Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

"Вечерний Бишкекти" талашуу күчөдү


“Вечерний Бишкек” азыр бийликти деле катуу жактабайт, оппозицияны да келиштире сындабайт.
“Вечерний Бишкек” азыр бийликти деле катуу жактабайт, оппозицияны да келиштире сындабайт.

“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн ээси Александр Ким 18-ноябрда журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Башкы прокуратуранын чечимине макул эместигин билдирди.

Башкы прокуратура басылманын “Рубикон” каржылык бөлүмүнүн 48 пайыз акциясын камакка алуу чечимин чыгаргандыгын 14-ноябрда жарыялап, мунун себебин акцияга байланышкан иште мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин тиешеси бардыгы каралып жаткандыгы менен негиздеген.

“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн ээси Александр Ким маалымат жыйында Башкы прокуратуранын чечимин медиа-борборду басып алуунун баштапкы кадамы деп баалап, буга азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылардын тиешеси бар экенин кыйытты:

- Бул иште Атамбаев бар экенине ишенгим келбей турат. Себеби, аны менен жакшы таанышмын. 2010-жылы апрель окуясынан кийин бир күнү Алмазбек Атамбаев гезитке журналисттер менен жолугушууга келген эле. Ошондо жабык акционердик коомдун элүү пайыз акциясы Максим Бакиевдики деген маалымат укканын айткан. Мен ага ошондо эле жалган маалымат экенин айтып, түшүндүргөм. Мен президенттин мүнөзүн билем, бир ишти баштаса аягына чейин чыкканга аракет кылат. Ал да 50% акция Максимге таандык деген ойдо жүрсө керек. Албетте президент эч бир сотко же прокуратурга тапшырма бербегени түшүнүктүү. Бирок анын айланасындагы айрым адамдар ушундай жагдайдан пайдаланып жатат.

“Вечерний Бишкек” гезити мындай көз карашты буга чейин да бир нече жолу жазып, бул иштин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турат деп билдиришкен. Ниязов Александр Кимдин маалымат жыйында айткан дооматтарын четке какты. Ал “Азаттыкка” чарбалык ишке президентти аралаштыруу туура эмес деп билдирди:

- Биринчиден, бул маселе боюнча сүйлөгүм келбей калды. Анткени буга чейин бардык пикиримди билдиргем. Экинчиден, мындай чарбалык маселеге президентти аралаштыруу туура эмес. Азыркы учурда сот жүрүп жатыптыр. Биздин ал жараянга кийлигишүүгө укугубуз да жок. Кийлигишкен да эмеспиз.

Буга чейин Биринчи май райондук соту өз чечими менен “Рубикон” жарнак бөлүмүнүн элүү пайыз акциясы бизге таандык деп эсептеген Рябушкиндердин үй-бүлөсүнүн арызын канааттандырып берген болчу. Рябушкиндер өздөрү болсо мындай чечимдин артында эч кандай саясат жок деп билдирүүдө.

Александр Кимдин айтканына караганда, 2001-жылы экс-президент Аскар Акаевдин тушунда гезиттин көзөмөлдүк пакет акциясын анын күйөө баласы Адил Тойгонбаев тартып алган, кайра 2005-жылы сот тарабынан мыйзамдуу түрдө калыбына келтирген экен.

“Вечерний Бишкекти” негиздөөчүлөрдүн биримин деп жаткан Александр Рябушкин да “Азаттыкка” курган маегинде Адил Тойгонбаев тартып алган акцияда анын да үлүшү бар деп, аны ошол 2005-жылы Ким жетектеген "Вечерний Бишкек" өзүнө таандык кылып алган деп ишендирүүдө.

Башкы прокуратура болсо 48 пайыздык акцияны камакка алуу чечимин чыгарып, аны Адил Тойгонбаевдин ишине байланыштуу мүлктү мамлекетке чегерүүнү камсыздоо боюнча чыгарылган токтом деп түшүндүрдү.

Ал эми “Вечерний Бишкек” гезити Биринчи май райондук сотунун Рябушкиндердин пайдасына чечилген чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна берген доо арызынан кандай тыянак чыгарын күтүп жатат. Сот декабрь айынын башына белгиленгендиги мурда кабарланган.

Бул арада Кыргызстандагы ары таасирдүү, көп нускалуу жана кирешелүү "Вечерний Бишкектин" айланасындагы талаш-тартышка саясий боек сүртүлүп жатышы медиа чөйрөдө ар кандай талкууларды жаратууда. Медиа эксперт Акмат Алагушов бул маселеде бир жактуу так пикир айтуу кыйын дейт:

- Эми Ким өзүнүн менчигин ар кандай айтат, саясатты аралаштырат. Бул тарап тигини айтат, экинчи тарап мындай дейт. Президенттин аппараты башканы айтат. Азыр бир жактуу так айтуу кыйын.

Мурда Акаевдин бийлигине каршы, Бакиевдин бийлигине колдоо көрсөтүп келген “Вечерний Бишкек” 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин оппозицияга да, бийликке да өзгөчө жан тартпаган маалымат каражаттарынын бирине айланган болчу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG