Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

КСДПнын беш кадам таштоо убадасы


КСДП
КСДП

17-августа КСДП курултайын өткөрүп, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Шайлоо алдында дагы бир нече партиянын курултай өткөрүүсү белгиленген.

Өткөн жумадан тарта Бишкекте парламенттик шайлоого бара турган партиялардын курултайлары өтүүдө. Ишемби күнү “Республика-Ата-Журт”, “Бир бол” жана “Ар-намыс” партиялары курултайын өткөрүп, шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Андан кийин жекшемби күнү “Ата Мекен” партиясы курултай өткөрүп, талапкерлерин аныктады.

Дүйшөмбү күнү Кыргызстан социал-демократиялык партиясы курултайын Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда өткөрдү.

Курултайдын жүрүшүндө партия күзгү парламенттик шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Ага ылайык тизмени КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жетектейт. Экинчи орунда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков турат.

КСДПнын биринчи ондугунда эски депутаттардан төртөө бар. Анын бирөөсү “Ар-намыстан” келген Дастан Бекешов. Биринчи ондукка ошондой эле президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев да кошулган.

Экинчи ондукту Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркулов баштайт. Андан сырткары Кожобек Рыспаев, Анвар Артыков жана Төрөбай Зулпукаров да тизмеге кирген.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курултайында айтылган программа жөнүндө айтсак, Чыныбай Турсунбеков негизги сөз менен чыгып сүйлөп, 2010-жылдан бери партия беш кадам таштаганын, алдыдагы беш жылда дагы беш кадам таштоосу керектигин билдирди.

Беш кадамдын биринчиси - социалдык-экономикалык багытта болорун Турсунбеков белгиледи:

- Жаңы беш жылдыкта биз дагы жаңы беш кадамды жасашыбыз керек. Ошондо биз он жылда он маанилүү кадам жасап, Кыргызстанды өзгөртөбүз, Кыргызстанды өнүктүрөбүз. Өткөн беш жылдыктын беш кадамына улай турган беш кадамдын биринчиси - ошол эле социалдык-экономикалык багытта жасала турган иштер.

Чыныбай Турсунбеков энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, жолдорду куруу, ишкерликти колдоо багытында максаттарды кошумчалады.

КСДПдан сырткары “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Азаттык” демократиялык партиясы курултайына даярдык көрүүдө. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар “Эгемен Кыргызстан” партиясынын туусунун астында шайлоого барууга кам көрүп жатканын партия лидери Бектур Асанов кабарлады. Анын айтуусунда, “Чындык”, Жашылдар” жана "Ак калпак” партиялары “Эгемен Кыргызстандын” аты менен барууну чечишти. Бул партия “КСДПсыз парламент, Атамбаевсиз бийлик” деген радикал ураан менен шайлоого бармакчы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосу боюнча, партиялар 20-августка чейин талапкерлеринин тизмесин БШКага тапшырууга тийиш. Ал эми 25-августка чейин күрөөгө 5 млн. сом чегерүүгө тийиш.

Бүгүнкү күнгө карай жети партия күрөө талап кылган суммадагы акчаны койду.

Ошентип, дүйшөмбү күнгө карай беш партиянын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. Саясат таануучу Эмил Жураев партиялар тизмеси жаштар менен толукталганын айтып, бирок жалпысынан партия талапкерлери парламентке келгенден кийин бирдиктүү позицияда калышы күмөндүү дейт:

Эмил Жураев
Эмил Жураев

- Ушул тизмелердеги адамдардын орток пикири барбы? Буга чейин саясий-коомдук маселе боюнча айтып жүргөн ойлору дал келиши бир топ күмөн саноо жаратып турат. Бирдиктүү күч катары бараткандарга шайлоочулар канчалык ишенсе болот? Шайлоодо жеңип чыгып, парламентке келгенден кийин фракцияда бирдиктүү позицияны кармана алышабы?

Юридика илимдеринин доктору, Кыргыз - орус славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы Бекбосун Бөрүбашев шайлоого бараткан партиялардын баары эле бийликте турганын, алар беш жылдан бери реформа жүргүзүүдө ийгиликке жетише албаганын жана жаңы беш жылдыкта да ага жетиши күмөндүү дейт.

Профессор Бөрүбашев "Азаттык" менен маегинде КСДП партиясынын шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрүн жана саясий келечегин талдап берди. Маекти бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:45 0:00
Түз линк

Ал эми “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун башчысы Кадыр Маликов саясий партиялардын шайлоо тизмелери кызыктуу экенин, бирок кубаныч жана ишеним туудурбай жатканын белгиледи.

Ал шайлоо өткөрүүнүн эрежеси адилетсиз болгондуктан, мурунку эле саясатчылар бийликте кала берерин кошумчалады. Маликовдун пикиринде, шайлоого бараткан партиялардын саясаты, иштөө ыкмасы мурунку бойдон кала берет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG