин Баткенде болдум. Чек арадагы, алыскы айылдарды кыдырдым. Кызыл-Кыя шаарында жаңы ПОМ курулган экен. Өспүрүмдөр менен иштей турган инспекторлор жетишпей жатканын айтышты. Ошол жерден дароо эле штат бөлүп, өспүрүмдөр менен иштей турган инспекторлорду, аймактык тескөөчүлөрдү дайындап бердим. Кадамжайда милиция бөлүмүн курууга ПРООН кол кабыш кылганы жатыптыр, биз дагы көмөктөшөбүз.

Чек арадагы Ак-Сай айылында болдум. Ал жакта төрт милиция барып-келип, нөөмөттөшүп иштешет экен. Шарты жок. Меши, тамак жасай турган жеринен бери ыңгайлуу болгон жай жасап бердик. Аларга жаңы кичи автобус бөлүп берип жатам. 1-ноябрь - милициялардын күнүндө ачкычын тапшырам. Жергиликтүү элдин милиция тууралуу пикири жакшы жакка өзгөргөнүн, милициянын керектигин түшүнгөнү байкалды.

Түштүктү кыдырып келип кичине сыркоолоп калгандыктан Талас, Нарын, Ысык-Көлгө бара албай калдым. Бул жактарга да түштүктү кыдыргандай программа менен барып, эл менен жолугуп, кызматкерлерибиздин кандай иштеп жатканын көрүп, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечейин деген ниет бар болчу. Бардык аймакты кыдырып, маселелердин баарын анализдеп, андан кийин дагы чараларды көрөбүз.

Борбордук аппаратта бири-бирин кайталаган структуралар бар экен. Ошто мисалы эки башкармалыкты жоюп, ал жактагы 45 орунду жер-жерлерге бөлүштүрдүк. Борбордук аппаратты да изилдеп, анализдеп жатабыз. Кээ бирлерин кыскартабыз, кээ бирлерин бири-бирине кошобуз.

"Арыздар түз келбей жатат"

“Азаттык”: Өкмөт башчы коомдук коопсуздук камсыз кылууда ошол аймактын өзгөчөлүгү эске алынсын деп белгилеп кетиптир. Мисалы, соңку кезде Ошто уюшма кылмыш топторго, криминалга доомат көбүрөөк айтыла баштады. Буга негиз барбы?

Мелис Турганбаев: Уюшма кылмыштуу топко каршы күрөш жакшы эле жүрүп жатат. Карактаган, ар кандай кылмышка барган мүчөлөрү камалып, тергөө жүрүп жатат. Албетте айткан сынга кошулам, жүйөсү бар.

Биз азыр кырдаалды анализдеп, биздин иште кандай катачылык кетип жатканын талдоодобуз. Кээде жарандарыбыз милицияга ишенбей, ар кандай топторго барып даттанган учурлары бар. Алар болсо айрым учурда саясатка аралаштырып жиберип жатышат.

Бизге азыр “караларга” байланыштуу арыздар түз келбей жатат. Мурда жакшы тенденция башталды эле. Коркпой-үркпөй келип, арыздана башташкан. Мен учурдан пайдаланып уюмша кылмыштуу топтордон запкы көргөндөрдү коркпой кайрылгыла деп чакырып кетет элем.

Мен министр болуп турганда “караларды” баш көтөртүп, башаламандык кылуусуна жол бербейм. Менин ишимдеги эң башкы багыттардын бири бул - “каралар” менен күрөш. Мына президент спортчулар менен жолукканда алардын кайсы бир кылмыштуу топторго кошулуп кетип жатканын белгилебедиби.

Биз азыр бул тармакты талдап атабыз. Кайсы жерде кандай спорт зал бар, максаты эмне, ким демөөрчү деп карап жатабыз. Мисалы, мен өзүм спортчумун, өмүрүмдүн баарын спортко арнагам. Парламентте да ушул маселе көтөрүлбөдүбү. Спортчуларды "каралар” деп каттап жатасыңар, ошолорду иргегиле деген сунуш айтылбадыбы. Бул жаатта иш белгиленген план менен кетип жатат. Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшкө биздин кызматкерлер даяр.

Ишти мындан да натыйжалуу кылуу үчүн Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын өзүн өзгөртөбүз, кадрларды алмаштырабыз.

“Азаттык”: Оштогу жагдайга кененирээк токтоло кетесизби. Эмне себептен доомат-сын ушул аймакта көбүрөөк айтылып жатат? Спорт клубдар тууралуу айта кеттиңиз. Ошто мындай жайлар абдан көп. Ошол эле облустук милициянын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун спорт клубу бар экени белгилүү.

Мелис Турганбаев: Эми колумдан келсе мен деле спорт клуб ачып, өспүрүмдөргө, кароосуз калган балдарга жакшы тарбия берип, жакшы жолго салсам деген ойлор бар. Мен генерал Өмүрзаковду туура эле түшүнөм. Милиция башчысы ал жайды жаман ниетте түзбөсө керек.

Мен азырынча пил сымал чыдап, көтөрүп отурам. Кичине тилдерин тартып коюшса жакшы болот эле.

Ооба, Ош тууралуу маалымат көп. Мен деле анын баарын угуп коюп тынч отурган жокмун. Азыр баарын анализдеп, тактап жатабыз. Тигил айтты, бул айтты деп өзгөртүүлөргө бара албайбыз. “Жети өлчөп, бир кесишибиз” керек. Президент менен жолукканда деле "Ош жакты карап койсоңуз, маалымат каражаттарда бир топ нерселер айтып жатат" деди. Баарын талдап, иликтеп, чара көрөбүз.

Менин кызматка келгениме бир ай да боло элек. Анын ортосунда ооруп да калдым. Алдыда жасай турган иштер көп, максат чоң. Мен каражат деле жетишпейт деп айта албайм. Бөлүнгөн каражатты сарамжалдык менен пайдаланып, оптималдаштырсак болот. Эми албетте кыйынчылыктар бар, ар дайым эле иш оңунан чыга бербейт. Бирок аларды да оңдоонун жолун тапса болот.

"Күч колдонулбайт"

“Азаттык”: Оппозициялык күчтөрдүн иш-чараларындагы, нааразылык акциялардагы милициянын аракети боюнча сизди сындап келишет. "Тартип орнотом деп демократиялык баалуулуктарга шек келтирип, мурунку бийликтердин катасын кайталап жатат" деп айтышууда.

Мелис Турганбаев: Менимче тартип баары бир биринчи орунда болушу керек. Тынч жыйындар тууралуу мыйзам бар. Мурункудай болуп бирөөнү таяк менен ургулап, газ менен аткылап, кубалаган жок. Мен шаар милиция башчысы болуп турганда буга чейинки маектеримде бир дагы митингди кууп таратып, күч колдонуу болбойт деп айткам. Мен сөзүмө турдум. Азыр жер-жерлерди милиция башчыларга "күч колдоном, кууп таратам дегенден алыс болгула" деп эскертип жатам. Эл менен иштеп, түшүндүрүү иштерин күчөтүп, кырдаалды талдап, алдын алалы деп тапшырма берип жатам.

Митингге чыккандар кайсы бир жарандардын укугун бузбашы керек. Мисалы, шаардын борбордук аянты маданий жай. Эс алганы келгендер көп. Шаарда иштеп турганда митингдер болгондо мага телефон чалып арыздангандар көп болгон. Бизнесмендер кайрылган. Кооптонуп, балдарын бала бакчага алып барбай, мектептер жабылган учурлар болгон. Митингге чыгышсын, бирок бардык эрежелерди сактасын деп гана айтып жатабыз.

Биз бир митинг деп бир канча адамдын укугун тебелеп жатабыз. Митингге чыгам дегендер менен алдын ала сүйлөшүп, проблемасын угуп, ошол керектүү жетекчилер менен жолуктурган учурларым да болду. Киргенде эмне деп айтаарын, көтөргөн маселесин билбеген адамдар да болду.

Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын өзүн өзгөртөбүз, кадрларды алмаштырабыз.

Мен деле көп нерсени башымдан өткөрдүм. Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда ар кандай кысым болду. Оппозициядагы айрым саясатчылар түшүнгөн нерсени мен деле түшүнөм. Кантип эле мен ошол саясатчыларды жумуртка менен ургула, помидор менен соккула деп, министр башым менен көрсөтмө бермек элем? Бул нерселер бизге мурунку бийликтин тушунда болгон, сабак болгон да. Биз аны кайталамак белек? Мына, АКШда деле президентин батинке менен урду. Ал болсо бул демократиянын белгиси, дооматым жок деп, ошол урган адамга эч нерсе дебей эле кетип калды. Демек ал кимдир бирөөлөргө жакпасын түшүндү.

Ошто оппозиция лидерлеринин жыйынын үзгүлтүккө учураткандарды териштирдим. Алар ОБОНдор эмес экен. Бул боюнча прокуратура иш козгоду. Саясатчылар болгону ошондой жыйыны тууралуу бизге алдын ала билдириши керек эле. Бул мыйзамда да жазылган. Ошол жерде чогулган элдин арасында кандайдыр бир окуя болуп кетсе ким жооп берет?

Мен тууралуу ошол эле депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов көп нерселерди жазып жатышат. Экөөн тең сыйлайм, экөө мени жакшы тааныйт. Ар кандай негизсиз нерселерди жазбай, дооматы болсо өзүмө эле келишпейби.

Сабырдуулук менен көп нерсени унчукпай көтөрүп жатам, бирок анын да чеги бар да. Менин ишимди сындашсын, бирок менин жеке адамдык сапатыма шек келтиришпесин. Бардыгын өздөрү башташат, анан мыйзам чегинде катуу жооп кайтарсаң таарына башташат. Мен азырынча пил сымал чыдап, көтөрүп отурам. Кичине тилдерин тартып коюшса жакшы болот эле.

Мен сындан качпайм. Конструктивдүү сынды ар дайым кабыл алам. Катачылыктарды көрсөтсө, дароо оңдотконго аракет кылам. Бирок сын негиздүү болушу керек. Курулай сөз болбошу керек. Бийликке барам деп, ошого умтулган жигиттер курулай сөз таратпашы керек.

Ошол эле Равшан Жээнбеков эң жаш министр болгон. Ошонун тушунда бала бакча өңдүү бир катар социалдык объекттер менчик колго өтүп кеткен. Эгерде ошолордун баарын көтөрүп чыксаң дагы айтып чыгышат. Мисалы, меникин таап чыгышсын. Менин артымдан бир нерсени көтөрүп чыкса, мейли он жыл илгери болсо да азыр жооп берүүгө даярмын. Алар боюнча бир сейф кагаз жатат. Катылбайын деп эле отурасың. Чынында аларга теңелгенге деле убакыт жок.

Баарыбыз тең эле эртең менен тургандан баштап кечке чейин алдыдагы максаттарыбызды кантип ишке ашырабыз, уят болбойлу, милицияны оңдойлу деген иш менен жүрөбүз. Кээде өзүбүздүн кызматкерлерибизге байланыштуу чуулгандуу окуя болсо, ушунун айынан канча мээнетибиз текке кетти, жаманатты болдук деп кайгырабыз.

"Күнөөсү далилденсе, жазасын алсын"

“Азаттык”: Соңку кездери пара менен кармалган, чуулгандуу окуяларга аралашкан, карактоого барган милиция кызматкерлери көп болгонсуп жатат. Мыйзам бузуу, тартип бузууларды азайтуу үчүн кызматкерлерди тазалоонун кандай жолдорун көрүп жатасыз?

Мелис Турганбаев: Мен бул боюнча аябай чоң маселе көтөрдүм. Мына маңзат колдонуп жүргөн сегиз кызматкерди өзүбүз таап чыктык. Маңзат соодасы менен шугулданган экөөнү кармадык. Пара алгандар боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен тыгыз иштешип жатабыз.

Кээ бир маалымат каражаттар бизди УКМК менен тирешип жатат, тымызын тиреш бар деп жазып жатпайбы. Эч кандай тиреш жок. Биз биргелешип иштеп, өзүбүздүн катарыбызды бирге тазалап жатабыз. Мына, жакында эле кылмыштарга аралашып жүргөн ГУБОПтун эки кызматкерин кармадык.

Кээде жарандарыбыз милицияга ишенбей, ар кандай топторго барып даттанган учурлары бар.

Мен мындай маселелерди оңго-солго кетпесин деп, өзүм тыкыр көзөмөлдөп жатам. Эгерде кармалган кызматкерибиздин күнөөсү далилденсе жазасын алсын, эгер күнөөсү далилденбей акталып келсе эшигибиз ачык.

Өзүбүздүн ички иликтөө башкармалыгыбыз бар. Мен шаарда иштеп жүргөндө булардын милдеттерин өзгөрткөнбүз. Булар милициянын арасындагы кылмыштуулукка көбүрөөк көңүл бурушу керек. Мас болуп унаа айдап колго түшкөн, жол кырсыгына кабылган кызматкерлерибизди кайра ишке алынбагыдай кылып туруп дароо иштен айдайм. Аларды аямай жок. Биз дисциплинардык комиссия түзгөнбүз. Кээ бир иштен алынган кызматкерлерибиз соттон утуп алып кайра келип жатпайбы. Эми иштен алуунун баары ошол комиссия аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG