Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"Искра": Вице-спикер Зулпукаров 18 жыл мурун кыз зордуктоого катышкан


ЖК вице-спикери Төрөбай Зулпукаров
ЖК вице-спикери Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров 1997-жылы кыз зордуктоого катышканын “Искра” гезити жазып чыкты. Басылма күч органдарынан тийиштүү документтер бар экенин, Зулпукаров 1994-жылдан тарта Ички иштер министрлигинде спорттук-күжүрмөн даярдык боюнча нускоочу болуп иштеп, 1997-жылы кыз зордуктоого катышканын жазды.

Ал 1998-жылдан 2010-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

Азырынча Төрөбай Зулпукаров бул боюнча комментарий бере элек. Ал 2010-жылдагы шайлоодо парламентке депутат болуп келген. (SE)

XS
SM
MD
LG