Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Тажикстан Кыргызстанга сатчу электр энергиясынын баасын кымбаттаткысы келет


Тажикстан Кыргызстанга сатканы жаткан электр энергиясынын баасын 1,5 центке жогорулатууну сунуштаганын "Барки тожик" энергетика холдингинин өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген. Холдингдин расмий өкүлү Нозиржон Ёдгоринин айтымында, ушул айда эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин өкүлдөрүнүн эки ирет жолугушуусу өткөн. Анда тажик тарап жайкы мезгилде сатчу электр энегриясынын баасын 2 центтен 3,5 центке жогорулатууну сунуштаган. Мындай сунушка кыргыз тарап жооп бере элек.

Кыргызстан акыркы жылдары жай мезгилинде Тажикстандан электр энергиясын сатып алат. Былтыр сатып алган электрдин көлөмү 240 миллион кВт.саатка жеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG