Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Арапбаев: CASA-1000 Кыргызстан үчүн пайдалуу


Азамат Арапбаев
Азамат Арапбаев

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети Кыргызстандын CASA-1000 долбооруна кошулуу боюнча келишимди жактырды.

СASA-1000 - Түштүк Азияда электр энергияны өткөрүү жана сатуу боюнча эл аралык долбоор. Анын Кыргызстанга пайдасы канчалык? Жогорку Кеңештин Профилдик комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Бул долбоордун мааниси, пайдасы канчалык?

Азамат Арапбаев: Бул келечек үчүн маанилүү долбоор. Төрт мамлекет кошулуп, Кыргызстандан баштап Пакистанга чейин электр линияларын тартуу башталууда.

Буга чейин акыркы сатып алуучунун баасы бычылып, 9,4 центке токтолду. Ошонун 4,25 центи электрди жеткирүүдөгү жана инфраструктуралык чыгымдарга жумшалат. Калганы электр экспорттоочу өлкөгө пайда катары түшөт.

Муну ишке ашыруу үчүн Кыргызстан ичинде 450 чакырым электр орнотуу куруу керек. Чыгымы 233 млн. доллар. Анын 33 миллионун Кыргызстан кошот, калганын эл аралык каржы институттарынан 15 жылдык мөөнөт менен алып атабыз. Бул бюджетке таасирин тийгизбей, долбоорду ишке ашырып алуу максаты.

"Азаттык": Долбоорго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан 350 млн. кВт саат электр экспорттошу керек экен. Өзүбүздө энергетикалык кризис болуп жатканда муну ишке ашырууга мүмкүнбү?

Азамат Арапбаев: Биринчиден, Кыргызстан майдан сентябрга чейин өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясын берем деп келишимге кол коюп атат. Экинчиден, бул келечектин долбоору. Анткени Кыргызстандын гидроресурстары чоң. 140 млрд. кВт саат электр иштеп чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Бирок учурда анын 10% гана өндүрүп атабыз. Бул долбоор ошол гидропотенциалды толук колдонууга, анын арты менен инвестиция тартууга өбөлгө болот.

"Азаттык": Кыргызстанга жылына канча пайда алып келиши мүмкүн?

Азамат Арапбаев: Азыркы келишимге ылайык, таза пайда ар бир киловаттан 5 центтен ашык болуп атат. Ошону экспорттолгон энергияга көбөйткөндө абдан чоң акча түшөт. Мына Жогорку Нарын каскадынын долбоору, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо долбоору, Камбар-Ата-1 ишке ашканы турат. Мунун баары бизде энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылат. Ошондон ашкан энергияны сатууга мүмкүнчүлүгүбүз болот.

"Азаттык": Бул качан иштеп баштайт?

Азамат Арапбаев: Биздин парламент жана келишимдеги башка өлкөлөрдүн парламенттери ратификация кылгандан кийин ишке аша баштайт.

XS
SM
MD
LG