Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Беларуста кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган Анапияев өлтүрүлдү


Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспорту
Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспорту

Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматына Беларустун атайын кызматтары билдирген.

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлгөнү такталып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каныметов билдирип, Анапияевдин өлтүрүлгөнү тууралуу оперативдүү маалымат келип түшкөнүн тастыктады. Учурда Беларустун тиешелүү кызматтары менен байланышып, аны тактоо иштери жүрүп жатат.

УКМК окуя боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.

Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспортунун жана канжалаган адамдын денесинин сүрөтү Кыргызстандын атайын кызматтарына Минскиден жиберилгенин “Азаттыкка” ишенимдүү булактар билдирди.

Алмамбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында туулган.

Ал “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин оң колу катары өлкө түштүгүндө кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылып келген.

Анын өз чөйрөсүндөгү атагы маркум депутат Баяман Эркинбаевге жеке айдоочу жана жансакчы болуудан башталган. Б. Эркинбаевдин көзү өткөн соң анын ордунда улуттук “Алыш” федерациясын жетектеген.

2014-жылы жай айларында Ички иштер министрлиги Анапияевге Кылмыш-жаза кодексиндеги каракчылык, адам уурдоо, курал алып жүрүү жана уюшкан кылмыш тобун түзүү сыяктуу оор кылмыш беренелеринин негизинде айыпталып жатканы боюнча маалымат тараткан.

Аталган министрликтин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев Анапияевге кошумча кылмыш ишин ачуу себебин мындайча түшүндүргөн эле:

- Учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Анапияевдин мындан башка кылмыштарга тиешеси боюнча кошумча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анткени бизде Алмамбет Анапияевдин 2010-жылы июнь коогасында талап-тоноочулукту уюштуруп жана бирөөлөрдүн менчигин тартып алганы боюнча маалыматтар чыкты. Мына ошол мүлктөрдү басып алып, аларды башка бирөөлөргө каттатуу аркылуу тартып алган фактылар учурда текшерилүүдө.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча 2003-жылы карактоо беренесинин негизинде Кадамжай райондук соту Анапияевди тогуз жылга соттогон. Бирок ал иш кийин кыскартылган. 2004-жылы ошол эле иш Ош шаардык соту тарабынан каралып, кайра жанданган. 2005-жылдан кийин бул иштин эмне менен бүткөнү белгисиз.

2011-жылы ИИМ караларга каршы күрөш жарыялаган. Ушундан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен бир катар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн катарында Алмамбет Анапияев да болгон.

Анапияев өлкөдөн качып кеткен соң, ага сыртынан айыбы угузулуп, эл аралык издөө жарыяланган. 2012-жылдын аягында АКШ бийлиги Анапияевди Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык кылмыштуу топко тиешеси бар деп таап, банк эсептерин камакка алган.

Өткөн жылдын декабрь айында Анапияев Бириккен Араб Эмираттарында кармалганы тууралуу маалымат тараган. Анын адвокаты Жыргалбек Бабаев бул кабарды “Азаттыкка” тастыктап, Алмамбет Анапияев тек-жайы такталгандан кийин кайра бошотулганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG