Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Кардар капчыгын каккан операторлор


Кыргызстанда алты-жети уюлдук компания бар.
Кыргызстанда алты-жети уюлдук компания бар.

Кыргызстандагы уюлдук операторлорго соңку кезде ашыкча акча алып коюп жатат деп нааразы болгондор көбөйдү.

Кыргызстанда алты-жети уюлдук компания бар, алардын ичинен кардарлары көп “Мегаком”, “Билайн” жана “О!” операторлору. Мына ушул үч компанияга айрым кардарлардын нааразычылыгы күч.

Маселен, “Билайн” компаниясына нааразы болгон Гүлкайыр өз окуясы менен бөлүштү. Ал кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта жумуштары менен жүрүп, бир нече мүнөт гана телефон менен сүйлөшкөн. Бирок анын телефонундагы эсебинен 60-70 сом алып коюшкан экен. Муну болсо оператор адистери “роуминг” кызматына кошулуп калган деп түшүндүрүп коюшкан.

- "Билайн" компаниясы карапайым элдин акчасын жөн эле алдап алууда. Алар мага мындай учурда "сиз роуминг деген кызматка кошулуп калдыңыз, бул мындай кызмат, мынча акы алабыз" деп маалымат берип, алдын ала билдирүү жибериши керек эле да. Мен ал кызматка кошулган эмесмин, эмне кызмат экенин билбейм. Байкашымча, чек ара аймактарында жашаган элдин акчасын ушинтип эле алып койгон учурлар көп болот окшойт. Анткени алар мендей артынан сая түшүп, териштирип жүрбөйт да. Муну билишпейт.

Ал эми “Мегакомдун” интернет кызматына ашыкча бирдигимди алдырдым деген Гүлбарчын Каныбекова компания менен көп эле жолу чырдашыптыр:

- Мен көп эле жолу "Мегакомдун" операторуна чалдым. Аларда кызмат бар, күнүнө 19 сом бир канча тыйын төлөсөң интернети бекер. Бирок 100 сом салсаң, кээде үч-төрт күнгө араң жетет. Ал эми операторуна чалсаң "сизде мындай экен, карызыңыз бар экен" деп ар кайсыны айта баштайт. Анан кыйкырып, урушуп, арыз жазам дегенге чейин барасың. Ошондо гана сизге эки-үч күндө эксперттер байланышат дейт, бирок эки-үч күндөн кийин деле ошол шылтоону айтышат.

Гүлбарчын бардык операторлордун Сим-картасын пайдаланып жүрөт. Ал баары эле ар кандай кызматтардан ашыкча акча алып койорун кошумчалады.

- Баары эле алдайт. Мен айылга барсам, апам "акча көп алып жатат, оңдоп берчи" дейт. Чалып сүйлөшсөң "бир кызматка кошулган, анын акысы" деп коюшат. Айылда жашы ортолоп калган адамдар кайдагы кызматтарды кошмок эле? Өздөрү "баланча кызматка кошулгула" деп чалат экен. Мага да кечээ эле чалышты, бир кызматты сунуштап, мен баш тарттым. Ал эми айылдагыларга кайдагыларды айтып коштуруп, анан күнүмдүк кызмат акысын ала беришет.

"О!" уюлдук оператору да мындай дооматтардан куру эмес. Аталган компаниядан бирдигимди жедирдим деген студент Бакыт Төрөгелди уулу окуясын күйүп-бышып айтып берди:

- Кыргызстанда бир оператордун 2 миллиондон ашык кардары бар. Алардан бир күндө бир сомдон жөн эле алып койсо, 2 миллион сом түшүп атпайбы. Мен бир жолу "О!" операторуна 100 бирдик салдым, 70 бирдигимди жөндөн жөн эле алып койду. Анан аларга чалуу да тозок, албайт, күтө тур дейт. Кечке күтсөң, айтары ар кайсы шылтоо.

Жогоруда доомат айтылган уюлдук оперторлор менен байланышканыбызда "Кагаз түрүндө кайрылгыла, биз үч күн ичинде жооп беребиз" дешти. "О!" уюлдук операторунан “Биз туура эмес каражаттарды албайбыз, эгерде абоненттер шек санаса, компаниянын адистеринен толук маалымат алса болот” деген билдирүү келди. Ал эми “Билайн” компаниясынан “Бизге арыздарды берсеңиздер, баланстан ар бир чыгышанын себебин аныктап, аны түшүндүрүп беребиз” деп жооп кайтарышты. Ал эми “Мегаком” компаниясынан жооп күтүп жатабыз.

Социалдык тармактардагы, интернет форумдардагы талкууларда ондогон адамдардын окуясы жазылган. Анда аталган операторлор көбүнчө кошумча кызматтар кошулуп калыптыр, интернет, роуминг кызматы бар экен деген шылтоолор менен ашыкча бирдик кымырарын жазышкан.

Бул операторлордун ишин көзөмөлдөөчү орган - Мамлекеттик байланыш агенттиги. Бирок жабыр тарткандар бул агенттикти жакшы билбейби же натыйжа чыгарына ишенбейби, айтор ага кайрылгандар аз эле. Маселен, жыл башынан бери 9 гана адам кайрылган. Байланыш агенттиги жарандарды мындай учурларда 0312 544 103 телефонуна кайрылууга чакырып, коомчулук активдүү болсо мыйзам бузган операторлорго чара көрүлөт деп ишендирди.

Деген менен бул тармактагы адистер уюлдук операторлордун ашыкча акча кымырып алганын аныктоо өтө кыйын экенин белгилешет. Андыктан ар бир колдонуучу уюлдук телефонундагы каражатына так болуп, дайыма көзөмөлдөп турушу керек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG