Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Апта: Кумтөр акциялары камакта, Келдибеков акталабы?


Кыргызстандын “Центеррадагы” 6.5 млн. даана акциясы камакка алынды.
Кыргызстандын “Центеррадагы” 6.5 млн. даана акциясы камакка алынды.

Кыргызстандын “Центеррадагы” дагы 6.5 млн. даана акциясы камакка алынганы маалым болду. Орусиянын делегациялары Кыргызстанга келип кетти. Келдибековдун бир ишин кыскартууга негиз барбы?

Кумтөрдөн кол жууп калуу коркунучу

Канаданын Онтарио провинциясынын соту февраль айында Кыргызстандын “Центеррадагы” 6.5 млн. даана акциясын камакка алды. Сот мындай чечимди латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде чыгарган. Латвиялык ишкер улутташтырылган Бишкектеги “Манас” банкы боюнча кыргыз өкмөтү менен соттошуп жаткан болчу. Өткөн жылы Париждеги эл аралык арбитраж Белокондун пайдасына чечим чыгарып, кыргыз өкмөтүн ишкерге 16.5 млн. доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Өкмөт талап кылынган сумманы төлөп бербегендиктен Валерий Белоконь Кыргызстандын чет өлкөдөгү активдерине кол салып, “Центеррадагы” 6.5 млн. даана акциясын камакка алдырууга жетишти.

Буга чейин Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын Түркинын “Систем мүхендислик” жана Канаданын “Стэнс энержи” компаниялары камакка алдырууга жетишкен эле.

Ошону менен Кыргызстандын “Центеррадагы” 77 млн. даана акциясынын көпчүлүгү камакка алынып, мамлекеттин колунда 19.5 млн. даана гана акциясы калып отурат. Маселен, “Стэнс энержинин” арызы менен 47 млн. даана, “Систем мүхендисликтин” арызы менен 4 млн. даана, эми Белокондун арызы менен дагы 6.5 млн. даана акция камакка алынды.

Мунун өзү Кыргызстан Кумтөрдөн де-факто эле эмес, де-юре да кол жууп отурганынан кабар берет.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” жетекчилиги жетишип жаткан келишимге ылайык, Кыргызстан “Центеррадагы” үлүштөрүн жаңы түзүлө турган биргелешкен ишкананын 50% бөлүгүнө алмаштырышы керек эле. Бул маселе татаалдашарын “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров тастыктады:

Кылычбек Шакиров
Кылычбек Шакиров

- Туура, 77 млн. акция трансформацияланыш керек 50% үлүшкө. Ал үчүн бул акциялар эркин болуш керек. Бүгүнкү күндө биздин 57 млн. 500 миң 240 даана акция тоңдурулуп турат. Биз ошону чечишибиз керек.

Кылычбек Шакировдун айтымында, “Систем мүхендислик” үчүн 11 млн. доллар атайын эсепке которулган. Ал эми “Стэнс энержи” боюнча соттошууда утуп алууга ишеним бар. Эң күтүүсүзү - Белокондун арызы менен 6.5 млн. даана акциянын камакка алынышы болуп жатат.

Мына ушундай соттошууларга карабай Жогорку Кеңеш өкмөткө 26-февралдагы токтому менен Кумтөр боюнча жаңы келишимди түзүп келүүгө бир ай мөөнөт берген. Эгерде келишимге жетишилбесе, анда өкмөт ал мезгилге карай Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун да даярдап келүүгө тийиш.

Кылычбек Шакиров канадалыктар менен келишимге жетишилип, андан кийин да такташуу иштери улантылат дейт.

Камакка алынган Кыргызстандын акцияларынын акчалай баасына келе турган болсок, азыркы кезде Торонто биржасында “Центерранын” бир акциясы 6 доллар 13 центке бааланууда. 57 млн. даана акциянын баасы ошондо 350 млн. долларга жакын сумманы түзөт.

Байма-бай каттаган орус делегаттары

Узап бараткан жумада Бишкекке Орусиянын Татарстан жана Башкыртстан республикаларынын президенттери келип кетти. 3-мартта татар президенти Рустам Минниханов келсе, 4-мартта Башкыртстан президенти Рустем Хамитов келди.

Татарстан президенти менен кошо федералдык деңгээлдеги министрлер дагы келген. Алардын арасында Орусиянын Кыргызстан боюнча саясатын жүргүзүп келаткан Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин болгон.

Татарстан президенти Рустам Минниханов 3-мартта өкмөт үйүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.
Татарстан президенти Рустам Минниханов 3-мартта өкмөт үйүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.

Бул чиновниктердин татар президенти менен бирге келиши Кыргызстан менен Татарстандын кызматташуусу эле эмес, Кыргызстандын Орусия үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна байланыштуу маселелер да күн тартибинде турганын айгинелейт.

Татар президентинин сапары учурунда Бишкекте кыргыз-татар ишкер форуму дагы өттү. Анда көбүнчө Татарстандан Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча сөз болду.

Форумга катышкан жаш ишкерлер бирикмесинин лидери Руслан Акматбек форумдун шашылыш чакырылышы ага көп ишкерлердин катыша албай калышына алып келди дейт:

- Тез арада даярдалып, орто жана чакан бизнес чакырылган жок. Алар ал жерде Татарстандын мүмкүнчүлүгүн көрсө пайдалуу болмок. Ошентсе да бул жолугушуу биз үчүн маанилүү болду. Анткени биз кошумча базарларды издеп жатабыз. Анткени татаал экономикалык кырдаалда Казакстан, Москва сыяктуу базарларды жоготуп жатабыз.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз-татар экономикалык форумунда. 3-март
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз-татар экономикалык форумунда. 3-март

Татарстан менен Кыргызстандын соодасынын көлөмү 25 млн. доллардан ашуун экени маалым. Экономикалык кызматташуунун потенциалы болсо андан жогору экени байкалып турат. Бул өзгөчө Татарстандын өнөр жай мүмкүнчүлүгүнүн өтө күчтүүлүгүнө байланыштуу. Белгилүү болгондой Татарстан Москва жана Санкт-Петербургдан кийин өтө өнүгүп келаткан регион. Бул республикада "Камаз" автоунаасын, тик учак чыгарган ири заводдор бар.

Кыргыз-татар достук коомунун жетекчиси Хабибула Газизов эки республиканын кызматташуусу бардык тараптан пайдалуу дейт:

- Өнөр жайдан тартып, спортко чейин кызматташуу жалаң гана пайда алып келет. Аларда бардык тармак боюнча алдыга жылыш бар. Кыргызстанда да ал багыттарды көтөрүш керек.​

Татар президенти Минниханов Бишкекте татар диаспорасы менен да жолукту. Ал жерде татарлар тил жана маданиятты сактоо маселесин көтөрүштү. Учурда Кыргызстанда 30 миңге жетпеген татар калганын Хабибула Газизов белгилейт.

Жогоруда айтылгандай, татар президентин коштоп Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жана тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин да келген. Алар президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушту. Ал жолугушууларда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү маселеси талкууланган. Белгилүү болгондой учурда Кыргызстан өзүнүн чек ара, бажы бекеттерин жана лабораторияларын, өндүрүш тармактарын Бажы биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратовдун билдирүүсүнө караганда, бул үчүн керек болгон жабдуулар сатылып алынууда. Ал кандай жабдуулар экени тууралуу Панкратов буларды маалымдады:

- Бул биринчи кезекте кыргыз-кытай чек арасында өткөрмө бекеттерде көзөмөлдү камсыздоочу жабдуулар. Ал аткезчилик, баңгизаттарын өткөрбөөгө жана товарлардын коопсуздугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчиси - сыноочу лабораториялар. Алар продукцияларды текшерет. Үчүнчүсү - маалымат алмашуу каражаттары.

Панкратовдун айтымында, Орусия тарап кээ бир жабдууларды өздөрү алып келсе, кээ бирине акча бөлүп берүүдө.

Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча саясий маселелер да бар. Ал 23-декабрда кол коюлган келишимди ратификациялоо. Келишим кыргыз тараптан да Жогорку Кеңешке ратификациялоого бериле элек. Олег Панкратовдун айтымында, 23-декабрдагы келишимге кошумча эки протокол бар. Аларга да президенттер кол коюш керек. Март айынын ичинде ал келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Мына ошондон кийин үч документ парламенттерге ратификацияга берилет. Азыркы кезде тараптар 1-майга чейин аны бүтүрүүгө ниеттенүүдө.

Келдибековдун үч ишинин бири кыскарабы?

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго байланыштуу сот иши уланып жатканы маалым. Учурда сот ишти кароону 10-мартка которуп койду. Ага Акматбек Келдибековдун адвокаттарынын сотко келтирген өтүнүчтөрү себеп болду. Адвокаттар Соцфондго байланыштуу козголгон кылмыш иши эскирип, мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартылыш керектигин билдирген. Адвокаттар ошондой эле Соцфонд боюнча иште жалаң көчүрмөлөр колдонулганын айтып чыгышкан. Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров маалымдады:

- Жалаң гана көчүрмөлөрдү алып келишкен. Өздөрү да (прокурорлор) ошону жазып жатышат көчүрмө деп. А көчүрмө менен эч бир иш каралбайт. Буга Конституция дагы тыюу салган. Сот өндүрүшү жүргүзүлбөйт. Экинчиден, ошол документтер уурдалып кеткенине байланыштуу тергөөчүлөр аларды калыбына келтириш керек эле. Анын өзүнүн жолу бар. Булар асмандан эле көчүрмөлөрдү чогултуп алышкан. Каяктан келген булагы жок.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Бекназаровдун айтымында, мына ушул жагдайга жана иштин эскирүү мөөнөтү келгенге байланыштуу кыскартууну сунуштаган. Эми сот аны иликтеп, чечимин кабыл алыш керек.

Социалдык фондду 2002-2005-жылдары башкарып турган мезгилде Акматбек Келдибеков “Ротак-Бишкек” компаниясы аркылуу мамлекетке 21 млн. сом зыян келтирген деп айыпталган.

Эгерде бул кылмыш иши боюнча Келдибековго коюлган айыптарды сот негизсиз деп тапса, анда Салык кызматы жана Орусияда ачылган өкүлчүлүк боюнча кылмыш иштери калат. Адвокаттар Орусияда өкүлчүлүк ачуу жалгыз Келдибековдун чечими эмес, ал жалпы парламентте кабыл алынганын айтып, Башкы прокуратуранын айыбын толук төгүнгө чыгарып келет.

Ошентип, Акматбек Келдибековго козголгон үч кылмыш иштин бирин кыскартуу сотто каралганы турат. Бул өз кезегинде Келдибеков акталып чыгышы мүмкүн деген имиштерди ого бетер күчөтүүдө.

Тагдырдын тамашасы дегендей, Келдибековго кылмыш иштерин козгогон Аида Салянованын өзү, тагыраак айтканда анын жубайы Бакыт Абдыкапаров мыйзамдын укуругуна тартылып отурат. Белгилүү болгондой Башкы прокуратура Бакыт Абдыкапаровго көз боемочулук боюнча кылмыш ишин ачкан. Ал “Тазалык” ишканасы боюнча ачылган кылмыш ишти жабуу үчүн 50 миң доллар алган деп айыпталууда. Өз кезегинде Абдыкапаров коюлган айыпты четке кагып келатат.

Коррупцияга каршы күрөш жана мыйзамдуулукту сактоого караганда, саясий атаандашуу, каршылаштын катыгын берүү көрүнүштөрү көбүрөөк болгон бул кылмыш иштер эмне менен аяктары азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG